Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Ооган өкмөтү АКШ чечимин кубаттады


Кабул өкмөтү АКШ презденти Доналд Трамптын Ооганстан боюнча жаңы стратегиясына каршы эмес. Ал эми катардагы оогандардын айрымдары Трамптын билдирүүсү оптимизм жаратарын, башкалары америкалык аскерлерден тажашканын айтышат. НАТОнун Баш катчысы болсо региондогу башка өлкөлөрдү да согуш тынбай жаткан Ооганстандагы тынчык процессин колдоого чакырды.

21-августта АКШ президенти Дональд Трамп Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын жарыялаган. Трамп шайлоо өнөктүгү маалында Кошмо Штаттардын тарыхындагы эң узак согушка чекит коюуга убада берген. Бирок “реалдуу шарттарды” изилдеп чыккандан кийин башкача чечимге келгенин айтты. Ошентип америкалык аскерлер Ооганстанда дагы бир нече жылга калмай болушту.

Ооган лидери Ашраф Гани терроризмге каршы күрөштө көргөзүлүп жаткан колдоо үчүн Трампка, жалпы Америка элине ыраазычылыгын айтты.

“АКШ-Ооганстан өнөктөштүгү мурда болуп көрбөгөндөй бекем”, - деди Гани. Трамптын билдирүүсүн Ооганстандын аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла да кубаттады:

- Жарыяланган жаңы саясат жана аны ишке ашыруу кырдаалды Ооганстандын улуттук коопсуздугуна жооп бергендей кылып өзгөртөт деп ишенем.

Ал эми катардагы оогандардын айрымдары Трамптын билдирүүсү оптимизм жаратарын, башкалары америкалык аскерлерден тажашканын айтышат:

- Американын жаңы стратегиясына илгери үмүт менен карайбыз жана иш жүзүндө чара көрүп, оогандарга колдоо көргөзөт деп күтөбүз. Биздин аскерлерди жабдуулар менен камсыздап, аба күчтөрүн калыптандырса жакшы болмок, - дейт Зия Уль Хак.

Жавид Ахмад болсо тескери ойдо:

- Америкалыктар Ооганстанга тынчтык жана стабилдүүлүк алып келе албайт. Оогандар согуштан, жаңжалдан чарчады, америкалыктарды каалашпайт. Америкалыктардын биздин жергебизде мындан ары кереги жок.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг жаңы стратегияда Ооганстандагы жана региондогу шарттар эске алынганы кубандырат деди. “Ооганстандын террористтер баш пааналаган жайга айланышына мындан ары эч качан жол бербөөнү максат кылабыз, - деп айтылат Столтенбергдин билдирүүсүндө.

НАТОнун Ооганстандагы жарандык өкүлүнүн маалымат катчысы Марион Обри “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун ооган редакциясына курган маегинде кырдаалды жөнгө салууга региондогу бардык өлкөлөр көмөктөшүүгө тийиш деди:

- НАТО туруктуу тынчтык орнотууга жана кырдаалды жөнгө салуу боюнча саясий жараянга бардык оогандар катышууга тийиш деп эсептейт. Ошол эле маалда региондогу калган мамлекеттерди экстремист топторго башпаана бербөөгө, ооган өкмөтү баштаган жарашуу процессин колдоого жана Ооганстандагы коопсуздукту камсыздоого салым кошууга чакырабыз.

Ооган күчтөрү
Ооган күчтөрү

2010-2011-жылдары АКШ баштаган күчтөрдүн ооган жергесиндеги аскерлеринин саны 100 миңдей болсо, ушу тапта Кошмо Штаттардын 8 миң 400 жоокери калган. Андан тышкары НАТОнун башка өлкөлөрүнөн 5 миңге жакын аскер кызмат өтөөдө.

Европалык шериктер бир нече убакыттан бери кошумча контингент жөнөтүшөрүн айтып келет. Азыркы миссия ооган армиясын машыктыруу жана кеңеш берүү иштери менен алектенишет.

Өз билдирүүсүндө Трамп Вашингтон Талибан жана башка экстремисттик топторго баш калка берген Пакистандын аракеттерине мындан ары чыдабайт деп айткан. Исламабад АКШ менен Ооганстандын мындай дооматтарын четке кагууда.

АКШ президенти Исламабаддын тарыхый атаандашы Дели менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрөрүн да айткан. Ооганстандагы долбоорлорго миллиарддаган доллар сарптаган Индиянын Тышкы иштер министрлиги Трамптын билдирүүсүн кубаттады.

Ал эми Кытайдын тышкы мекемесинин өкүлү Бээжиндин салттуу шериги Исламабадды коргоп, Пакистан терроризмге каршы “олуттуу салым” кошуп жатканын белгиледи.

Кошмо Штаттар Ооганстанга 11-сентябрь теракттарынан кийин, 2001-жылдын октябрында НАТОнун жамааттык коргонуу жөнүндөгү беренесине таянып кирип барган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG