Ооганстан стратегиясы боюнча сунуштар соңку ирет президент Дональд Трамп 18-августта вице-президент Майк Пенс, мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон, коргоо министри Жим Мэттис жана админстрациянын коопсуздук саясатына жоопкер башка өкүлдөрү менен өткөргөн атайын жыйында талкууланды.
Мэттис акыркы жыйын учурунда жүргөн талкууларды "кылдат" деп мүнөздөп, президент Трамп аскерий лидерлер менен жаңы стратегияны макулдашканын ырастады.
Кэмп Дэвид резиденциясындагы кеңешменин соңунан Трамп өзү Twitter баракчасына “көп чечимдер кабыл алынды, анын ичинде Ооганстан боюнча да" деп билдирген.
АКШ президенти эми жаңы стратегияны бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат тогузда Вашингтондун жанындагы аскерий базадан теле аркылуу берилүүчү сөзүндө жарыялаганы жатат.
Трамп 11-август күнү Ооганстан боюнча күтүлүп жаткан стратегиянын мааниси тууралуу кабарчыларга мындай деген эле:
- Биз абдан жакындап калдык, бул мен үчүн абдан чоң чечим болот. Силер жазгандай, бул 17 жылга созулуп, биздин эң узак согуш болду. Чечим жакын арада кабыл алынат.
Америкалык медиада буга чейин айтылгандай, АКШ администрациясында Ооганстанда мындан ары эмне кылуу, кандайча аракеттенүү керектиги боюнча ажырым болду.
Эки ай мурда Конгрессте сүйлөгөн учурунда “Ооганстанда азыр биз утуп жаткан жокпуз” деген коргоо министри Жим Мэттис, Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Герберт МакМастер аскерлердин санын азыркыдан бир азга, 3000ден 5000ге чейин көбөйтүүнү колдошкон.
Бирок Ак үйдө “антиглобалисттер” деп атыккан топ аскерлердин чыгарылуусун жактайт.
Мындан ары контртеррордук гана операцияларга басым жасаган жаңы стратегияны жактырып, аскерлер санын азыркы абалда сактоо, атүгүл кыскартуу сунуштары да киргизилген.
2010-2011-жылдары АКШнын Ооганстандагы аскерлеринин саны 100 миңге чейин жеткен эле.
Ал эми 2014-жылы НАТО күчтөрүнүн басымдуу бөлүгү чыгарылган соң азыркы 8400дөй америкалык аскер калган.
Мындан сырткары АКШнын атайын күчтөрүнүн “Талибанга” жана “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүүгө багытталган 2000дей аскери да бар.
Буга кошумча азыр Ооганстанда НАТОнун башка өлкөлөрүнөн да 5000дей жоокер турат.
Расмий өкүлдөр буга чейин ачыктагандай, Ооганстан боюнча мындан аркы чечимдерди "Талибан" согушкерлерине башпаанек берип, экстремист лидерлерди камай албай жаткан Пакистанга карата АКШ эми катаалыраак турумду карманышы керекпи же жокпу деген маселе да татаалдантып келди. Бул жаатта Пакистанга басым жасалышын расмий Кабул да жактайт.
- Бул Ооганстан ичинде согуштун террорчуларды жок кылган, ошол эле учурда тынчтык үчүн эшикти ачык калтырган стратегия болушу абзел. Ал ошондой эле Пакистанга террорчуларды колдоону, башка чалгын кызматтарына террорчуларды ар кандай жолдор менен көмөктөшүүнү токтотуусу үчүн кысым көргөзүүсү керек. Эгер мындай болбосо Кошмо Штаттар Ооганстанга гана көңүл бурган стратегияга барып, ал согушту аягына чыгара албайт, - деген эле 11-август күнү “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун ооган кызматы менен маегинде Ооганстандын Коргоо министрлгинин өкүлү, генерал Давлат Вазири.
Ооган бийликтеринин “Талибан” Пакистандын аскерий жана чалгын мекемелериндеги топтордон колдоо алып жатат деген көз-караштарына АКШ расмийлери да кошулат. Исламабад болсо мындай ырастоолорду төгүндөйт.
АКШнын аскерий жана чалгын расмийлеринин эсебинде, Ооганстандан аскерлер чыгарылса же саны кыскартылса, "Талибан" азыркы тиреште жеңишке жетишип, “Ал-Каида” же “Ислам мамлекети” тобу Ооганстан аймагын кайрадан Кошмо Штаттарга жана анын өнөктөштөрүнө каршы кол салуу үчүн колдоно аларын да жокко чыгарууга болбойт.
Азыр администрациянын дарегине Ооганстандагы ролду күчөтүү боюнча чакырыктар соңку кездери Конгресстен да айтылып жатты.
“Талибан” кыймылы болсо өз тарабынан президент Дональд Трампка “ачык кат” жолдоп, Кошмо Штаттарды аскерлеринин санын көбөйткөндүн ордуна Ооганстандан чыгып кетүүгө үндөгөн.
“Буга чейинки тажрыйба Ооганстанга аскер жөнөтүүнү көбөйтө берүү Американын аскерий жана экономикалык кубаты мындан ары да бузулушунан башка жыйынтык бербей турганын көргөзгөн”,- деп айтылат англис тилинде жазылып, 15-августта журналисттерге таратылган катта.
АКШ быйыл жыл башында өзү даярдаган баяндамада "Талибан" Ооганстандын 40% аймагын көзөмөлдөп же көзөмөлдөөнү талашып жатканы көргөзүлгөн.
Соңку кездери ооган коопсуздук күчтөрү өлкө аймагында “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлеринин туруму чыңдалып бара жатканына да күбө болууда.