Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:03

Ооганстанда ИМ тобунун кол башчылары жок кылынды


Ооганстандагы АКШ жоокерлери.
Ооганстандагы АКШ жоокерлери.

Ооганстанда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун эмири Абдул Рахман жок кылынды.

Кошмо Штаттар тараткан билдирүүдө Ооганстандагы америкалык күчтөрдүн аба соккусунан “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жергиликтүү лидери жана бир нече командирлери жок кылынганы айтылат.

10-августтагы авиаоперацияда өзүн “Ислам мамлекетинин” Кунар провинциясындагы эмири атап алган Абдул Рахман өлтүрүлгөнү Кабул тараткан маалыматтан белгилүү болду.

Америкалык авиациянын соккусунан ушул эле топтун дагы үч командири Кунар провинциясынын чыгышындагы Печ өрөөнүндө жок кылынганын АКШнын аскерий жетекчилиги маалымдайт.

Ооганстандагы жогорку даражалуу америкалык генерал Жон Николсон “Абдул Рахмандын өлтүрүлүшү “Ислам мамлекети” террордук тобунун жетекчилигин дагы алсыратты” деп белгиледи.

Расмий билдирүүдө Рахман “Ислам мамлекетине” кол башчылыкка каралып жаткан талапкер болгону дагы айтылат. Экстремисттик топтун ага чейинки лидери Абу Сайид өткөн айдагы америкалыктардын аба соккусунда жок болгон. Ушуну менен 2016-жылдын июлунан бери куралдуу топтун үчүнчү кол башчысы жок кылынды.

«Ал өзүнө чейинкилердей эле Ооганстанда эми коопсуз башкалка жоктугун билген. Алар ооган элине жана аймакка тынчтык бермейинче артынан түшкөнүбүз түшкөн” деп кошумчалады Николсон. Америкалык генерал 2017-жылдын этегине чейин Ооганстанды жоочулардан тазалоого жетишүүгө убада берген.

Ооган армиясынын жоокерлери.
Ооган армиясынын жоокерлери.

Буга чейин Кошмо Штаттар башында турган эл аралык коалициянын маалымат катчысы, полковник Райан Диллон ​“Ислам мамлекетинин” кол башчылыгы баштагыдай деңгээлде эмес. Бул террористтерге мурдагыдай азгырылып келип кошулабыз дегендер да азайды. Баштагыдай ресурсу дагы болбой калды" - деп сыпаттайт. Эл аралык коалициянын өкүлү "​Ислам мамлекети" толук жеңилмейинче коалициянын жана анын өнөктөштүрүнүн басымы улана берерин" айткан.

Ишемби күнү ооган бийликтери Нангархар провинциясындагы атайын операция маалында 16 карапайым тургундун, анын ичинде аялдар менен балдардын өмүрү кыйылганын айткан.

Америкалык аскер күчтөрү болсо жергиликтүү бийликтин маалыматын четке кагып, куралдуу согушкерлер гана бутага алынганын баса белгиледи.

Ооганстан.
Ооганстан.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында америкалык аскерий жетекчилик Ооганстанда атайын операцияда 10 тонналык бомбаны жардырган. Эң кубаттуу курал Пакистан менен чек арага жакын, өлкөнүн чыгышындагы Нангархар провинциясындагы жихадчылардын чыңдалган базасына ташталган. Бул акцияны Пентагон Ооганстанда баш калкалаган “Ислам мамлекети” тобунун негизги позицияларына жасалган эффективдүү сокку деп сыпаттаган.

Эки ай мурун НАТОнун коргоо министрлери Ооганстанга кошумча аскер жөнөтүүнү макулдашып, бирок так саны айтылган эмес.

2011-жылы АКШ баштаган коалициянын контингенти 130 миң аскерден турса, 2014-жылдын этегинде эл аралык күчтөрдүн басымдуу бөлүгү ооган жергесинен алынып чыккан. Ушу тапта ооган жергесинде жергиликтүү армияны машыктыруу жана колдоо миссиясын аткарган 13,5 миңдей жоокер гана калган, алардын жарымы америкалыктар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG