Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:21

Борбор Азия чөлкөмү орус-америка алакасынын барымтасында кала берүүдө. Мындай пикирин Вашингтондогу Карнеги институтунун Евразия жана Орусия боюнча аналитиги Пол Стронски жаңы макаласында билдирди.

“Бүдөмүк жагдайдын уланышы: Борбор Азия жана Трамп администрациясы” аттуу аналитикалык макалада аталган регион АКШнын жаңы администрациясынын көз жаздымында калганы айтылат. Америка менен Борбор Азиянын алакасы тууралуу Пол Стронски “Азаттыкка” маек курду.

"Азаттык": Сиз соңку макалаңызда президент Дональд Трамптын администрациясы Борбор Азия боюнча саясатын аныктоого көп аракет жумшабаганын, ал түгүл кечигип жатканын белгиледиңиз. Сиздин оюңузча, ушул мезгилге чейин кандай иштер жасалышы керек эле?

Пол Стронски: Мурдагы президенттер Барак Обама менен Жорж Бушту карасак, алар Борбор Азия темасына кеминде алты айдан кийин кайрылышкан. Андыктан Трамптын администрациясы түздөн түз Борбор Азия саясатын аныктоодо өтө артта калып жатат деп ойлобойм. Бирок алар жалпысынан кечигип жатышат. Алар жалпы эле тышкы саясатка анчалык көңүл бурушкан жок. Саясатты карап, талдап чыгуучу адамдарды да аныкташа элек. Андыктан Борбор Азия - АКШнын жаңы администрациясы так саясатын белгилей элек дүйнөдөгү көп аймактардын бири болуп турат.

Бул чөлкөмгө багытталган саясат башка аймактардан да кеч иштелип чыгышы мүмкүн. Себеби бул чөлкөм АКШ менен чектешпейт, географиялык жактан өтө алыста жайгашкан, экономикалык байланыштар да чектелген. Тышкы саясатты аныктоодо Борбор Азия артыкчылыктуу тизмеде эмес. Президент биринчи кезекте АКШ, Иран, НАТО саясатына, учурда өзгөчө Түндүк Корея саясатына көңүл буруп жатат.​

Тажик президенти Эмомали Рахмон АКШ президенти менен Сауд Арабиясында ушул жылдын 21-майында жолуккан.
Тажик президенти Эмомали Рахмон АКШ президенти менен Сауд Арабиясында ушул жылдын 21-майында жолуккан.

"Азаттык": Сиз АКШ Борбор Азия саясатын так аныкташы керек деген ойдосузбу?

Пол Стронски: Албетте, бул жакшы болмок. Мындай аныктык Борбор Азиядагы өлкөлөр үчүн деле пайдалуу болмок. Менимче, президент Трамп АКШнын саясатын, тышкы саясатын өзгөртөбүз дегенине карабастан, Американын Борбор Азия саясатында эч өзгөрүү жок. Ар бир президент тышкы саясатты өзгөртөбүз деп келет. Бирок иш жүзүндө Американын Борбор Азия саясаты президент Билл Клинтондун тушунан бери олуттуу даражада өзгөрө элек.

АКШда туура мамлекеттик башкаруу, мыйзамдын үстөмдүгү, адам укуктары туруктуулукту камсыз кылат деген ишеним бар. Бул маселелер буга чейин администрацияларда алдыңкы планда болуп келген. Трамптын администрациясы деле азырынча муну өзгөрткөнү байкалбайт.

"Азаттык": Сиз айткандай, президент Барак Обаманын тушунда деле АКШнын Борбор Азия саясатында олуттуу бир өзгөрүүлөр болгон эмес. Сиздин пикирди угуп отуруп бир суроо жаралат. Деги эле АКШнын Борбор Азияда кандайдыр бир кызыкчылыгы барбы?

Пол Стронски: Менимче, АКШнын Борбор Азияда кызыкчылыгы бар. Чөлкөмдөгү жана Орусиядагы айрым адамдар Америка бул чөлкөмгө өтө артыкчылык берет деп ойлошот. Бирок иш жүзүндө АКШ көбүрөөк бул региондогу туруктуулукка кызыкдар деп ойлойм. Себеби түштүк тараптагы Ооганстан менен Пакистанда коопсуздук маселеси курч.

Мындан тышкары АКШ чөлкөмдөгү өлкөлөр көз карандысыз болгонуна кызыкдар. Америка Орусиянын кийлигишүүсүнө тынчсызданат. Ал саясий кийлигишүүбү же Украинада болгондой андан оор кийлигишүүбү, айтор, Америка буга кабатырланат деп ойлойм. Чөлкөмдөгү беш өлкө тышкы саясатын өзү аныктап, Кытайбы, АКШбы же Индиябы, айтор түрдүү өлкөлөр менен кызматташуусун каалашы мүмкүн. Ошентсе да АКШ бул чөлкөмдө үстөмдүк кылууну көздөйт деп ойлобойм. Бул өтө алыс аймак. Бул чөлкөм Америкага түздөн түз коркунуч жаратпайт.

Кыргыз-АКШ лидерлери акыркы жолу 2011-жылы март айында Вашингтондо жолуккан. Эки өлкөнүн ошол учурдагы президенттери Роза Отунбаева жана Барак Обама.
Кыргыз-АКШ лидерлери акыркы жолу 2011-жылы март айында Вашингтондо жолуккан. Эки өлкөнүн ошол учурдагы президенттери Роза Отунбаева жана Барак Обама.

"Азаттык": Кырдаалга Борбор Азиянын көзү менен карап көрсөк. Бул чөлкөм көбүрөөк Орусияга ыктап турганы белгилүү. Кыргызстанды алсак, ал бир канча жыл мурда АКШнын Бишкектеги базасын жапкан. АКШ менен кызматташтык келишими да жокко чыкты. Бул өңдүү жагдайлар Борбор Азия өлкөлөрү, алардын лидерлери АКШ менен кызматташууга өтө деле кызыкдар эместигин көрсөтпөйбү?

Пол Стронски: Менимче, кызыкдар. Менин көз карашым боюнча Борбор Азиядагы бир катар өлкөлөр АКШ менен мамилени толук үзүп салууну деле каалашпайт. НАТО күчтөрү Ооганстандан кетип, АКШнын Кыргызстандагы базасы жабылгандан кийин Америка коопсуздук жаатында мурдагыдай чоң роль ойнобой калды. Борбор Азия чөлкөмү Орусия менен Кытайдын атаандаша турган аймагына айланды. Бирок бул чөлкөмдөгү өлкөлөр АКШ Борбор Азия менен карым-катнашта болуп турушун кааласа керек.

Өзгөчө Трамптын администрациясы өлкөнүн ичине көбүрөөк көңүл бурарын, глобалдык жоопкерчиликти колго алууга анчейин кызыкдар эместигин эске алганда, Борбор Азиянын кызматташам деген өкмөттөрү АКШга бул чөлкөм эмне үчүн маанилүү экенин көрсөтө алгыдай да болушу керек.

"Азаттык": Обаманын администрациясы Борбор Азия багытында кеминде эки долбоорду баштаган эле. Биринчиси “Жаңы Жибек жолу стратегиясы”, экинчиси Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жана АКШнын мамлекеттик катчысынан турган “C5+1” форматындагы сүйлөшүүлөр. Эмне үчүн бул долбоордон көзгө көрүнөөрлүк натыйжа чыккан жок?

Пол Стронски: “Жаңы Жибек жолу стратегиясы” абдан жакшы аракет болгон. Бирок бул долбоордун экономикалык булагы дээрлик жок болчу. Америкада идея бар эле, бирок ага акча салган эмес. Бул долбоор Ооганстан жана Пакистан аркылуу өтүп, Борбор Азияны Түштүк Азия менен байланыштырууну көздөгөн. Бирок Ооганстан менен Пакистанда туруктуулук маселеси курч тургандыктан Борбор Азиянын өкмөттөрү да бул долбоорго өтө киришкиси келген жок.

Самарканд шаарында өткөн C5+1 форматындагы сүйлөшүүлөр, 2015-жылдын ноябрь айы.
Самарканд шаарында өткөн C5+1 форматындагы сүйлөшүүлөр, 2015-жылдын ноябрь айы.

“C5+1” форматындагы сүйлөшүүлөрдө болсо эки себеп бар. Биринчиден, бул долбоор Обама администрациясынын мөөнөтү аяктап баратканда башталган. Убакыт чектелген учурда жыйынтыкка жетүү өтө кыйын. Экинчиден, бул долбоор көбүрөөк мурдагы администрациянын, мурдагы мамлекеттик катчы Жон Керринин долбоору катары каралып калды. Ал эми АКШдагы жаңы президенттик администрация мурдагыларынын саясатын улантууга кызыкдар эместигин көрүнүп турат. “C5+1” форматын улантууга учурдагы мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсондун дилгирлиги деле байкалбайт.

Эгер Обаманын администрациясы бул форматтагы сүйлөшүүлөрдү бир канча жыл мурда калыпка салып койгон болсо, балким кандайдыр бир жыйынтыктар көрүнмөк. Ошондой эле шайлоодон кийин башка администрация келгенде, балким Хиллари Клинтондун администрациясы бул долбоорду улантмак.

Андыктан азырынча жогорку расмийлердин деңгээлинде кызыгуу байкалбайт. Бирок бул өзгөрүшү мүмкүн. Азырынча Трамптын администрациясы Мамлекеттик катчылыкта жооптуу кызматкерлерди дайындоодо бир топ артта калып жатат.

"Азаттык": Дональд Трамп президент болуп шайланганда Борбор Азияда Вашингтон-Москва тиреши басаңдайт, анын чөлкөмгө оң таасири тиет деген пикирлер болгон. Бирок сиз соңку макалаңызда Борбор Азия дале болсо АКШ-Орусия алакасынын туткунунда кала берет деп белгиледиңиз. Мындай жагдайда келечекте АКШ менен Борбор Азия чөлкөмүнүн ортосунда кандай кызматташтыкты күтсө болот?

Пол Стронски: Борбор Азия лидерлеринин Трамптын администрациясы Орусия менен жакшы мамиледе болот деген үмүттөрү акталбай калгандай. АКШдагы узак мөөнөттүк кызыкчылык Орусиянын кызыкчылыгынан айырмаланып турат. Москванын АКШнын шайлоосундагы ыктымал ролу Трамп администрациясы үчүн Орусия менен мамиле курууну кыйындатып койду.

Ошентсе да келечекте коопсуздук жаатында жардам берүү улана берет деп ойлойм. Себеби бул администрация экстремисттердин коркунучу тууралуу көп сөз кылып келет. Трамптын администрациясы буга чейинки администрациялардай туура мамлекеттик башкаруу же адам укугу маселелерин анчейин алга сүрөбөйт. Ошентсе да ачык коом, сот системасынын адилеттиги сыяктуу маселелер АКШнын мекемелеринде бекем калыптанган. Андыктан бул жаатта мурдагы администрация учурундагыдай болбосо да кызматташтык улана берет деп ойлойм.

Орус президенти Владимир Путин жана АКШ президенти Дональд Трамп, Гамбург шаары, 7-июль 2017-жыл.
Орус президенти Владимир Путин жана АКШ президенти Дональд Трамп, Гамбург шаары, 7-июль 2017-жыл.

Менимче, АКШ Өзбекстандагы өзгөрүүлөргө жакындан көз салып турат. Эгер өзбек жетекчилери мурдагыдан ачыктыкты көрсөтсө, мурдагы бийликке караганда куугунтукту азайтса, АКШнын көбүрөөк көңүлү бурулушу мүмкүн.

Ушундай эле жагдай Кыргызстандагы президенттик шайлоого байланыштуу. Мамиле жаңы өкмөттүн АКШ менен алаканы жакшыртуу ниетине жараша болот.

АКШнын Борбор Азиядагы экономикалык кызыкчылыктарынын көбү Казакстанга тиешелүү. Андыктан бул өлкө Американын көңүлүн өзүнө бурууну уланта берет.

"Азаттык": АКШ ооган өкмөтүнө жардам иретинде Ооганстандагы аскерлеринин санын көбөйтүүнү караштырып жатат. Эгер Америка аскер күчтөрүнүн санын көбөйтүүнү чечсе, бул жагдай Борбор Азия саясатын кандай өзгөртүшү мүмкүн?

Пол Стронски: АКШ менен НАТО 2014-жылы Ооганстандан чыга баштагандан бери Борбор Азия Америкага мурдагыдай маанилүү болбой калды. Кошмо Штаттардын кызыкчылыгы да азайды. Кыргыз өкмөтү деле Бишкектеги база жабылгандан кийин муну түшүндү.

Албетте, АКШнын чөлкөмдөгү аскердик күчтөрү көбөйсө, Борбор Азияга да көңүл бурулбай койбойт. Борбор Азияда мурдагыдай Америка күчтөрү же базасы болот деп ойлобойм. Буга АКШ да, региондун өзү дагы кызыкдар эмес.

Бирок эгер бул чөлкөмдө экстремизм күчөп кете турган болсо, ал АКШга коркунуч жарата турган болсо, анда бул регионго көңүл бурулат.

Учурда АКШ көбүрөөк Ооганстандагы туруксуз кырдаалга кабатыр болуп турат. Мен билгенден, президент Коргоо министрлигине аскерлердин санын көбөйтүүгө уруксат берди. Азырынча кырдаал кандай өзгөрөрү тууралуу акыркы анализдерди биле элекпиз. Ооганстанда “Ислам мамлекети” радикал тобу күч алганы тууралуу да маалыматтар бар. Эгер АКШ бул өлкөдөгү аракеттерин күчөтсө, анда албетте Борбор Азияга да көбүрөөк көңүл бурулат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG