Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:23

Атамбаев АКШнын базасы өлкөдөн чыгарылганы туура болгонун айтты


"Манастагы" АКШнын транзиттик борбору боюнча келишим 2014-жылы аяктаган. 2-июнь, 2014-жыл
"Манастагы" АКШнын транзиттик борбору боюнча келишим 2014-жылы аяктаган. 2-июнь, 2014-жыл

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Чолпон-Атадагы 24-июлдагы басма сөз жыйынында журналисттердин кыргыз-америка алакасы тууралуу суроолоруна жооп берди. Өз сөзүндө АКШнын Мамлекеттик департаментинин Кыргызстан боюнча жүргүзгөн саясатын сынга алып, 2014-жылы Американын базасы чыгарылган кездеги окуяларды эске салды:

- Эгер Кыргызстандан америкалык базаларды чыгарганыбыз тууралуу айтып жатсаңыз, биз башыбызга чай кайнаттырбайбыз, мындайча айтканда. Бизди экинчи сорттогу эл катары эсептөөгө жол бербейбиз. АКШнын Мамлекеттик департаментинин, өзгөчө демократтардын бийлиги учурундагы Кыргызстан боюнча саясатына көңүлүм жылыбайт.

Мен бир мисал келтирейин, баары бир ал бир күнү ачыкка чыгат. 2010-жылы биз америкалык базаны чыгарганбыз. Анткени, макулдашуу аяктаган. "Манас" жарандык аэропорт да. Мага айрым мамлекеттер, эгер керек болсо, биз америкалык учактарга каршы ракета учурабыз деп ачык эле айтышкан. Силер билесиңер, алардын ошол эле Иран менен пикир келишпестиги күч болчу.

Ушундан көп өтпөй маркум өзбек президенти Ислам Абдуганиевич Каримов Борбор Азияда суу үчүн согуш чыгышы мүмкүн деп жарыялаган. Эсиңердеби, 2014-жылы. Жыл аягына чейин, үч ай аралыгында америкалыктар Каримовдун режимине 328 брондолгон машинелерди берди. Анын ар бири миллион долларга чукулдайт. Мына, демократиянын баасы.

Мына, АКШ Мамлекеттик департаментинин демократия жөнүндөгү сөздөрүнүн наркы. Иш жүзүндө эскертишти. Кийин алардан сурадым, эгер демократияны колдой турган болсоңор, 328 брондолгон машинени эмнеге бизге берген жоксуңар? деп. Авторитардык башкаруучу, диктатор деп атап жатышкандар алда канча мыкты. Айттыбы, ал сөзүн аткарышат. Демократия жөнүндө жар салып, бирок башка нерсени кылбайт. Бир тууган эки элди касташтырууну көздөбөйт. Кыргыз-өзбек бир тууган эл. Биздин өзбек эли менен жалпы мамлекетибиз, Кокон хандыгы болгон.

“Манас” эл аралык аэропортундагы АКШнын аскердик базасы 2001-жылы декабрда ачылган. Ошол жылы 11-сентябрда АКШда болгон ири теракттан кийин террорчулукка каршы биргелешкен эл аралык күрөштө расмий Бишкек транзиттик авиабазаны жайгаштырууга уруксат берген. Ижара акыга Кыргызстан жылына 65 миллион доллар алып турган.

2009-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда жаңы келишим түзүлүп, мурдагы "Манас" аба базасынын аталышы жөн гана Өткөөл (Транзиттик) борбор болуп өзгөртүлгөн. Келишим боюнча борбордун иштөө мөөнөтү 2014-жылдын 10-июлунда аяктап, америкалык база өлкөдөн чыгарылган. Кыргызстан бийлиги бул келишимди узартуудан баш тарткан. Бул чечим Кыргызстанга олчойгон инвестиция сунуштаган Орусия бийлигинин көмүскө шыбыштоосу менен болгондугу тууралуу пикирлерди расмий Бишкек четке каккан. (NT)

XS
SM
MD
LG