Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:48

АКШ: Трамптын жаңы ооган стратегиясы


Президент Дональд Трамп Форт-Майер базасында, 21-август 2017-жыл.
Президент Дональд Трамп Форт-Майер базасында, 21-август 2017-жыл.

Президент Трамп Ооганстан жана Түштүк Азия боюнча көптөн күтүлгөн стратегиясын жарыялап, аймактагы аскерий операциялардын мөөнөтү кырдаалга жараша аныкталаарын билдирди.

Жаңы стратегиянын жаңылыгы

Шайлоо өнөктүгү маалында Американын эң узакка созулган согушун токтотууну убада кылган президент Дональд Трамп Ооганстан жана Түштүк Азия боюнча жаңы стратегиясын дүйшөмбүнүн кечинде Виржиния штатындагы Форт-Майер базасында жарыялады.

Ал башында Ооганстандан аскерлерди чыгарып кетүүнү көздөгөнүн, бирок маселени изилдеп чыккандан кийин башкача тыянакка келгенин айтты.

АКШ президенти талиптер менен кармашып жаткан Ооганстанга кошумча канча аскер жөнөтөөрүн айтат деген жоромолдор болгон. Бирок президент Трамп ооган жергесиндеги жана Түштүк Азия аймагындагы аскердик аракеттерге катыша турган америкалык күчтөрдүн саны жөнүндө сөз кылбай турганын, ал түгүл аскердик операциялардын мөөнөтү чектелбестигин айтты:

- Мөөнөткө негизделген мамиледен кырдаалга негизделген мамилеге өтүү биздин жаңы стратегиябыздын башкы таянычы. Аскердик аракеттерди баштоонун жана бүтүрүүнүн мөөнөтүн алдын ала айтуу - АКШ үчүн тескери натыйжа берерин буга чейин бир нече жолу айткам. Биз аскерлердин саны же алдыдагы аскердик аракеттердин планы жөнүндө сөз кылбайбыз. Мындан ары жадыбал эмес, сөз болуп жаткан жердеги кырдаал биздин стратегияга багыт берет. Американын душмандары биздин пландарыбызды эч качан билбеши керек, биз чыгып кеткиче күтүп турабыз деп ишенбеши керек. Биз качан чабуул коерубузду айтпайм, бирок биз чабуул коебуз.

Президент Трамп Форт-Майер базасындагы аскерлер менен.
Президент Трамп Форт-Майер базасындагы аскерлер менен.

Трамп Пакистанга сөөмөй кезеди

АКШ жана НАТО күчтөрү 2001-жылдын 11-сентябрындагы Нью-Йорктогу террордук чабуулдан кийин Ооганстанга кирген. Буга ошол учурда Ооганстандын башында турган талиптердин өкмөтү "Ал-Каида" баштаган террорчул топторго баш калка берди деген жүйө негиз болгон. Бир нече жылга созулган кармаштан кийин талиптер бийликтен кол жууп, 2014-жылы Америка жана НАТО күчтөрүнүн басымдуу бөлүгү Ооганстандан чыгып кеткен. Ооган жергесинде калган 8400 америкалык аскер жана НАТОнун 5000дей жоокери көбүнесе ооган армиясына кеңеш берүү жана машыктыруу милдетин өзүнө алган.

Бирок соңку эки жылда талиптер ооган өкмөтүнө каршы чабуулдарын күчөтүп, өлкөнүн дээрлик 40 пайызын өз көзөмөлүнө алды. Мындан улам ооган өкмөтү жана АКШ генералдары Ооганстанга кошумча күч жөнөтүү зарылчылыгын айтышкан.

Президент Дональд Трамп жаңы стратегиясын жарыялап жатып, Ооганстандан аскерлерди чыгарып кетүү террордук уюмдардын кайра кайтышына өбөлгө түзөөрүн, Ирактагы катачылыкты кайталабоо зарылдыгын белгиледи. Ал ошондой Пакистанды экстремисттерди калкалады деп кескин сындады:

- Биз мындан ары чөлкөмгө жана анын чегинен тышкаркы аймакка коркунуч жараткан террорчул уюмдарга, талиптерге жана башка топторго Пакистандын бейиштей шарт түзүп беришине унчукпай кое албайбыз. Пакистан биздин Ооганстандагы аракетибизге өнөктөш болуу менен көп нерсе табат. Кылмышкерлер менен террорчуларды калкалай берсе, көп нерсе жоготот.

БУУнун маалыматы боюнча, быйыл жарым жылда Ооганстанда 1662 жөн-жай тургун кол салуулардан мерт кеткен.
БУУнун маалыматы боюнча, быйыл жарым жылда Ооганстанда 1662 жөн-жай тургун кол салуулардан мерт кеткен.

Жаңы планды ким, кандай кабыл алды?

Дональд Трамптын жаңы стратегиясын айрымдар колдосо, кайсы бири так эмес деп сынга алышты.

Түндүк-атлантикалык аскердик альянстын (НАТО) баш катчысы Йенс Столтенберг президент Трамптын кырдаалга жараша иш кылуу планын колдоп, өнөктөш өлкөлөр Ооганстандагы террорчулуктун тамырын кыркууга кызыкдар экенин айтты.

Американын душмандары биздин пландарыбызды эч качан билбеши керек, биз чыгып кеткиче күтүп турабыз деп ишенбеши керек. Биз качан чабуул коерубузду айтпайм, бирок биз чабуул коёбуз...

Ооган президент Ашраф Гани жаңы стратегияны өзгөчө кубаттап, америка-ооган кызматташтыгы мурдагыдан да бекем деп билдирди. Трамптын билдирүүсүнөн кийин АКШнын коргоо министри Жим Мэттис АКШ жана башка өлкөлөр Ооганстанга кошумча күч жөнөтөөрүн кабарлады.

Талиптердин өкүлү Забиулла Мужахид АКШнын жаңы планын "эски" жана "бүдөмүк" деп мүнөздөп, Америкадан Ооганстандагы күчтөрүн чыгарып кетүүнү талап кылды.

Пакистандык эксперт Мухаммад Таки Дональд Трамп буга чейинки президенттерден айырмаланып Пакистандын ролун дагы аныгыраак белгилегенин "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдирди. Пакистан өкмөтү болсо баштан бери мындай айыптарды негизсиз деп четке кагып келет.

Ооган күчтөрү
Ооган күчтөрү

Түштүк Азия боюнча эксперт Ахмат Майидяр АКШнын жаңы стратегиясында белгилүү бир мөөнөттүн чектелбегенине көңүлүн бурду. Анын айтымында, мындай стратегия менен АКШ ооган коопсуздук күчтөрүн машыктырууну уланта берет, ошол эле учурда Ооганстан менен Пакистандагы Америкага коркунуч жараткан террорчул топторду түз бутага ала алат.

Президент Трамп январь айында кызматка киришкенден кийин Ооганстан боюнча стратегия каралып чыгаарын айткан. Ал дүйшөмбүдөгү кайрылуусунда келечекте талиптер менен тынчтык келишими түзүлүшү мүмкүндүгүн да четке каккан жок.

Ошол эле учурда АКШнын ооган өкмөтүнө көрсөткөн колдоосу чексиз эместигин белгилеп, расмий Кабулду реалдуу реформаларды жана жылыштарды жасоого чакырды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG