Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Түркмөнстанда жүгөрү уну кымбаттады


Түркмөнстандын түндүгүндө эл ун тартыштыгына байланыштуу жүгөрү унунан жасалган загыра нанын жегенге аргасыз.

"Буудай унун таба албагандар жүгөрүнүн унунан нан жаап жатышат. Тандырдан жаңы чыкканда жакшы эле. Бирок бир күндөн кийин катып калат, сындырууга мүмкүн эмес. Андыктан аялдар загыраны күн сайын бышырат. Элди былтыр дагы жүгөрү сактап калган", - деди Дашогуз облусунун жашоочусунун бири.

Анын айтымында, учурда жүгөрүнүн бир килограммы эки манаттан беш манатка (1 доллар 3,5 манаттын тегереги) чейин кымбаттады.

Буга чейин Түркмөнстанда нан жасоо үчүн улпакка талап көбөйгөнү кабарланган.

Учурда Мары жана Дашогуз облустарында Казакстан өндүрүшүнөн чыккан бир кап ун 180-190 манаттан сатылып жатат. Бирок көпчүлүк жашоочулар үчүн бул баа өтө кымбат.

Түркмөн бийлиги тамак-аш тартыштыгын расмий түрдө моюнга алган жок. Көптөгөн эксперттер өлкө акыркы 25 жылдан бери оор экономикалык каатчылыкка кептелгенин билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG