Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:58

Түркмөн бийлиги мигрант кыз-келиндерди мекенине кайтарууга аракеттенүүдө


Түркмөнстан, Мары шаары.
Түркмөнстан, Мары шаары.

Түркмөнстандын чыгышында жергиликтүү бийлик коопсуздук органдарынын жардамы менен соңку үч жылдан бери Түркияда жүргөн аялдарды үйүнө кайтаруу боюнча кысым көрсөтүп жатат.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы менен маектешкен Лебап облусунун жашоочусу Түркияда иштеп жүргөн кызы менен карындашын үйгө алып келиш үчүн жергиликтүү бийлик 15 күндүн ичинде паспорт жана билет сатып алууга жардам бергенин айтты.

“Жергиликтүү бийлик коопсуздук органдарынын жардамы менен Түркияда иштеп жүргөн кыздарыбызды алып келүүнү талап кылууда. Эгер алар кайтып келишпесе, административдик айыппул тартышарын айтып жатышат. Биз эле эмес, башка райондордо жашаган тааныштарыбыз да ушундай кырдаалга кабылышты. Алар мындай катаал жол менен Түркияда иштеп жүргөн кыздарды үй-бүлөсүнө кайтарууну көздөп жатышат”, - деди жергиликтүү тургун.

Түркмөн бийлиги Түркияда иштеген кыз-келиндер кайтып келишпесе, аларды бардык укуктардан, анын ичинде түркмөн жарандыгынан да ажыратарын эскертти.

XS
SM
MD
LG