Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:04

Президенттин медиага мамилеси бааланууда


Парламенттеги журналисттер. 27-апрель, 2017-жыл.
Парламенттеги журналисттер. 27-апрель, 2017-жыл.

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму "Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча 2017-жылы тогуз тепкичке ылдыйлады" деп жазды. Буга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин журналисттерди сотко берип, миллиондогон сом доо койгону себеп.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан "Чек арасыз кабарчылар" уюму 180 өлкөнүн сөз эркиндиги боюнча рейтингин жыл сайын чыгарып турат. Кыргызстан бул тизмеде былтыркыдан тогуз тепкичке ылдыйлап, 98-орунга түштү. Бирок бул коңшулаш Казакстан менен Өзбекстанга караганда бери дегенде 60 тепкичке жогору.

Баяндаманын авторлору муну экс-президент Алмазбек Атамбаевдин убагында журналисттерге, эркин басылмаларга салынган чоң айыппулдар менен негиздеген.

Президенттин чечимин өзгөрткөн себептер

Жакында эле Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкер кезинде 24.kg сайтына жана анын баяндамачысы Кабай Карабековго койгон 10 млн. сомдук доосунан баш тартышынан улам журналисттердин ичи жылый түшкөн. Бирок айрым саясатчылар "Жээнбеков экс-президент Атамбаев менен тиреш учурунда доосун кечүү аркылуу упай топтоого аракет кылды" дешкен.

Өлкө башчынын басма сөз катчысы жана маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева Жээнбековдо андай ой жок деген пикирде. Анын айтымында, президент сөз эркиндигин ар тараптуу колдойт жана ошол эле учурда жоопкерчиликке чакырат.

Толгонай Стамалиева.
Толгонай Стамалиева.

- Жээнбеков сотко берүү менен биринчи кезекте өз беделин коргоду. Жалпыга маалымдоо каражаттарын муунтуу аракети болгон эмес. Ал мыйзам чегинде укугун коргогон соң материалдык доодон баш тартты. Бул жерде эч кандай башка саясий максат болгон жок. Президенттин бизге берген так багыты бар. Ал муну коомчулукка да айтып келет. Жээнбеков эч качан сөз эркиндигин басмырлабайт, ошол эле учурда бардык тараптын жоопкерчилигин баса белгилейт.

Антсе да Жээнбековдун миллиондогон сом доодон баш тартышын жакында Европага барып келишине байланыштыргандар да жок эмес.

Жогорку Кеңештин Эл аралык комитетинин төрагасынын орун басары, президенттин Европадагы сапарында аны менен чогуу жүргөн Абдывахап Нурбаев Жээнбековдун доодон баш тартышы Европарламент тарабынан алкоого алынганын белгилейт.

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

- Биз Брюсселде Европарламенттин жетекчиси менен президенттин жолугушуусуна чогуу катышканбыз. Ал жерге барганга чейин эле президент Жээнбеков журналисттерден доосун алып коюшун алар өтө жакшы кабыл алышты. Алар бул өтө жакшы чечим болгонун, аны колдоорун айтышты. Мындан сырткары былтыр журналисттерге коюлган экс-президенттин миллиондогон сом доосуна да тынчсыздануусун билдиришти.

Экс-президенттин убагында баш-аягы 27 млн. сомго жакын доого жыгылган "Zanoza.kg" сайтынын негиздөөчүлөрүнүн бири Дина Маслова Сооронбай Жээнбековду мактоого эрте экенин айтууда. Ал буга чейин ар бир жаңы шайланган президент башында медиага жылуу мамиле кылган, бийлигин бекемдеген соң сот аркылуу журналисттерди, каршылаштарын тизгиндеп кирет деп эсептейт.

Дина Маслова.
Дина Маслова.

- Азыр Жээнбековго көз салып жатам. Азырынча кадрдык саясат, экономика сыяктуу маселелер менен алек. Каршылаштар менен күрөш адатта 2-3 жылда башталат. Бирок Жээнбековдун бийлиги ага жетпей эле тамыр жаят деп ойлоп жатам. Бийлигин бекемдеген соң гана каршылаштарына басым кыла баштайт. Мен президенттин журналисттерге жакын арада болгон мамилесине оптимисттик көз караштамын. Бирок кийин да ушундай эле болот деген ишеним жок. Менимче медиа сектор жана жарандык коом биригип, президент бийлигин бекемдеген учурда басымдарга каршы турганга даяр болушубуз керек. Болбосо баары эле мурдагыдай кайталанышы толук мүмкүн.

Журналисттер үчүн сабак

“Кабар” улуттук маалымат агенттигинин директору Кубан Абдымен экс-президенттин миллиондогон доолору журналисттер үчүн сабак болушу керек деген пикирде. Ал андай соттошуу болбошу үчүн президенттен мурда өз кесиптештерин сөз эркиндигине кылдат мамиле кылууга чакырат.

Кубан Абдымен.
Кубан Абдымен.

- Буга чейинки президенттин бир топ иштери эмоционалдык деңгээлде кабыл алынган чечим катары баалаган. Бирок ошол эле учурда ага ошончолук бийик деңгээлде карама-каршылык мамиле болушуна журналисттердин да салымы чоң. Бул башкаларга сабак болушу керек деген максатта жасалган. Болбосо экс-президентте деле журналисттерди куугунтуктоо максаты болгон эмес. Ал "чектен ашпагыла" дегендей белги кылган.

“Чек арасыз кабарчылар” уюму өз баяндамасында Кыргызстан Борбор Азияда сөз эркиндиги боюнча алдыда экенин, бирок 2017-жылы бул көрсөткүчтү артка тарткан бир катар жагдайлар болгонун белгилейт. Мисал катары “Фергана” сайтына бөгөт коюлганы, "Zanoza.kg" сайтынын ээлери бул атты колдоно албай калганы жана “Сентябрь” телеканалынын жабылышы көрсөтүлгөн.

Экс-президент Атамбаевдин убагында анын беделин коргош үчүн журналист, басылма жана жактоочу, укук коргоочуларга коюлган доолордун суммасы 80 млн. сомго жеткен.

Журналисттер миллиондук айыпка жыгылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:42 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG