Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:20

Алтыбаева: Сот реформасы басаңдап калды


Айнуру Алтыбаева "Азаттыктын" кеңсесинде. Архивдик сүрөт.
Айнуру Алтыбаева "Азаттыктын" кеңсесинде. Архивдик сүрөт.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети 15-майда Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын маалыматын укту.

Анда соттордун ишине карата бир катар сын-пикирлер айтылып, жыйынтыгында Токбаеванын маалыматы сунуштарды эске алуу менен кабыл алынды. Ал жакынкы күндөрдө жалпы сессияда талкууланат. Сот тармагынын иши тууралуу аталган комитеттин мүчөсү, КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети Жогорку соттун 2017-жылдагы ишин талкуулады. Жыйын жүрүп жаткан чакта президенттик аппараттын сот реформа бөлүмүн жетектеп келген Манас Арабаев кызматынан бошотулду. Анын бир катар чуулгандуу иштерге таасир эткени айтылып жүрөт. Президенттик аппараттын бөлүм башчысынын сотторго кийлигишкени тууралуу сөздөр эмнеден кабар берет?

Айнуру Алтыбаева: Манас Арабаев кызматында жөн гана кагаз иштерин, статистика деген маселелерди карашы керек болчу. Сот иштерине кийлигишип, чечимдерге таасир этүү туура эмес. Арабаев боюнча мага да кайрылгандар болгон. Бир эмес, бир нече кишиден кайрылуу келген. Башка кызматташтарыма да кайрылуулар келиптир. Комитеттин жыйынында ушул маселе айтылды. Менимче, президентке да кайрылуулар келип, ал Манас Арабаевди иштен алуу менен буга реакция кылды окшойт.

"Азаттык": Депутаттар комитет жыйынында сот реформасы боюнча сын айтышты. Сот тармагында реформа болдубу?

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Айнуру Алтыбаева: Сот реформасы басаңдап калды. Мисалы, бизге 9-10 адам кайрылса, анын 7-8и сот чечимдерине нааразы болгондор. Адилетсиз, пара, акча, телефон чалуу менен чечим чыгарылганын айтып кайрылгандар көп. Сот системасынын реформалоо 2010-жылы башталган. Реформанын алкагында Сотторду тандоо кеңеши түзүлгөн. Ага парламенттеги ар бир фракция, өкмөттүк эмес уюмдар, жарандык коом өкүлдөрү кирген. Бирок андан жакшы майнап чыкпагандай. Элдин нааразылыгы азайган жок. Андыктан былтыр декабрдагы референдумда Баш мыйзамга сот реформасы боюнча дагы бир нече берене кирди. Дисциплинардык комиссияны түзүү керек экендиги далилденди. Ошол дисциплинардык комиссияда көп эле иш каралыптыр. Айрым судьялар иштен алынып, кээ бирлери кызматтарынан төмөндөгөнүн 15-майдагы комитеттин жыйынында ошол комиссиянын төрайымы айтты. Менимче, бул түзүм сотторго, соттук системага оң таасир этти деп эсептейм. Бирок дагы эле кемчилик көп. Нааразы болуп кайрылгандар да арбын. Азыр бизге сот реформасын жакшыртуу боюнча иш-аракеттер зарыл.

"Азаттык": Сот тармагындагы сиз айтып жаткан көрүнүштөрдүн түпкү себеби эмнеде?

Айнуру Алтыбаева: Негизгиси - коррупция. Бардык судьяларды коррупционер деп айта албайм. Бирок системадагы коррупциядан көп иштер, анын ичинде кылмыш иштери, экономикалык иштер адилетсиз каралып, туура эмес чечимдер чыкканы үчүн эл сотторго толук ишенбей турат. Кыргызстанда сотторго жеткен экономикалык маселелер боюнча кылмыш иштеринин 40 пайызы жокко чыгарылыптыр. Элестетиңиз, 40 пайыз! "Эмнеге андай болуп жатат?" деп төрайымдан сурап: "Айрым соттор тажрыйбасыз, иш билги эмес, экономикалык иштерди жакшы билбейт, ошого чечимдери адилетсиз" деген жооп уктум. Ошондуктан ар бир сот өз ишин мыкты билген, адилеттүү, жүрөгү таза болсо, элдин аларга болгон ишеними да жогору болот деп ойлойм.

“Азаттык”: Кыргызстанда соттор канткенде көз карандылыктан кутулат?

Айнуру Алтыбаева: Биринчиден, соттор кесипкөй, иш билги болушу керек. Бешинчи, алтынчы, жетинчи кабаттан чалса да, бирөө акча берсе да көңүл бурбай, иш билгилик менен калыс чечим чыгарса сот тармагында тазалануу болот.

"Азаттык": Негизи, соттор көз каранды болбошу үчүн бийлик да жоопкерчилигин сезиши керекпи?

Айнуру Алтыбаева: Бийлик аралашпашы керек. Таза иштеген судьялар кайсы жактан чалса да, кандай буйрук болсо да, пара сунуш кылса да укпай, кесибин, акыйкатты биринчи орунга койсо - эч бир бийлик үн ката албайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG