Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

Жарандык коом митингге чыкты


Коррупцияга каршы митинг. Бишкек, 5-март, 2018-жыл.
Коррупцияга каршы митинг. Бишкек, 5-март, 2018-жыл.

Бишкек менен Нарында сот жана укук коргоо органдарындагы тутумдашкан коррупцияны ооздуктоо боюнча тынчтык митинги өттү.

Митингде Жогорку соттун төрайымын, башкы прокурорду жана УКМКнын төрагасын кызматтан алуу жөнүндө талап коюлду. КСДП фракциясынын айрым депутаттары аткаминерлерди митинг жолу менен кызматтан кетирүүгө мажбурлоо анархияга алып келүүчү коркунучтуу көрүнүш экенин белгилешти.

Митингде укук коргоо жана сот органдарындагы абалды жарандык көзөмөлгө алыш үчүн туруктуу иш алып бара турган коомдук кыймыл түзүү тууралуу сунуштар айтылды. Сот акыйкаттыгын, коррупцияга каршы күрөштү талап кылган акция бул күнү Нарын шаарында да болду.

Кызматтан алуу талабы

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын, башкы прокурор Индира Жолдубаеванын жана УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевдин сүрөттөрүн көтөргөн активисттер президентке кайрылып, аларды кызматтан алууну талап кылышты. Укук коргоо органдарындагы жана соттордогу тутумдашкан коррупциянын айынан алар бир ууч топтун гана кызыкчылыгы үчүн иштеп калганы сынга алынды.

Коррупцияга каршы митинг. 5-март, 2018-жыл.
Коррупцияга каршы митинг. 5-март, 2018-жыл.

Митингдин катышуучуларынын бири Нургүл Абдырахманованын пикиринде, саясий буюртмаларды аткарган соттор кызмат тепкичтеринен ылдамдык менен көтөрүлүп жатат:

- Воронцова, Архарова, Эрнис Айбек уулу Атамбаевдин эле "менчик судьялары" болуп калгандай. Текебаевди, Чотоновду, Салянованы, Садыр Жапаровду соттогондор бул үчүн эми Жогорку сотко судьялыкка көтөрүлгөнү турушат.

Жарандык коом жанданабы?

Митингде кабыл алынган кайрылууну тапшыруу максатында президенттик аппараттан, парламенттен жана өкмөттөн өкүлдөр чакырылды. Бирок аталган бийлик мекемелеринен чакырылган өкүлдөр келбеди.

Укук коргоочу Рита Карасартова жарандык көзөмөл боюнча коомдук кыймыл түзүлөөрүн жана буга окшогон митингдер тынымсыз уюштурулаарын айтты:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

- "2010-жылы 7-апрелде ушул жерде биздин жигиттерибиз эмне үчүн окко учту эле?" деген суроону дайыма коюп келебиз. Быйыл да 7-апрелде көзү өтүп кеткен ошол балдарга куран окутуп, анан бийликтен алты жылдын ичинде эмне иштер жасалганы боюнча отчет талап кылабыз. Биз эми "мындан ары карай алты жыл ичинде иштер жасалат" дегенге макул эмеспиз. Коррупцияга каршы күрөш мына азыр башталууга тийиш. Саясий эрк болсо эле коррупцияга каршы күрөштү ыкчам жана натыйжалуу жүргүзсө болот. Биз жалпы республикалык кыймылга айланып, анан жарандык көзөмөлдү күчөтпөсөк болбой калды.

Соттордун "кара тизмеси"

Буга чейин маалым болгондой, Жогорку соттогу алты судьялык бош орунга 46 киши арыз берген. Алардын ичинен Кыдык Жунушпаев, Ирина Воронцова, Дамира Орозова, Нургүл Бакирова, Кымбат Архарова, Айдарбек Алымкулов тандоодо эң көп упай алып, алардын талапкерлиги президенттин кароосуна жөнөтүлгөн. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева терс жагынан коомчулукка таанылган соттор тизмеленип жатканын билдирди:

Асия Сасыкбаева.
Асия Сасыкбаева.

- Бул тизмеге судьялар Момуналиев, Токтомамбетов, Архарова, Келбекова, Абдуллаев, Оморова, Калыбаев, Толубаева, Ваджиева, Скрипкина, Бейсекеев, Кудайбергенов, Ильясова, Исакова, Пульманова, Асанбаева, Үмөталиева, Сатыбалдиева, Асанова, Баатыралиев, Мельникова, Жумагулов, Воронцова, Эрнис Айбек уулу, Алымкулов деген соттордон биз сот тутумун тазалап, ага окшогон судьялардан биз арылышыбыз керек.

"Митинг - кызматтан алуунун жолу эмес"

Парламенттеги КСДП фракциясынын көпчүлүк депутаттары Ак үйдүн астында өткөн митингде көтөрүлгөн маселелер жана коюлган талаптар тууралуу комментарий берүүнү туура көрүшпөдү. Бирок айрым депутаттар жогорку кызмат адамдарын жана сотторду митинг жолу менен кызматтан кетирүүгө мажбурлоо укуктук мамлекеттин табиятына каршы келе турганы айтышты. КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешов бул тууралуу мындай дейт:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

- Митингде жөн жерден эле "кетсин" деп кыйкыра берген туура эмес. Аларды кызматтарынан алыш үчүн кандайдыр конкреттүү негиздер болушу зарыл. Анан жөн эле жерден бирөөнү кетире берсек, эртең да 100-200 киши чыгып алып, башка бирөөнү кызматтан алууну талап кылып чыга баштайт. Ал кызмат адамдарын ордунан алууну же калтырууну президент өзү чечет. Алардын жасаган иштери жакпай жатса, аларды кызматынан кетирет. Эгерде алар ишинен жыйынтык көргөзсө, анда аларды ордунда калтырат.

Сот реформасын талап кылган митинг өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:21 0:00

Укук коргоо жана сот органдарындагы коррупцияга каршы митинг 5-марттагы соттордун кесиптик майрамына байланыштуу, Жогорку соттун имаратынын астында башталган болчу. Бирок Жогорку соттун өкүлдөрү чыгып митингдин катышуучулары менен жолугушкан жок. Андан соң ал жердеги митингдин катышуучулары Ак үйдүн астына барып, нааразылык акциясын улантышты.

Бул митингге келип кошулган коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев коррупциядан арылуу боюнча чукул чара көрбөсө болбой калганын айтты:

Топчубек Тургуналиев.
Топчубек Тургуналиев.

- Кыргызстан коррупциянын сормо сазына батып калган мамлекеттердин катарына кошулуп калбадыбы. Бул бизди дүйнө жүзүнө шерменде кыла турган көрүнүш. Кыргыз эли соңку 25 жылда эле үч жолу көтөрүлүп, үч ыңкылап жасадык. Кана эми, ошол ыңкылаптардын жеңиштери менен жемиштери? Ыңкылаптын жетишкендиктерин коррупционерлер жеп-жутуп алып жатышпайбы. Коррупцияга каршы күрөшкөнгө төбөсүнөн малынып, батып калгандар тсокоолдук кылып жатышат. Мына ошол коррупционерлер "мен да коррупция менен күрөшөм" деп президент Сооронбай Жээнбековду алаксытып жатышат. Коррупцияга каршы коррупционерлер күрөшчү беле?

Митингде кабыл алынган кайрылууга анын катышуучуларынын колу коюлуп, президентке, өкмөткө жана парламентке тапшырыла турган болду. Андан соң митинг аяктап, нааразылык акциясынын катышуучулары тарап кетишти. Ушул эле күнү Нарын шаарында өткөн нааразылык акциясында да ушуга үндөш талаптар айтылды. Ага жыйырмадай киши катышты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG