Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:55

Садыр Жапаровдун ишиндеги "ала тактар"


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Каракол шаарында 2013-жылы катталган, бийлик өкүлүн барымтага алуу фактысына байланыштуу соттолуп жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун доо арызын Жогорку сот 29-майда карайт.

Анын алдында бул факты боюнча соттолуп чыккан башка жарандар атайын кызмат саясатчы Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө берүүнү талап кылганын айтып чыгышты.

Алардын айрымдары былтыр президенттин ырайым кылуу боюнча жарлыгынын негизинде боштондукка чыгышкан. УКМКнын расмий өкүлү бул жагдайлар тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

Тагдырды калчаган талаптар

2013-жылы Каракол шаарында өткөн митинг учурунда ошол кездеги облустун жетекчиси Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу фактысы боюнча соттолгон Наристе Калчаев саясатчы Садыр Жапаровго каршы көрсөтмө алыш үчүн башына баштык кийгизилип, кыйноого кабылганын билдирди.

Калчаевдин айтымында, ал атайын кызматтын облустук башкармалыгында алты сааттан ашуун кыйноого алынган.​ Наристе Калчаев абакта төрт жыл бою Садыр Жапаров бул ишти каржылаганы тууралуу жалган көрсөтмө берүүдөн баш тартканы үчүн кыйноого кабылганын айтты.

Эмилбек Каптагаевдин барымтага алаынганы айтылган митинг. 7-октябрь, 2013-жыл. Архивдик сүрөт.
Эмилбек Каптагаевдин барымтага алаынганы айтылган митинг. 7-октябрь, 2013-жыл. Архивдик сүрөт.

"Акырында тергөөчүлөр анын даттануу арызын Садыр Жапаровдун ишине тиркөө менен аны боштондукка чыгарган", - дейт Наристе Калчаев:

- Менин 2016-жылдагы башкы прокурорго жана УКМКнын төрагасына жазган арызымды кандайдыр мага белгисиз себептер менен Садыр Жапаровдун ишине тиркеп коюшуптур. Ага чейин мага тынымсыз кысым болуп келген. Мен кармалган күндөн тартып эле башыма баштык кийгизип, ар кандай ыкма менен кыйнап келишти. Буга окшогон кысымдардын дээрлик баары Садыр Жапаровго каршы менден көрсөтмө алуу үчүн болду. Анан былтыр өздөрүнө керектүү материалдарды алгандан кийин Кенжебек Жумабаев экөөбүздү бир күндө боштондукка чыгарышты.

Караколдогу барымтага алуу окуясынан кийин жалпысынан андагы каршылык акциясына катышкан 23 адам кармалып, кийин алардын саны отузга чукулдаган. Учурда алардын арасынан беш киши абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Калгандары мунапыс аркылуу, ырайым берүү же мөөнөтүнөн мурун шарттуу бошотуу сыяктуу укуктук өбөлгөлөрдүн негизинде эркиндикке чыгышкан.

Мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев 2013-жылы тергөө абагындагы Наристе Калчаевдин токмоктон запкы тарткан тасмасын көргөзүп, Башкы прокуратура буга чара көрбөй койгонун айткан жайы бар:

Бакыт Аманбаев.
Бакыт Аманбаев.

- Мен абакта жаткан Наристе Калчаевдин абалын көрүп, фото жана видео тасмаларды тартып чыгып, анын негизинде тергөө абагындагы кыйноо фактысы боюнча дароо Башкы прокуратурага кайрылуу жасагам. Бирок ага жооп болгон жок. Андан соң экинчи ирет кайрылдым. Ага да жооп болбоду. Бул маселе боюнча үчүнчү ирет жөнөткөн кайрылуума Башкы прокуратура "аталган фактыны териштирип чыгып, анда тартип сактоо органдарынын аракетинен мыйзам бузуу табылган жок" деген жооп кайтарыптыр. Ошондон кийин анын негизинде биз сотко кайрылып, бирок ал жактан да канааттандырарлык жооп алган жокпуз.

Кийин Наристе Калчаев сөз болуп жаткан иш боюнча сегиз жылга соттолуп, былтыр 2017-жылы президенттин ырайым көрсөтүү жарлыгынын негизинде эркиндикке чыккан.

Боштондукка алмашылган көрсөтмө

Караколдогу барымтага алуу окуясы боюнча соттолуучулардын дагы бири Кенжебек Жумабаев ага боштондук сунушталган жагдай тууралуу айтып берди:

- Садыр Жапаров Кыргызстанга келерде мага тергөө абагына киришти. Менин өмүрүмө коркунуч келтирип, ар кандай ыкмалар менен мени коркуткан учурлар болду. Анан №47 абак жайына келген кызмат адамдары: "Сегиз жылга кесилдиң, эми түрмөдөн чыкпайсың, бала-чакаңды ким багат?" деген сөздөрдү айтып, "Садыр Жапаровдун үстүнөн жазып бер, кол коюп бер" дешти. "Биз аны соттон өзүбүз өткөзүп алабыз" дешти. "Бардыгын жогору жак менен сүйлөшүп койдук. Биз айткан боюнча түрмөдөн чыгасың" деп айтышты. Анан айткандай эле мага ырайым берүү менен абактан чыгарышты. Бирок мен буга макул эмесмин. Мен толук акталышым керек. "Мурда эмнеге айткан жок?" деген сөз болушу мүмкүн. Мурда айтсам, кайра түрмөгө киргизип коюшмак.

Бул тууралуу УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулаймановго кайрылдык. Ал кылмыш ишин жасалмалоо жана мажбурлоо жолу менен жалган көрсөтмө алуу жагдайлары тууралуу комментарий берүүдөн баш тартты.

"Ойноок" жагдайбы же ойлондурган кырдаалбы?

Мурдагы президентти колдогон саясатчылардын бири Анвар Артыков мыйзам чегинде чечим кабыл алынышы зарыл экенин айтуу менен чектелди:

Анвар Артыков.
Анвар Артыков.

- Биринчиден, айтып жаткандар кандай адамдар экенин билишибиз керек. Алар мурдатан ушинтип "ойноп", саясий агым каякты карай акса, кырдаалга жараша өзгөрүп турган немелерби же андай эмеспи? Ошол жагдайды аныктап туруп, анан буга баа берүүгө болот. Негизи эле мен жалган жеринен "саясий куугунтук болду, мажбурлады" деген нерселерге каршымын. Кылмыш иштериндеги бардык жагдайлар укуктун алкагында чечилиши керек. Эми бизде жамандыр-жакшыдыр мыйзам иштеп жатпайбы. Бардыгы мыйзам чегинде болушу керек.

Караколдогу барымтага алуу окуясы боюнча Садыр Жапаровго да айып коюлуп, ал 2017-жылы чет өлкөдөн кайтып келатканда чек арадан кармалып, камакка алынган. Садыр Жапаровго коюлган айып боюнча сот аны 11,5 жылга эркинен ажыраткан. 29-майда анын иши көзөмөл иретинде Жогорку сотто каралганы турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG