Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Сот Садыр Жапаровду 11,5 жылга кести


Садыр Жапаров сотто.
Садыр Жапаров сотто.

Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровду 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кести.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Садыр Жапаровду айыпталып жаткан үч берене боюнча далил жок деген негизде актап, бир берене боюнча күнөөлүү деп тапты. Сот экс-депутат Кылмыш кодексинин 113 (адам өлтүрүүгө аракеттенүү), 341 (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү) жана 234 (бейбаштык) беренелери боюнча толук актады, бирок 227 (бийлик өкүлүн барымтага алуу) беренеси боюнча 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кести. Мындай өкүмдү райсоттун судьясы Эмилбек Кайыпов окуду:

- Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексинин 227-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-3-пункттары боюнча күнөөлүү деп табылсын жана 11 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылсын. Жазаны катуу тартиптеги түзөтүү абагында өтөсүн. Жазаны өтөө мөөнөтү 2017-жылдын 25-мартынан баштап эсептелсин.

Садыр Жапаров өзүнүн ак экенин, күнөөсүз жерден соттолгонун айтты. Ал сот чечимин бийликтин буйругу деп эсептейт:

- Мен чечим менен макул эмесмин. Өзүңөр көргөндөй, эч кандай далил жок деп актап, кайра соттоп койду. Биз буга эч убакта макул эмеспиз. Кылмыш боюнча эч кандай далил жок. Мени акташы керек болчу. Эми булар бийликтин заказын аткарып ушундай чечим чыгарды.

Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов сот чечиминин мыйзамсыз экенин айтып, жогорку инстанцияларга даттанарын билдирди.

- Сот жабырлануучу Эмилбек Каптагаевдин көрсөтмөсүн эске алган жок. Ал барымтага алууга Жапаровдун тиешеси жоктугун айткан. Сот эч кандай далили жок өкүм чыгарды. Бул мыйзамсыз. Биз сөзсүз түрдө жогорку инстанцияга даттанабыз.

Садыр Жапаровдун жактоочулары сот имаратынын алдында.
Садыр Жапаровдун жактоочулары сот имаратынын алдында.

Сотто Ысык-Көлдүн мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев жабырлануучу катары көрсөтмө берген. Бирок ал барымтага алууну Садыр Жапаров уюштурган деп эсептебейт. Каптагаевдин ою боюнча 2013-жылдын 7-октябрындагы Караколдогу окуя кайрадан тергелиши керек болчу:

- Иш кайра тергелиши керек болчу. Бирок бийлик муну аткарган жок. Менимче сот саясий кызыкчылыктын негизинде гана өкүм чыгарды. Болбосо мени барымтага алууну Жапаров уюштурганы боюнча далил табылган жок да. Мен муну сотто да айткам.

Анткен менен сот өкүмүн акыйкат деп баалагандар да жок эмес. КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Жапаров колу менен кылганын мойну менен тартып жатат деп эсептейт.

- Бул ишти саясий куугунтук дегендерге кошулбайм. Анткени Жапарво мурда да кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Караколдогу окуялар Кумтөргө байланыштуу төртүнчү нааразылык болбоду беле. Ага чейин да болгон. Өзү ишти куугунтук деши мүмкүн. Бирок губернаторду барымтага алып, машинеге салып өрттөйбүз дегендин өзү чоң кылмыш да. Анан ошол машине Жапаровдун туугандарына таандык болуп жатпайбы. Бул факты да. Кадимки кылмышты саясий куугунтук дегендин өзү туура эмес.

Экс-депутат Садыр Жапаров 2013-жылы Ысык-Көлдө Кумтөргө байланыштуу башаламандыкка күнөөлөнүп, 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ал ага чейин сыртта баш калкалап жүргөн. Буга чейин мамлекеттик айыптоочулар Жапаровду 15 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесүүнү сурашкан болчу. Учурда Караколдогу митингге байланыштуу Жапаровдон башка дагы 12 активист камакта. Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип БШКга арыз жазган болчу. Анын айрым тарапташтары сот өкүмү ушул өнөктүккө байланыштуу шашылыш чыгарылды деген жатат.

Садыр Жапаров 2012-жылдын күзүндө Бишкекте өткөн Кумтөр маселесине байланышкан нааразылык акциясына катышып, ошол кездеги партиялаштары Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытов менен чогуу 1,5 жыл абакка кесилген. Бирок Бишкек шаардык соту аларды актап чыгарса, ал эми Жогорку Сот аларды күнөөлүү деп тапкан. Сот аларды бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айыптаган.

Жапаров: Чечимге макул эмесмин
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:51 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG