Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:46

Садыр Жапаров: Мени эптеп тез соттоп жибериштин аракети көрүлүүдө


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Экс-депутат Садыр Жапаровго бүгүн сотто акыркы сөз берилди. Ал кылмыш иш мыйзамсыз козголгонун айтып, акыйкаттык камсыздалбай жатканын билдирди:

- Соттук процесстерди тездетип, тиешелүү күбөлөрдү толук алып келбей, Жазык-процессуалдык кодекстин нормаларын тебелеп, ишти адилеттүү териштирбей, мени эптеп эле тез-тез соттоп жибериштин аракетин көрүп жатасыздар. Мейли, соттогула. Мен коркпойм. Мени соттоп жаткандар, тарых алдында силер коркушуңар керек.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 2013-жылы Ысык-Көлдө Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясындагы башаламандыкты уюштурду деп күнөөлөнүп жаткан Жапаровго бүгүн өкүм чыгышы ыктымал.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочулар аны 15 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесүүнү сураган. Адвокаттар прокуратура "эч кандай далил жок катаал жаза сурап жатат" деп айтууда.

Жогорку Кеңешке мурдагы чакырылышта депутат болгон Жапаров быйыл 25-мартта кыргыз-казак чек арасынан кармалып, камакка алынган. Ага "адам өмүрүнө коркунуч келтирүү", "барымтага алуу", "ээнбаштык", "бийлик өкүлүнө күч колдонуу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. (RK)

XS
SM
MD
LG