Линктер

жекшемби, 20-май, 2018 Бишкек убактысы 18:14

Кыргызстандын акыйкатчысы президентке кайрылып, "Ата Мекен" партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевге ырайым кылып бошотууну суранды.

Акыйкатчы сотто саясатчыга коюлган айып так далилденбегенин жүйө келтирген. Президент бул боюнча позициясын билдире элек. Бирок Текебаев өзүн айыпсыз деп эсептегендиктен президенттен ырайым сурабай турганын билдирип чыкты. Мыйзам боюнча президент өзүн айыптуу деп эсептеп, кечирим сураган адамга гана ырайым бере алат.

Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин Өмүрбек Текебаевге ырайым берүү өтүнүчү менен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуусу 3-майда жарыяланды. Анда акыйкатчы Кыргызстандын Конституциясын кабыл алынганынын 25 жылдыгына жана Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын кабыл алынганынын 70 жылдыгына карата Текебаевге ырайым кылып, бошотууну суранды.

Кенен-кесири жазылган кайрылуусунда Кубат Оторбаев Текебаевди парламенттин бир нече чакырылыштагы депутаты, 2010-жылдагы Конституциянын авторлорунун бири катары атап, мамлекет башчыны анын ишине көңүл бурууга чакырган:

Кубат Оторбаев.
Кубат Оторбаев.

"Бүгүнкү демократиялык байырлуу жолду чабууга Сиз катары ал кишинин да ат көтөргүс эмгек-мээнети эбегейсиз. Ошол экинин бири боло турган адам бүгүн Бишкектин Кокон хандыгындай шарты оор абагында күндүн аптаптуу ысыгында, ызгаарлуу суугунда баш кесер кылмышкердей саналып, темир тор артында армандуу күнүн кечирип жатат. Ал Орусия Федерациясынын жараны Л. Маевскийдин берген көрсөтмөсүнүн негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында 8 жылга эркинен ажыратылды. Тергөө иштери жана соттун жүрүшү көргөзгөндөй, Ө.Текебаевдин жасаган күнөөсү так далилденип, айныгыс фактылар менен тастыкталган жок. Жарымы жалган, жарымы чын, Жараткандын көөнү үчүн, көбү жалган, көбү чын, көпчүлүктүн көөнү үчүнбү? Ошондон улам бул иш эл арасында “саясий заказ”, “1937-жыл”, “саясий оппонентти куугунтуктоо” катары сыпатталууда", деп айтылат Оторбаевдин кайрылуусунда.

Ушул жана башка жагдайларды эске алып Оторбаев президенттен Текебаевди абактан бошотууну өтүнгөн.

Акыйкатчынын бул кайрылуусу боюнча президент Сооронбай Жээнбеков азырынча өз позициясын билдире элек. Ал эми президентке караштуу Ырайым кылуу маселелери боюнча катчылыктын жооптуу катчысы Кырккелди Кыдырбаев Текебаевге ырайым берүү боюнча документтер келип түшпөгөнүн билдирүү менен чектелди.

Ал арада Өмүрбек Текебаевдин президенттен ырайым суроо ниети жок экени белгилүү болду. Анын адвокаттарынын бири Искен Афиджановдун "Азаттыкка" айтканы боюнча, саясатчы өзүн күнөөлүү деп эсептебейт:

- Өмүрбек Чиркешович, анын адвокаттары ырайым берүү боюнча эч кандай сураныч, кайрылуу жөнөткөн жокпуз. Биз күнөөнү мойнубузга албайбыз жана айыпсыз деп эсептейбиз. Бул омбудсмендин демилгеси. Анын конституциялык мыйзамга ушундай укугу бар. Ошол эле учурда Конституциянын 64-беренесине ылайык президент ырайым бере алат.

Бирок "Акыйкатчынын кайрылуусу Өмүрбек Текебаевге ырайым берүүгө канчылык негиз боло алат?" деген суроо жаралды. Себеби мыйзам боюнча эркинен ажыратылган адам өз күнөөсүн мойнуна алып, президентке кайрылган учурда гана ырайым берүү маселеси каралат.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын айтымында, Текебаев өзү кайрылмайынча президент ага ырайым бере албайт:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

- Ырайым кылуунун өз тартиби бар. Абакка кесилген адам өзү кайрылат жана күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, өкүнгөнүн билдириши керек. Андан соң соттолуучунун документтерин ал мөөнөтүн өтөп жаткан түзөтүү мекемеси даярдап, атайын комиссияга берет. Комиссия аны карап, коллегиялуу негизде добуш берип, чечим чыгарат. Ошондон кийин гана ал президентке караштуу Ырайым кылуу боюнча катчылыкка келет. Бул жагынан алганда акыйкатчынын кайрылуусунун мыйзамдык укугу жок. Мен муну Кубат Оторбаевдин жеке өтүнүчү катары эле кабыл алдым. Себеби ал өз ыйгарым укуктарынын негизинде башка иштерди жүргүзсө болот.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов да ушундай эле пикирде. Анын айтымында, акыйкатчынын кайрылуусунун мыйзамдык күчү жок болсо да коомдук пикирди түзүү жагынан мааниси болот:

Курманбек Осмонов.
Курманбек Осмонов.

- "Саясий негизде чечим чыгып калды" деп жатышпайбы. Мен да ошондой ойдомун. Маалымат каражаттарынан, адвокаттарынын айткандарынан күнөөлөр далилсиз болуп калганы боюнча акыйкатчынын билдирүүсү үчүн коомдук пикир түзүлүшү мүмкүн.

Адвокаттар да акыйкатчы Оторбаевдин кайрылуусу Текебаевдин маселесине президенттин жана коомчулуктун көңүл бурушу үчүн маанилүү экенин белгилеп жатышат.

Алар Өмүрбек Текебаевге карата козголгон кылмыш ишин кайра карап чыгуу жөнүндө өтүнүч даярдап жатышкан чагы. “Ата Мекен” партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунованын айтымында, бул боюнча учурда документтер чогултулуп жатат.

Таалайгүл Токтакунова.
Таалайгүл Токтакунова.

- Жаңы жагдайлар боюнча кайра кароого бардык документтерди даярдап койдук. Олуттуу негиздемелерибиз бар. Бардыгы даяр. Акыркы эле бир кагаз калды – "№306 иш бөлмөсүндө ким отурган?" деген. Ал жерде Атамбаев отурган. Ошону алсак эле беребиз.

Токтакунованын айтымында, арыз Башкы прокуратурага жөнөтүлөт. Эгер ал жак макул болсо, Жогорку сот ишти кайра карап чыгууга жөнөтөт.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Мегаком" чырына байланыштуу "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аны менен кошо мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн. доллар пара алган" деген айып тагылып, сот ар бирин сегиз жылга эркинен ажыраткан. Өмүрбек Текебаев №47 абакта, ал эми Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкада №27 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG