Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:02

Жумабеков: Матраимовго барбай коюуга себеп жок болчу (видео)


Дастанбек Жумабеков.
Дастанбек Жумабеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары да, төрагасы да Кара-Сууда өткөн иш-чарага өз каражатына барып келишти жана мында эч кандай мыйзам бузулган жок. Бул тууралуу төрага Дастанбек Жумабеков "Парламент" радиосуна билдирди:

- Биз, депутаттар бири-бирибизге сый мамиле көрсөткөндүн негизинде гана барып келдик. Бюджеттен эч кандай каражат кеткен жок. Биринчиден, бул дем алыш күн болчу. Экинчиден, ар бир депутаттын барып-келиши өзүнүн каражатынан болду. Төраганыкы дагы. Биздин ал жакка барып катышканыбызга эч бир мыйзамда тоскоолдук жок. Искендер Исмаиловичке: «Биз ал жерге бара албайбыз. Сенин иниңде ушундай маселе бар» дегенге эч кандай себеп жок.

1-майда Кара-Суу районунда бир тууган Матраимовдор өткөргөн иш-чарага жоон топ бийлик өкүлдөрүнүн барганы талкууга түшүп жатат.

Белгилүү болгондой, учурда кыргыз өкмөтү Райымбек Матраимов менен соттошууда.

Коомчулукта «Раим миллион» деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган. Өкмөт бул чечимди «анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деп негиздеген.

2018-жылы апрелде Матраимов «мени негизсиз жумуштан алды» деп өкмөттү сотко берген. Бишкектин Биринчи май райондук соту Матраимовду колдогон чечим чыгарган. Азыр иш шаардык сотто жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG