Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:02

Матраимовдордун иш-чарасы соцтармактарда катуу талкууга түштү


Матраимовдордун иш-чарасына катышкандар.
Матраимовдордун иш-чарасына катышкандар.

Кара-Суу районунда өткөн Исмаил Матраимовдун элесине арналган иш-чара коомчулукта кызуу талкууланууда.

Ош облусунун Кара-Суу районунда өткөн иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов менен "Райым миллион" деген ат менен белгилүү Райымбек Матраимовдон тышкары вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, спикер Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Абдывахаб Нурбаев, Жанарбек Акаев, Тазабек Икрамов, Руслан Казакбаев, Канат Исаев, Алтынбек Сулайманов, Улан Примов, Алмазбек Батырбеков, Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев, саясатчы Ахматбек Келдибеков да катышкан.

Волейбол жана мини-футбол боюнча өткөрүлгөн турнирдин байге фонду бир миллион сомду түзгөн.

Интернет колдонуучулар бир иш-чарага Райымбек Матраимов менен бирге Жогорку Кеңештин депутаттары катышканын катуу сынга алышууда.

XS
SM
MD
LG