Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

Сапар Исаковдун аялы: Күйөөм ЖЭБ эмес, Матраимов үчүн соттолууда


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаковдун жубайы Малика Арстанбекова бүгүн саясий билдирүү таратып, «акыйкатка болгон үмүттү Райымбек Матраимовдун Жогорку Кеңештин жарымы жана спикери, биринчи вице-премьер Боронов менен түшкөн сүрөтү таш каптырды» деп билдирди.

«Менин жолдошумду ЖЭБдеги кыйроо үчүн эмес, президенттин «сүймөнчүгүнө» каршы чыкканы жана бажыны Матраимовдон тазалоого аракет кылганы үчүн соттоп жатышканын эчак эле түшүнгөм» деди ал.

Ошондой эле Арстанбекова «Сооронбай Шарипович «Матраимовдун байлыгын, кан сарайларын, ишканаларын текшертем» дегенинен бери төрт айдын жүзү болду, бирок бул боюнча эч кандай маалымат жок» деп билдирди.

Коомчулукта «Раим миллион» деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган. Өкмөт бул чечимди «анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деп негиздеген.

2018-жылы апрелде Матраимов «мени негизсиз жумуштан алды» деп өкмөттү сотко берген. Бишкектин Биринчи май райондук соту Матраимовду колдогон чечим чыгарган. Азыр иш шаардык сотто жатат.

1-майда Кара-Суу районунда бир тууган Матраимовдор өткөргөн иш-чарага жоон топ бийлик өкүлдөрүнүн барганы талкууга түшүп жатат.

Бишкек ЖЭБиндеги авария жана жаңылоо долбоорундагы коррупция боюнча козголгон эки кылмыш иши боюнча мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон 15тен ашуун жогорку кызмат адамдарына айып коюлган. Сот жараяны уланууда. Соттолуучулар УКМКнын тергөө абагында отурушат.

Малика Арстанбекованын президент Сооронбай Жээнбековдун аты аталган бүгүнкү билдирүүсүнө президенттик аппарат азырынча комментарий бере элек. (RK)

XS
SM
MD
LG