Линктер

шейшемби, 21-май, 2019 Бишкек убактысы 10:45

Урандан уланган ойлор...


Уранга каршы митинг. 26-апрель, 2019-жыл

Ысык-Көлдөгү урандан улам уланып аткан чоң чыр көп ойлорго жем таштады көрүнөт. Бир чети сыймыктанбаска чара жок, себеби биздин мамлекеттегидей эркиндик, саясий жана жарандык укуктар жакынкы өлкөлөрдө түп-орду менен жок.

Бизде баш ооруган күнү топтоло калып, каалаган жерде, анын ичинде президенттик администрациянын так маңдайында пикет жасап же кыйкырык-чуулуу митинг уюштура салуу айранга нан туурагандай ашмалтай нерсе. Сыймыктаналы, мекендештер. Сыймыктаналы да ушул жыргалчылыгыбызды сактай билели.

Бирок маселенин экинчи жагын да унутпасак. Биздегидей демократия азырынча Азиянын аз эле мамлекеттеринде бар, бирок дале болсо дүйнөдөгү отуз эң жарды мамлекеттердин бирибиз. Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) жазганына караганда, бир кезде жарандык согушту баштан кечирген Тажикистандан гана алдыда экенбиз. Ырас, киши башына туура келген байлык жагынан азырынча Өзбекстан менен дээрлик бир катардабыз. Буга да шүгүр дейли. Ошентсе да элибиздин эмгекчилдигин, тырышчаактыгын, ар нерсени тез илип алган тирикарактыгын эске алганда мындан да жакшы жашашыбыз толук мүмкүн эле. Бирок... Бирогу ушул: популизм менен ырксыздыктын, коррупция менен жемкорлуктун, билимсиздиктин, айрыкча бекерчи «саясатчылар» уюштурган тоз-тополоңдордун, хаостун айынан ар качандан бир качан түз жерден тайгаланып, мүдүрүлүп келебиз.

Санап өтөйүн: эки жолу «революция» жасадык, бирок калың элге тырнактай пайдасы болгон жок. Тескерисинче, ыңкылаптын ыракатын бийлик башына ызы-чуу менен келе калган бир ууч эргулдар көрдү. Атамбаев айткандай, тамекиге акча таппай жүргөндөр миллионер болду, базардагылар менен чала молдолор министр же губернатор кызматын аркалады, такыр жерде калганы акимдин же бажычынын, салыкчынын креслосуна отурду. Кырылышкан улут аралык кагылышты, кыйраган үй-жайларды, талкаланган бизнести, банкрот болгон ишкерлерди, үзүлгөн үмүттөрдү айтпай эле коелу. Кыйратып койгонсуп бири тайраңдап бийге түшсө, экинчиси обун таппагандан обон чыгарган мурункуларды эскерип да кереги жок.

Ошого карабастан жакшы жашоо далалаты эч бир токтой элек. Тытынган, тырмалаңдаган эле эл. Бирок жакшы жашоо үчүн бул да аздык кылат экен. Жакшы айлык, жакшы автожолдор, жакшы саламаттык сактоо кызматы, жакшы жөлөкпул менен социалдык лифт керек экен. Ага жетиш үчүн билгендердин баары какылдап-какшап аткан «инвестиция» деген нерсе керек тура.

Инвестиция деген эмне? Инвестиция деген өндүрүшкө, социалдык инфраструктурага сала турган, өсүп-өнүгүш үчүн жумшай турган акча каражаты эмеспи. Ошол нан менен суудай керек каражаттар бизге кайдан келиши мүмкүн? Негизинен алтын, темир, кара май, алюминий, дагы ушу сыяктуу баасы кымбат, экспортко чыгарганга өтүмдүү жер байлыктарын иштеткенде гана келет. Албетте, баарыбызды түйшөлткөн Ысык-Көлдөгү уранды иштетүү аракети да дал ошол ачуу зарылчылыктан келип чыкты.

Ушул жерден баса белгилей кетейин: мен жеке өзүм Ысык-Көлдөгү уранды иштетүүгө караманча каршымын. Балким макул деле болмокмун, бирок азырынча «Уран иштетүү технологиясынын коопсуздугу кандай?» деген суроого так жана ишенимдүү жооп албай жатабыз.

Уран го мейли, себеби андан радиация чыгат экен, зыяны көп экен. Бирок Сандыктагы алюминий кенин, Жетим-Тоодогу темирдин бир миллиарддан ашкан запасын пайдаланууга эмне каршы болуп жатабыз? Бирдеме болсо эле жол тосконго, автотрассаларды бууганга өтүп алдык го?

Суроо туулат: анда кантип жакшы жашайбыз? Айлыгыбызды кантип көтөрөбүз, жолдорду кантип оңдойбуз? Мына, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун сөз кылганыбызга чейрек кылымга жакындады, бирок ага караманча каршы чыккан журтташтар канча? «Кытайлар көбөйүп кетти» деп чуу чыгарып, түп Бээжин менен мамилебизди буза жаздап барып токтодук. Бирок ошол түп Бээжин менен жакшы ымалалашып, миллиарддаган насыя алдык деп сүйүнгөн калктарды, болгондо да өнүгүп-өскөн европалык калктарды күн сайын теледен көрүп, билип отурабыз. Бизчи? Биз азыр теңирден тескери жолдобуз. Азыр бизде жөндөн-жөн эле Американы, Батышты жаманга чыгаргандар, душман катары санагандар көбөйдү. Сыягы, Москванын зомбожашиктеринин таасири болду окшойт.

Орус шовинисттерин туурап биз деле «америкос», «гейропия» деген сөздөрдү ыгы келсе да, келбесе да колдонуп калчу болдук. Жер байлыктарын иштетсек, абаны булгайт экенбиз, көмүрдү казсак, мөңгүлөргө зыян экен, д.у.с. «Деле Кыргызстанга түк эч кимди киргизбей, Ысык-Көлгө бир адамды баш бактырбай, суусун да, абасын да булгабай, мамлекетибизди тегерете тосмолоп таштайлы, чычкандын мурду өткүс кылып кашаа кармап коелу» дегендерди көп эле жолу көрүп жүрөбүз.

Ооба, андай кылсак да болот. Эшикти бекем жаап, ичинен кулп салып алсак бизди эч ким кой дебейт. Маселен, Түндүк Корея ушул жол менен келатат. Ал эми анын тескерисинче ачык саясат жүргүзгөн Түштүк Корея Түндүк Кореядан 13 эсе бай. Бул эки өлкөнүн турмушу кара түс менен ак түстөй эле кеп.

Биле жүрөлү: «бизге келбегиле, келебиз деп убара болбогула» десек бизге эч ким келбейт. Айталы, Кытай канча чоң мамлекет болсо да биз аларга «чыгып кеткиле, бурадарлар» десек бири калбай Кыргызстандан чыгып кетет. Мында эч бир шек жок. Эсибизде го: америкалыктарды «тез аранын ичинде Манас аэропортунан чыгып кеткиле» дедик эле, эки айдын ичинде бири калбай көчүп кетти.

Жок, урматтуу жакшы жашагысы келген журтташтар, азыркы учурда экономикалык саясат башкача нукта кетүүдө, ушуну унутпайлы. Ооба, азыркы заманда жакшы жашоонун ыкмасы түп-тамырынан өзгөрүп кетти. Азыр жакшы жашоого жеткендер эшигин жакшы ниет менен келгендерге кенен-чонон ачып, ууртунан күлкүсүн кетирбей, меймандостуктун, жаркыраган кабак менен каштын мыктысын көрсөтүп жатат.

Жер байлыктарын да колдон келишинче иштетүү аракетинде. Ошол эле кошуна өзбек туугандар бир канча уран кендерин болушунча казып, чамасынын жетишинче экспорттоп, калганын Орусия куруп бере турган атомдук электр станциясына жумшаганы камынып турушат. Казактар болсо эки сөзүнүн биринде «ураныбыз көп» деп мактанышат. Өнүгүүнүн сересине жеткен Жапония менен Германияда ушул тапта ондогон атомдук электростанциялар иштөөдө, анткени атом энергетикасы - таза энергетика. Түтүн чыкпайт, аба булганбайт, анан калса уран иштетүү технологиясы абдан жогорку деңгээлге жеткен. Ал эми энергетика жок болсо жашоо да токтолот эмеспи.

Кайталап айтам: Ысык-Көлдүн уранын казууга коопсуз технология болмоюнча эч бир уруксат берүүгө болбойт. Бирок бизди санааркаткан нерсе - уран эмес, эч бир зыянсыз кендерди да казганга каршы чыккандар, жок жерден чуу чыгаргандар болуп жатат. Бул ойлонто турган нерсе. Бул - баарыбызды кооптонто турган көрүнүш. Биздеги «демократия» деген аты бар хаостун пайдасынан зыяны көп болуп жатканы мына ошондон. Ачык айталы: кен иштетүү - инвестиция алып келүү деген сөз. Жумуш орундарын түзүү деген сөз. Ал эми инвестиция келбесе, жакшы жолдор, жакшы инфратүзүм да болбойт дегенди билишибиз керек. Ансыз жакшы жолдор же жакшы айлыктар деген түшүнүк өзүнөн өзү жок болот, жакшы жашоо деген түшүнүк да ойдон чыгат.

Жакшы жашоо - баарыбыздын максатыбыз жана укугубуз. Бирок жакшы жашоо эмне деген шарттарды, эмне деген милдеттерди, жоопкерчиликти мойнубузга арта турганын да унутпашыбыз керек го?

Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG