Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Кол тийбестиктен ажыратуу колдоо тапты


Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев. 24-ноябрь, 2017-жыл.
Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев. 24-ноябрь, 2017-жыл.

Кыргызстандын экс-президенттери мамлекетти жетектеген учурдагы кылмыштары үчүн жоопко тартылышы мүмкүн.

Буга байланыштуу Жогорку Кеңеш президенттин ишмердигинин кепилдиктери тууралуу мыйзамды Баш мыйзамга шайкеш келтирүү ченемдерин караган мыйзам долбоорун колдоду. Анын авторлору бул аркылуу экс-президенттердин чексиз кол тийбестик укугу жоюларын жана мыйзам алдында бардык жарандардын тең укуктуулугун камсыз кылуу принциби калыбына келтириле турганын белгилешти. Айрым депутаттар “бул ченем кызматтан кеткен президенттерди куугунтуктаганга жана ал мамлекетти жетектеп турган учурдагы ишмердиги үчүн өч алууга өбөлгө түзөт” деп сынга алышты.

2003-жылы киргизилген экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу ченем 2007-жылы Конституциядан алынып салынган болчу. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, депутат Курманкул Зулушев мында "мыйзам артка иштебейт" деген укуктук принципти колдонууга негиз жок экенин айтып, ага төмөндөгүдөй жүйөлөрдү келтирди:

Курманкул Зулушев.
Курманкул Зулушев.

- Конституцияда "Эгерде мыйзам Баш мыйзамга каршы келсе, ал анда иштебейт" деген талап бар. Демек, бул жерде мыйзамдын 12-беренесиндеги ченемдер 2007-жылы кабыл алынган Баш мыйзамдын талаптарына каршы келген. Ошондуктан Курманбек Бакиев сыртынан болсо да жоопко тартылды. Баш мыйзам жогорку күчкө ээ. Мындан ары мыйзамды шайкеш келтирүү аркылуу экс-президент кол тийбестик укугунан ажыратылат жана ал Кыргыз Республикасынын президентинин ыйгарым укуктарын аткарган учурдагы жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн кылмыш жообуна тартылышы мүмкүн.

Эске түшкөн эски мыйзам

Юристтер арасында мыйзамда каралган кол тийбестик укугу мурдагы президенттер Роза Отунбаева менен Алмазбек Атамбаевге тиешелүү болору айтылып келген. Анткени алардан мурунку президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев "экс-президент” макамынан ажыраганы белгилүү.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев азыркы аракеттер экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратып, жоопко тартууга кандай негиз берерине кызыкты:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

- Бизде качып кеткен президенттер экөө. Мында өлкөдөн качпаган экөө тууралуу сөз болуп жатат. Анын бири Роза Отунбаева мамлекетти кыска мөөнөткө башкарды. Анын учурунда жансакчы, шопурлардын заманы болгон жок. Ошондуктан ал киши азыр элдин ичинде сый-урматка татып жүрөт. “Келечекте мамлекетти башкарам” дегендерге Роза Исаковна үлгү бойдон кала берет. Ал эми экинчи экс-президент Алмазбек Атамбаев боюнча коомчулукта ар кандай сын пикирлер жана шектенген ойлор чыгып жатат. Эгерде шайкеш келтирүүнү караган бул мыйзам долбоору күчүнө кире турган болсо, анда укук коргоо органдары Алмазбек Атамбаевге кылмыш ишин ачышына жол ачылат деп түшүнсөк болобу?

Мындай шайкеш келтирүүнү сунуш кылган тарап азыркы Баш мыйзам экс-президентти жоопко тартууга укуктук жактан толук жол бере тургандыгын, анткени анда 2007-жылдан бери кол тийбестик кепилдигин берген ченемдер жок экенин эскертти.

Мыйзам долбоорун иштеп чыккан экинчи депутат Исхак Масалиев мыйзамдагы экс-президенттердин кол тийбестик укугун алып салуу аркылуу аны Баш мыйзамга шайкеш келтирүү аракети 2011-2014-жылдары да болуп, бирок тиешелүү мыйзам долбоору артка чакыртылып алынганын эске салды. Исхак Масалиев бул жолу өз убагында Юстиция министрлиги сунуш кылган ченемдер кайра киргизилип жатканын белгиледи:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- 2011-жылы, кийин 2014-жылы Юстиция министрлиги биз азыр алып чыгып жаткан мыйзам долбоорун парламентке алып келген. Анда да мыйзамдан кол тийбестик кепилдигин берген 12-беренесин алып салып, аны Баш мыйзамга шайкеш келтирүү маселеси коюлган болчу. Бирок белгисиз себептер менен эмнегедир өкмөт кийин аталган мыйзам долбоорлорун артка чакыртып алган. Биз бул жерде жаңы мыйзам долбоорун сунуш кылып жаткан жокпуз. Мында мыйзамды Баш мыйзамга шайкеш келтирүү гана аракети болуп жатат.

Кол тийбестикке кимдер эмне үчүн муктаж?

Анткен менен парламенттин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина мыйзамдан экс-президентке кол тийбестик кепилдигин берген 12-беренени алып салууну жаңылыштык катары кабыл алды. Анын айтымында, мындай чара улам кийинки келген бийлик мурдагы президенттерди куугунтукташына шарт түзүшү мүмкүн.

Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

- Бул укуктук ченем эмнеге корунуч жаратат? – деп суроо койду ал. - Анткени президент иштеп жаткан учурдагы көтөргөн маселеси же демилгелери үчүн андан жабыркадым деп эсептеген жогорку даражалуу адамдар кийин ал бийликтен кеткен соң аны жоопко тартууга аракеттенип, өч алышы мүмкүн. Анын мөөнөтү бүтөрү менен кылмыш иши козголушу да ыктымал. Мен бул жерде кол тийбестикти алып салуу саясий куугунтукту жаратпайбы деген ойду айткым келди.

Бирок мындай көз карашка парламенттин КСДП фрациясынан депутат Кожобек Рыспаев каршы болду. Анын айтымында, президент бийликтен кеткенден кийин да кол тийбестикке жамынып алып, кыңыр иштерге барышы мүмкүн.

Кожобек Рыспаев.
Кожобек Рыспаев.

- Бийликте турган учурда кылгылыкты кылып коюп, ар кимдин колу-бутун бурап, туура эмес иштерге барып, өлкөнү ушундай абалга алып келишкен, - деди ал. - Анан алар ошонун баарын бийликтен кеткенден кийин да кепилдик бериле турган кол тийбестикке ишенип алып жасашты да. Экс-президент сүйлөгөн сөзүнө жооп бербейт. Бирок ал мыйзамга каршы иштесе, мамлекетке зыян келтирсе, коррупцияга белчесинен малынса, ал эмнеге жооп бербеши керек? Президент болобу, депутат болобу же министр болобу, өзүнүн кылган иш-аракети үчүн жооп берүүгө тийиш. Ошол үчүн мен кол тийбестикти алып салууга макулмун. Таза иштеген президент эч убакта кийин ага каршы кылмыш иши козголот деп коркпойт.

Жогорку Кеңеш президенттин ишмердигинин кепилдиктери тууралуу мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөрдү талкуулап, андагы кол тийбестикти алып салган ченемди жактырды. Парламенттеги 100 депутат мыйзам долбоорун колдоп, аны биринчи окуудан кабыл алууга добуш берди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG