Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:23

Илмияновдун иши тергелип бүттү


Икрамжан Илмиянов.
Икрамжан Илмиянов.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамдарынын бири Икрамжан Илмияновдун тергөөсү аяктаганы жарыяланды.

«Шоопур» деген лакап ат менен белгилүү, президенттик аппараттын жетекчисинин мурдагы орун басары жана Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов былтыр күзүндө Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилип, ага карата «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон болчу. Тергөө органдары Икрамжан Илмияновго таандык деген негизде бөгөт коюлган мүлктүн тизмесин жарыялоодон баш тартышты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновдун иши тергелип бүткөнүн жарыялады. УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов Илмияновго карата козголгон кылмыш иши 9 айга жакын тергелип, тергөө жакында аяктаганын билдирди:

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

«Кыргыз Республикасынын УКМКсынын Башкы тергөө башкармалыгы И.С. Илмиянов тарабынан алдоо жолу менен 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнү аяктады. 2019-жылдын 10-июнундагы тергөөнүн жыйынтыгында И.С. Илмиянов Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык») боюнча кылмыш кылганы тууралуу маалымдалып, андан кийин тергөө аягына чыкканы жарыяланды. Азыркы учурда И.С.Илмиянов жана анын жактоочусу козголгон иштин материалдары менен таанышып жатышат».

«Шоопур» деген каймана ат менен таанылган жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын 20-октябрында Орусиянын Татарстан Республикасына караштуу Казань шаарынан Москвага, андан АКШга учканы жатканда кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. УКМК Икрамжан Илмияновго козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу ал президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турганда кайсы бир ишкерден 150 миң доллар алганы тууралуу арыз түшкөнүн билдирген.

Адвокат Сергей Слесарев анын коргоосундагы адамга карата айыптоо корутундусу менен тааныша элек экенин, толук таанышып бүтмөйүнчө ага комментарий да бере албай тургандыгын айтты:

Сергей Слесарев.
Сергей Слесарев.

«Менде азырынча бул боюнча эч кандай комментарий болбойт. Мен азыр ал айыптоо корутундусун ала элекмин. Ошону алып, толук таанышып чыккандан кийин гана коюлуп жаткан айып боюнча комментарий бере алам. Азыркы этапта куру сөз болуп калбашы үчүн мен эч нерсе деп айта албайм. Иштин материалдары менен толук таанышып чыккандан кийин гана тиешелүү суроолорго жооп бере алам. Анан калса мен тиешелүү суроолорго жооп бериш үчүн Илмияновдун өзү менен макулдашып алышым керек».

Тергөөнүн жыйынтыгы менен Икрамжан Илмиянов Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык») боюнча кылмыш кылганы тууралуу маалымат берилди. Ошол эле кезде УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы козголгон кылмыш ишинин алкагында анын бөгөт коюлган мүлкүнүн тизмесин азырынча жарыялай элек. Мекеменин расмий өкүлү Рахат Сулайманов мындай маалымат сот башталганга чейин ачыкка чыкпай турганын ишарат кылды.

Коррупцияга каршы ишкер кеңештин баш катчысы Нурипа Муканова Илмияновдун иши терең иликтенбей турганын айтып, анын себептерин мындайча түшүндүрдү:

Нурипа Муканова.
Нурипа Муканова.

«Биз азыр Илмиянов тууралуу бир нерсе деп айта албайбыз. Биз азыр болгону системадагы жагдайды байкап турабыз. Анткени азыркы учурда мурдагы эле коррупциялык схемалар иштеп жатат. Анан эми коррупцияга каршы күрөштө системага басым жасалбай, Атамбаевдин айланасында жүргөн персоналарга эле көңүл бөлүнүп жатпайбы. Бирок ошол эле Илмиянов тууралуу терең иликтөө жүрбөйт. Анткени система өзгөргөн жок».

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда премьер-министрдин, президенттин жардамчысынан президенттик аппараттын жетекчисинин орун басарына чейин көтөрүлгөн Икрамжан Илмияновдун кармалып, камалышы саясий чөйрөдө ар кандай пикирлерди жараткан болчу. Жарандык активист Сапар Аргынбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда «көмүскө башкаруучу» аталган анын жакын жан-жөкөрлөрү жооп бере турган мезгил жеткенин белгиледи:

«Атамбаевдин учурунда Кудайды оозанып ушул иштерди кылды. Азыр эми анын жеке өзүнүн жана жан-жөкөрлөрүнүн учуру келип турат. Биз бул тууралуу Атамбаев бийликте турганда айтып, эскерткен элек».

Икрамжан Илмиянов учурда Бишкектеги УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Тараптар кылмыш иши менен таанышып бүткөн соң сот жараяны дайындала турганы белгилүү болду.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG