Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:21

Апта: Атамбаевди тооруган сур булут


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Узаган жумадагы негизги саясий окуяларда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин, анын эң ишенимдүү адамдарынын, анын тушунда жооптуу мамлекеттик кызматтарда иштегендердин аты аталды.

Жогорку Кеңеш 20-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуунун жол-жобосун тактаган депутаттык комиссиянын корутундусун колдоду жана атайын токтом кабыл алды.

Комиссия Атамбаевге алты айып койду. Ага ылайык, экс-президентке узурпация, Кой-Таштагы үйү салынган жердин мыйзамдуулугу, кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн эрте бошоп кетиши, «Ака инвест» компаниясындагы арам акчаны адалдоо фактысы, Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча күнөө коюлуп жатат.

Парламент токтомду Башкы прокуратурага жөнөттү. Депутаттык комиссиянын төрагасы, «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуунун андан аркы жол-жобосу тууралуу айтып берди:

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

«Эми Башкы прокуратура биз көрсөткөн «шектенүүгө негиз бар» деген алты жагдай боюнча иликтеп, чын эле УКМКда, ИИМде, Финчалгында, Финполдо иштер козголуп же иликтөө жүрүп жатабы-жокпу, карап чыгат. Эгер негиздүү деп тапса, Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттери аркылуу сунуш киргизип, «кол тийбестикти алууга негиз бар» деп кайра Жогорку Кеңешке келип, добушка коюлат. Ал эми «негиз жок» десе, биздин комиссиянын иши жокко чыгат».

Парламентте жыйынга катышкан 105 депутаттын 100ү депутаттык комиссиянын корутундусун колдоп добуш берди. Каршы чыккандардын бири, КСДП фракциясынын депутаты Карамат Орозова Атамбаев бийликте турганда ачык мактап-жактап, колунан сыйлык алып, сыйын көрүп жүргөн депутаттар эми доомат айтып жатканын сындады:

«Кээ бириңиздер: «Урматтуу Алмаз Шаршенович, сизден биз көп нерсени үйрөндүк, бизди такшалттыңыз, тарбияладыңыз», «Урматтуу Алмаз Шаршенович, сиздин атыңызды Түндүк-Түштүк жолуна коёлу», «Сиз журт атасысыз», «Сиздин эмгегиңизди өтө жогору баалайбыз, КР Баатыры деген наам берели» дегенсиздер. Силерди колдодубу, президентибиз ал кишиге КР Баатыры наамын ыйгарды. Ошондой кызмат көрсөтүп жатып көпчүлүгүңөр мамлекеттик кызматтарды аркаладыңар, сыйлыктарды алдыңар, сый көрдүңөр. Экс-президенттин маалында биздей жөнөкөй депутаттар үч жылдап анын кабылдамасына кирүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Себеби ал киши сиздердей жакын досторунан, табакташтарынан бошобой, бизди кабыл алган эмес».

Карамат Орозова ошондой эле башкы прокурорго кайрылып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев боюнча калыс чечим чыгарууга чакырды жана «убагы келгенде жооп берип калышы мүмкүн» экенин эскертти.

Депутат Жанарбек Акаев болсо экс-президент Алмазбек Атамбаевден жеке өч алууга жол бербөөгө чакырды. Ал азыркы президенттин тушундагы мыйзамсыз иштердин алдын алуудагы парламенттин ролуна токтолду:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

«Мен Атамбаев күчүндө турганда бардык каталарын бетине айткам. Бирок ал азыр президент эмес, күчүн жоготкон. Баарыңар үчүн жооп бере албайм, бирок азыр жыгылганды баса калып тепкилесем, жеке мен үчүн жигиттикке жатпайт. Атамбаевге байланыштуу жеке өч алуудан, жеке таарынычтардан өйдө болушубуз керек. «Ал мурда антип койду, минтип койду» деген башка маселе, системалык жактан алганда өтө жаман өнөкөт болуп, кийин ар бирибиздин өзүбүздүн башыбызга келбесе экен деген тилек. Азыр ага коюп жаткандай чабуулду бардык органдарга, бардык мыйзамсыз иштерге коюшубуз керек. Ошондо биз эл өкүлчүлүк милдетибизди аткарган болобуз. Мындан ары президентке жардам беребиз, анын саясатын колдойбуз десек, ага жаңы Икрамдарды, жаңы Манас Арабаевдерди, Абдил Сегизбаевдерди жаратпашыбыз керек».

Коомдук ишмер, саясатчы Азимбек Бекназаров да Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы соңку жагдай боюнча пикирин айтып чыкты. Ал «Азаттыкка» комментарий берип жатып, аны кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын объективдүүлүгүнөн шек санады:

«Эгерде «Атамбаев узурпация кылды же коррупцияга барган» десе Атамбаев жети жыл ичинде анын баарын ушул эле парламент менен кылган. Парламент бекиткен өкмөт менен кылган. Өкмөттү парламент шайлайт, парламент кетирет. Чет өлкөдөн келген насыялар менен инвестицияларды парламент ратификация кылат. Атамбаевди «сен өтө оор кылмыш кылгансың» десе ал өкмөттү силер курагансыңар. «Конституция боюнча менин укугум барбы?» деп айтат. Кээ бирөө «Атамбаев биздин колу-бутубузду кайрыган» деп жатат. Колу-бутун кайрып койсо эле добуш бериш керек деген жок да. Ушуга окшогон нерсенин баары Атамбаевдин пайдасына чечилет. Түзүлгөн депутаттык комиссиянын курамы, сапаты да күмөн жаратат. Анткени ага Атамбаевден жабыр тарткан, анын учурунда кылмыш иши козголгондор кирип алыптыр. Жазык кодексинде «ушундай комиссияларга кызыкчылыгы жок адамдар кириши керек» деп жазылган».

Депутаттык комиссия жыйын куруп жаткан маалда, Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда «бийликти басып алууга аракеттенген» деген айып менен соттолуп чыккан саясатчылар да билдирүү менен чыгышты. Алардын бири Бектур Асанов экс-президентке чукул арада иш козгошу керек деп эсептейт.

Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

«Мамлекеттик бийликти узурпациялоо, уюшкан кылмыштуу кланды түзүү, саясий жана экономикалык коррупциялык иштерди уюштуруу айыбы боюнча Алмазбек Атамбаевге 10 күндүн ичинде кылмыш ишин козгоону башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон биз бүгүн дагы бир жолу талап кылышыбыз керек. Конституциянын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик бийликти узурпациялоо өзгөчө оор кылмыш болуп эсептелет. Ал эми 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, «Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана ал Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулат» деп жазылган. Ошондуктан кол тийбестик деген саясий оюндар менен интригаларды жана «жаңы кабыл алынган мыйзамды күтөбүз» деген шылтоону токтотуш керек», - деди Асанов.

Антсе да мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги боюнча түзүлгөн комиссиянын иши саясатташып кеткенин айтты:

«Экс-президентке байланыштуу маселени саясатташтырып отурбай мурунтан келаткан мыйзамдуу жол менен эле чечишсе болмок. Азыр бир нече коррупциялык иштер боюнча кылмыш иштери ачылып, тергелип жатат. «Ошолордун бир тобунда мурдагы президент Атамбаевдин тиешеси бар экен, кийлигишиптир» деп айтылып калып жатат. Эгер Атамбаевге байланыштуу эпизоддор, фактылар болсо Башкы прокуратура баарын топтоп, текшерип, комиссиясы жок эле өз алдынча Жогорку Кеңешке «экс-президентин кол тийбестигин алгыла» деп кайрылса болмок, ага толук укугу бар. Мындай тажрыйбалар биздин тарыхта болгон. Мен башкы прокурор болуп турганда 2010-жылы Бакиевден кол тийбестикти алып, «кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат бергиле» деп, ошол кезде Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын алып турган Убактылуу Өкмөткө кайрылып, макулдугун алганбыз, иш козгогонбуз».

Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов Алмазбек Атамбаевдин айланасындагы соңку окуяларды анын өлкөнү «көмүскө башкаруу» кыялынын кыйрашы менен түшүндүрдү:

Аркадий Дубнов.
Аркадий Дубнов.

«Алмазбек Атамбаев өз күчүн ашыра баалаган жана ошого жараша жооп алды. Ал бийлигинин акыркы жылдарында баарынын көкөйүнө көк таштай тийген. Эч ким менен мунаса тапкысы келген эмес, «журт атасы» өңдүү бирөөгө айланып, кимдир-бирөөнүн артына туруп алып башкаргысы келген. Кыргызстанда болсо андай кылыш мүмкүн эмес. Анткени бул өлкөдө колуна бийлик тийгендин дээрлик баары эле саясий «улак тартыш» ойногусу келет. Ошондуктан анын жагдайы өлкө тарыхында жөн эле бейкапар калып калбайт».

Атамбаев депутаттарга жооп берди

Ал арада экс-президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаттарынын айыптоосу боюнча билдирүү таратты. Мурдагы мамлекет башчы анда парламенттин аракетинин артында азыркы президент турарын билдирди.

«Жогорку Кеңештин менин дарегиме айтылган айыптоолору - жеткен сандырактык, алардын укуктук негизи жок, ойдон чыгарылган имиштерге гана таянган жана учурдагы президенттин саясий атаандашты четтетүүгө болгон умтулуусунан гана келип чыккан. Сооронбай Жээнбеков менин оозумду жабыш үчүн ойдон чыгарылган айыптоолор боюнча мыйзамсыз соттоодон башка ыкма таппай турат. Бул максатта бир жылдан ашуун эң эле ыплас ыкмалар, жеткен ыплас саясатчылар, ыплас ушактар пайдаланылып жатат. Бийлик тарабынан мени каралаш үчүн пайдаланылып жаткан депутаттардын кебете-кешпирин кыргыз эли көрдү, өз баасын берди. Алардын Жээнбековдордун үй-бүлөсүнө жагалданып, коркоктук менен шаша-буша Конституцияны бузушканы, башка мыйзамдарды тоготпогону, документтерди жашырышканы, парламенттин трибунасынан уялбай туруп калп айтышканы чындык менин тарабымда экенин мындан да кашкайта далилдеп турат. Булар Атамбаевди кантип өзөртө согуп, өчүбүздү алсак деп турушат, анткени апрель революциясынан кийин алардын көпчүлүгү жеңилдиктеринен, мыйзамсыз жем жеген акырынан жана уурдаган мүлкүнөн кол жуушкан», - деп айтылат экс-президенттин билдирүүсүндө.

Алмазбек Атамбаев ага чабуул коюп жаткан депутаттардын өздөрүнүн аброю таза эмес экенин, алар президенттин көзүнө көрүнүп калыш үчүн калп айтып жатышканын кошумчалады.

Жээнбековдордун, алардын кошоматчыларынын бирин да эч ким «автомат такап» өкмөттү, парламентти, комитеттерди башкарууга, укуктук-ченемдик актыларга кол койгонго мажбурлабаганын адамдар көрүп, билип турат.

«Мен эч качан жоопкерчиликтен корккон эмесмин жана президенттик кызматтагы ар бир чечимим үчүн жооп берүүгө даярмын. Бирок мага Жээнбековдор тарабынан таңууланып жаткан, күнөөкөрдүн ролуна, калп менен ушактарга эч качан макул болбойм, койго окшоп мойнумду тосуп бербейм. Булар элди көпкө алдай албайт, өзүлөрүнүн ыплас ушактарын да мага оодара албайт. Жээнбековдордун, алардын кошоматчыларынын бирин да эч ким «автомат такап» өкмөттү, парламентти, комитеттерди башкарууга, укуктук-ченемдик актыларга кол койгонго мажбурлабаганын адамдар көрүп, билип турат. Чындык жана мыйзам мен тарапта! Мага намыс өмүрдөн кымбат!», - дейт Атамбаев.

Илмияновдун ишин тергөө аяктады

Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиги кызуу талкууланып жаткан маалда, анын эң ишенимдүү адамы катары белгилүү болгон Икрамжан Илмияновдун тергөөсү аяктап, сотко өткөнү белгилүү болду. Коомчулукта «Шоопур» деген каймана ат менен таанылган Илмияновго карата кылмыш иши былтыр сентябрь айында козголгон. Ага «Алдамчылык» беренеси менен айып коюлган.

УКМКнын басма сөз өкүлү Рахат Сулайманов ушул тушта Илмиянов менен анын жактоочусу тергөө материалдары менен таанышып жатышканын маалымдады:

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

«УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Илмияновдун алдоо жолу менен 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергеп бүттү. Ага Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык») боюнча кылмыш кылганы тууралуу маалымдалып, андан кийин тергөө аягына чыкканы жарыяланды. Азыркы учурда Илмиянов жана анын жактоочусу козголгон иштин материалдары менен таанышып жатышат».

Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын 20-октябрында Орусиянын Татарстан Республикасына караштуу Казань шаарынан Москвага, андан АКШга учканы жатканда кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. УКМК анда Илмиянов президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турганда кайсы бир ишкерден 150 миң доллар алганы тууралуу арыз түшкөнүн билдирген.

Ушул тушта социалдык тармактарда Илмиянов Атамбаевге каршы көрсөтмө берип жатканы тууралуу тактала элек маалыматтар тарап жатат. Депутат Асел Кодуранова жетектеген КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева муну кызыкчылыгы бар тараптардын чагымы катары сыпаттады.

Батукаев боюнча дагы бир адам камалды

Бул жумада кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышы боюнча козголгон иштин алкагында камоо уланды жана сотто айып коюлган адамдардын бөгөт чарасы каралды.

«Азаттыктын» укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактары өкмөт аппаратынын ошол кездеги коопсуздук, укук тартиби жана коргонуу бөлүмүнүн мурдагы башчысы Марат Бекенов кармалганы маалымдашты.

Азиз Батукаев.
Азиз Батукаев.

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Азиз Батукаев 2013-жылдын апрелинде Нарын шаардык сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулган. Ошол эле күнү атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, чартердик учак менен түз эле Чеченстанга чыгып кеткен. Соттун чечимине Батукаевдин ак кан илдетине чалдыкканы жана ичер суусу азайып калганы тууралуу дарыгерлердин тыянагы себеп болгону айтылган. Бирок Батукаев азыр деле тирүү.

Кыргызстанда Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши быйыл жыл башында жанданган. Тергөөнүн алкагында онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган. ЖАМКтын жетекчисинин мурунку кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов да кармалып, кийинчерээк тергөө менен кызматташууга макул болгондон кийин үй камагына чыкканы айтылган. Ошол кездеги акыйкатчы Турсунбек Акун да ИИМге сурак берген.

2013-жылы атайын прокурор болуп иштеп турган Нарын облустук прокурорунун орун басары Майрамбек Акматалиевдин өлкөдөн чыгышына тыюу салынган. Батукаев түрмөдөн чыккан кезде Башкы прокуратураны жетектеген экс-депутат Аида Салянова да өткөн аптада кармалып, 26-июнга чейин камалган. Ал 15-июнда жүрөк илдетинен улам ооруканага которулган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) мурдагы жетекчиси, учурдагы депутат Зарылбек Рысалиев да 7-июнда Ички иштер министрлигинде сурак берип жатканда өзүн жаман сезгени айтылып, ооруканага жеткирилген.

21-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, тергөө абагында 26-августка чейин калтыруу тууралуу чечим кабыл алды. Ушул эле күнү Батукаев боюнча айып коюлган мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун да бөгөт чарасы каралды. Анда анын үй камагындагы мөөнөтүн узартуу тууралуу чечим кабыл чыкты. Атаханов Бишкектин Биринчи май райондук сотунан чыгып бараткан учурда журналисттердин суроолоруна толук жооп бергиси келген жок.

Атаханов тергөө менен кызматташып жатканы белгилүү. Жогорку Кеңеште ИИМдин өкүлү Мырзалы Жумаев суракта Атаханов Батукаевдин ишине байланыштуу Атамбаевдин атын атап жатканын билдирген.

АКШ-Иран: жаңжал ырбады

Бул жумада АКШ менен Ирандын ортосундагы чатак курчуду. Тегерандагы Ислам революциясынын сакчылары корпусу 20-июнда америкалык дронду атып түшүргөнүн жарыялады. Окуя Ирандын түштүгүндөгү Хормозган провинциясында болгонун, дрон тыңчылык кылганын жана Ирандын аба чек арасын бузганын маалымдаган.

АКШнын Борбордук командачылыгы башында маалыматты четке каккан, бирок көп өтпөй Иран дронду атып түшүргөнүн ырастап, окуя Ирандын аймагында эмес, Ормуз кысыгында болгонун билдирди.

АКШнын президенти Дональд Трамп америкалык дрондун атып түшүрүлүшүнө жооп иретинде Иранга сокку урууга буйрук бергенин бышыктады.

21-июнда ал буга байланыштуу бир нече твит жазды. Анда Ирандагы үч жайга сокку урууга буйрук бергенин, бирок чабуулга 10 мүнөт калганда бул оюнан айныганын, «150дөй адам өлүшү мүмкүн» деген маалымат түшкөнүн маалымдады.

Мунун алдында Тегеран АКШнын дрону Ирандын аба мейкиндигин бузганын ырастаган далилдер бар экенин билдирген.

АКШ Иранды мунай ташыган танкерлерге коюлган чабуул үчүн кайрадан айыптап, Жакынкы Чыгышка миңдей аскер жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алган. Тегеран өз дарегине айтылган дооматтардын баарын четке кагып келет.

Муххамед Мурси сот залында ажал тапты

Египеттин бийликтен кулатылган президенти Мухаммед Мурси 17-июнда сот залында жүрөгү кармап өлдү. Ал тыңчылыкка байланыштуу коюлган айып боюнча соттолуп жаткан.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Мурсинин өлүмүнүн себеби эл аралык деңгээлде иликтениши керек экенин билдирди. Ал буга эл аралык коомчулуктун, маселен, БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын деңгээлинде көңүл бурдурууга колдон келишинче аракет кылууга убада берди.

Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

«Мурси сот залында 20 мүнөттөй эс-учтан танып жатты, ага эч ким көңүл бурган жок. Мурсини өлтүрүштү», - деди Эрдоган.

Стамбулда Египеттин экс-президентинин арбагына багышталып куран окутулду. Куран окутууга барган Эрдоган Мурси өз ажалы менен өлгөнүнө ишенбей турганын айтты.

Египеттин тышкы иштер министри Ахмед Хавез түрк президентинин атын атабай, анын айткандарын сынга алды:

«Мындай жооптуу кызматтагы адамдар демократияны, адам укуктарын сыйлаарын айтып келишет, бирок кандай гана жол менен болбосун бийликте калууга аракет кылышат. Мунун айынан «зулум» диктаторго айланышат. Өз ажалы менен өлгөн адамды да саясатташтырышат».

67 жаштагы Муххамед Мурси Эрдогандын саясий өнөктөшү болгон. Мурси бир катар иштер, анын ичинде палестиналык радикал ХАМАС тобу жана ливандык «Хезболла» уюму менен байланышта деген айыптар боюнча соттолуп жаткан.

Мурси «Араб жазы» учурунда Хосни Мубарак бийликтен кулатылгандан кийин, 2012-жылы президенттик шайлоодо жеңип, Египеттин тарыхында демократиялык жол менен келген алгачкы жетекчи болуп калган. Бирок бир жылдан кийин аскердик төңкөрүштүн жыйынтыгында кызматтан кетирилип, «Мусулман агайындар» кыймылынын мүчөлөрү жана башка тарапкерлери куугунтукка кабылган. Анын ордуна азыркы президент Абдул-Фаттах ас-Сиси бийликке келген.

2015-жылы апрелде Мухаммад Мурси президент болуп турган кезде демонстранттарды камоого жана кыйноого буйрук берген деп табылып, 20 жылга соттолгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG