Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:06

АКШ деңиздеги чабуулду Ирандан көрдү


"Kokuka Courageous" кемеси чабуул коюлгандан кийин. 13-июнь, 2019-жыл
"Kokuka Courageous" кемеси чабуул коюлгандан кийин. 13-июнь, 2019-жыл

Оман булуңунда мунай ташып бараткан эки танкерге коюлган чабуул үчүн Иран жооптуу. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео билдирди. Анын айтымында, Кошмо Штаттар мындай тыянакка анда колдонулган куралдар боюнча алынган чалгын маалыматтарды изилдегенден кийин келген.

Иран болсо анын дарегине айтылган бардык айыптоолорду четке кагууда.

Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы Оман булуңундагы эки танкерге коюлган чабуулдагы Ирандын ролун айгинелейт деген видеону жарыялады. Анда "Ислам революциясынын сакчылар корпусуна" таандык кеменин экипажы бутага алынган мунай танкерлеринин биринен жарылбай калган минаны алып жаткандай көрүнөт.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун сөзүнө караганда, Кошмо Штаттар Оман булуңунда 13-июнда болгон окуяны талкуулоо үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин жыйынын өткөрүүнү сунуштады.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео.

"Кошмо Штаттардын баасына ылайык, Оман булуңунда болгон кол салуу үчүн Иран Ислам Республикасы жооптуу. Бул тыянак колдонулган куралга, операцияны ишке ашыруу боюнча илимдин деңгээлине, кемелерге жасалган буга чейинки чабуулга негизделип жасалды. Бул аймакта аракеттенген башка бир да топ мындай жогорку деңгээлде аракеттене ала тургандай даярдыкка ээ эмес. Бул Ирандын жана ага баш ийген топтордун АКШга жана анын союздаштарынын кызыкчылыгына каршы чабуулдарынын кезектеги уландысы", - деди АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео.

Перс булуңунда Сауд Арабиясынан Сингапурга жана Тайванга мунай ташып бара жаткан кемелерге кол салуу болгону тууралуу 13-июнда кабарланган. Белгисиз адамдар "Front Altair" кемесине чабуул жасап, бортто үч жолу жарылуу болгон. Норвегиялык компанияга таандык кеме Маршалл аралдарынын желеги менен бараткан. Норвегия бийлигинин маалыматына караганда, кемедеги 23 деңиз аскеринин 11и Орусиянын, ал эми бирөө Грузиянын жараны болгон. Алардын баары куткарылган.

Ал эми Панаманын туусу менен бара жаткан экинчи кеме - "Kokuka Courageous" кемесинин ичинде Филиппиндин 21 жараны болгон. Ал кемени белгисиз адамдар эки жолу аткылашкан. Моряктарды америкалык эсминец куткарган.

Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары болсо, 44 адамды Ирандын аскер – деңиз флоту куткарганын кабарлап жатат. Тегерандын БУУдагы өкүлчүлүгү 13-июндагы билдирүүсүндө АКШнын негизсиз айыптоолорун караманча четке кага турганын билдирди.

Ал эми Бишкектеги Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышып жаткан Ирандын президенти Хасан Роухани АКШ бийлигинин Тегеранга карата саясатын сынга алды.

Роухани "акыркы учурда айрым өлкөлөрдүн бир тараптуу кийлигишүүсү дүйнөлүк стабилдүүлүктү, коопсуздукту жана кызыкчылыкты коркунучка кептеп жатканын" билдирди.

Иран лидеринин айтымында, АКШнын акыркы аракеттери Жакынкы Чыгыштагы туруктуулукка олуттуу коркунуч жаратып жатат.

Ирандын президенти Хасан Роухани. Бишкек, Кыргызстан, 14-июнь, 2019-жыл
Ирандын президенти Хасан Роухани. Бишкек, Кыргызстан, 14-июнь, 2019-жыл

"АКШ бийлиги акыркы эки жылда эл аралык нормаларды бузуп, өзүнүн экономикалык, финансылык жана аскердик мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен агрессивдүү кадамдарды жасоодо, дүйнөгө жана аймакка коркунуч жаратып жатат", - деди Роухани.

Ошондой эле ал Иран МАГАТЭ уюмунун бардык шарттарын аткарганына карабай, өзөктүк программадан АКШ бир тараптуу чыгып кеткенин сынга алып, келишимдин башка катышуучуларын анын шарттарын аткарууга чакырды.

Бирок Ирандын аймактагы башкы атаандашы жана АКШнын негизги өнөктөшү Сауд Арабиясы аларда Вашингтондун кемелерге кол салуу боюнча Ирандын күнөөсүн белгилеген баасы менен макул болбой коюуга себеп жоктугун билдирди. “Иран мындай иштерди мурдатан кылып жүргөн” деди тышкы иштер министри Адель ал-Жубейр CNN телеканалына.

Британиянын тышкы иштер министри Жереми Хант Би-би-сиге мунай танкерлерине чабуул үчүн Иран күнөөлүү деген АКШнын көз карашына ынанып турганын айтты. Анын айтымында, Британия жакында окуяга өзүнүн баасын берет.

Кемелер боюнча окуя - жалпы эле Перс булуңунда акыркы айда эле болгон экинчи кол салуу. 11-майда мунай ташыган төрт кеме – Сауд Арабиясынын эки, Норвегиянын бир жана Бириккен Араб Эмираттарынын бир кемеси Оман булуңунда чабуул жасалып, ар кандай деңгээлдеги зыян келтирилген. Анда да бул кол салуунун артында Иран турат деген көз караштар айтылган. Иран болсо анын дарегине айтылган бардык айыптоолорду четке каккан болчу.

2015-жылдагы Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге Франция, Орусия, Кытай, Германия, АКШ жана Британия кол койгон. Ал келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектеп, анын ордуна Иранга каршы экономикалык санкциялар алынган. Бирок Трамп 2018-жылы майда келишимден чыгып жатканда анын шарттары Ирандын өзөктүк куралын чектебей турганын билдирген жана Иранды «аймактагы согушкерлерди колдойт» деп айыптаган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG