Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

ШКУ: экономика ийкемдүү, коопсуздук бекем болсун


ШКУ башчыларынын жолугушуусу башталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:03 0:00

ШКУ башчыларынын жолугушуусу башталды

Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити Бишкек декларациясын кабыл алуу менен аяктады.

Мындан тышкары маңзат соодасына каршы күрөшүү, санариптешүү жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, айлана-чөйрөнү коргоо, гуманитардык маселелерди жөнгө салуу, туризм, айыл чарба тармактары боюнча кызматташтыкты камтыган макулдашууларга кол коюлду.

ШКУ катчылыгынын эл аралык "Астана" каржылык борбору, Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасы жана Европа экономикалык комиссиясы менен кызматташуу меморандумдары кабыл алынды. «ШКУ-Ооганстан» тобунун "жол картасы" боюнча чечимге кол коюлду.

Ал эми мекемелер деңгээлинде жалпыга маалымдоо каражаттары, дене тарбия жана спорт, саламаттыкты сактоо жаатындагы байланыштар тууралуу документтер да кабыл алынды.

ШКУ лидерлеринин сунуштары

Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун курууну тездетүү зарыл. Бул тууралуу Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Бишкекте өтүп жаткан саммитинде Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

Кыргыз президенти ШКУнун эл аралык жана аймактагы мааниси чоң экенин белгилеп, расмий Бишкек бул уюм алкагындагы кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин айтты.

Жээнбеков уюм алкагындагы транспорттук-логистикалык байланыштарды күчөтүү зарыл экенин белгилеп, “Бул багытта биз Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорду ишке ашырууну тездетүүнү колдойбуз” деди.

Андан тышкары ШКУнун экономикалык кылмыштарга каршы атайын органын түзүүнү сунуштады. Президенттин айтымында, экономикалык кылмыштар маңзат бизнеси, аткезчилик, арам акчаны адалдоого аракеттенүү сыяктуу мыйзамсыз көрүнүштөр менен байланыштуу трансулуттук мүнөзгө ээ.

"Экономикалык кылмыштар, адатта, трансулуттук мүнөзгө ээ. Мунун баары маңзат соодасы, аткезчилик, арам акчаны адалдоо аракети менен тыгыз байланышта", - деди кыргыз мамлекетинин башчысы.

Ал эми Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) алкагында маалыматтык коопсуздук борборун түзүү зарыл деп эсептейт.

Касым-Жомарт Токаев
Касым-Жомарт Токаев

"Терроризм проблемасы глобалдык түйүндө да байкалууда. Киберкоопсуздукту камсыздоодо кошумча чаралар талап кылынат. ШКУда маалыматтык коопсуздук боюнча борбор түзүү бул мейкиндиктеги коопсуздук үчүн маанилүү роль ойномок".

Казакстандын президенти катары алгач жолу эл аралык жыйынга катышып жаткан Касым-Жомарт Токаев ШКУнун дүйнөдөгү башка уюмдар менен байланышын күчөтүүгө чакырды. Токаев бул багытта Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин үч багыттуу диалог боюнча сунушун колдоо керектигин белгиледи. Анын алкагында дүйнөдөгү блоктук түзүмдү жокко чыгарып, ШКУ Евразиядагы ЕАЭБ, АСЕАН, БРИКС жана Европа биримдиги сыяктуу уюмдар менен ишенимдүү өнөктөш болушу керек экенин да кошумчалады.

Си Цзиньпиң
Си Цзиньпиң

​Кытайдын лидери Си Цзиньпиң аймактык экономика азыркыга караганда ачыгыраак, толеранттуу жана интеграцияга ийкемдүү болушу керек экенине токтолду.

Ал ошондой эле ШКУ ар бир мүчө мамлекет өзүнө пайда көрө алчудай кызматташтыктын үлгүсү болууга умтуларын белгилеп, инвестиция тартууну, соода-сатыкты кеңейтүүнү улантууга чакырды.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) "жашыл алкагын" түзүүнү сунуш кылды.

"ШКУнун "жашыл алкагын" түзүү боюнча программа кабыл алуу актуалдуу маселе деп эсептейбиз. Максат - өлкөлөрүбүздө ресурс үнөмдөөчү заманбап жана экологиялык таза технологияларды кеңири жайылтуу".

Өзбекстандын президенти ошондой эле агроинновациялык долбоорлорду колдоого, экономикалык форумдарды өткөрүп турууга, коопсуздукту камсыздоочу чараларды көрүүгө, туристтик кызматташтыкты өнүктүрүүгө чакырды.

ШКУга мүчө мамлекеттердин желектери.
ШКУга мүчө мамлекеттердин желектери.

ШКУнун алгачкы экономикалык форумун Самарканд шаарында өткөрүүнү сунуш кылды.

"Биз биринчи экономикалык форумду өткөрүүгө даярбыз. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн ишкерлери ортосунда аймактык деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп туруу керек", - деди Мирзиёев.

Ал эми орус президенти Владимир Путин Орусия Шанхай кызматташтык уюмунда (ШКУ) төрагалык милдетти аркалоо учурунда Ирандын өзөктүк программасы боюнча саясий келишимдин аткарылышын талап кылууну улантарына токтолду.

"Ирандын өзөктүк программасынын тегерегинде түзүлгөн кырдаал тынчсыздануу жаратууда. Бул пландан АКШнын чыгып кетиши аймакта кырдаалды дестабилдештирүү менен катар өзөктүк куралды жайылтоо режимин үзгүлтүккө учуратуу коркунучун да жаратууда", - деди Путин.

Путин Сирия маселесине да токтолду. Бул өлкөдөгү террордук очокторду толугу менен жок кылуу керек деген оюн айтты.

"Сириянын Идлиб аймагындагы террорчул очокторду толугу менен жок кылуу үчүн расмий Дамаскка көмөктөшүү зарыл".

Орусиянын лидери "дүйнөдөгү террорчул күчтөрдү каржылаган булактарга каршы күрөшүү керектигин" баса белгиледи.

Ал эми Ирандын президенти Хасан Роухани АКШ бийлигинин Тегеранга карата саясатын сынга алды.

Роухани "акыркы учурда айрым өлкөлөрдүн бир тараптуу кийлигишүүсү дүйнөлүк стабилдүүлүктү, коопсуздукту жана кызыкчылыкты коркунучка кептеп жатканын" билдирди.

Иран лидеринин айтымында, АКШнын акыркы аракеттери Жакынкы Чыгыштагы туруктуулукка олуттуу коркунуч жаратып жатат.

"АКШ бийлиги акыркы эки жылда эл аралык нормаларды бузуп, өзүнүн экономикалык, финансылык жана аскердик мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен агрессивдүү кадамдарды жасоодо, дүйнөгө жана аймакка коркунуч жаратып жатат", - деди Роухани.

Ошондой эле ал Иран МАГАТЭ уюмунун бардык шарттарын аткарганына карабай өзөктүк программадан АКШ бир тараптуу чыгып кеткенин сынга алып, келишимдин башка катышуучуларын анын шарттарын аткарууга чакырды.

Нарендра Моди
Нарендра Моди

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди террорчулукка каршы эл аралык саммит өткөрүүнү сунуш кылды. Бүгүн 14-июнда Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде сүйлөп жатып ал терроризмди колдогон өлкөлөрдү "изоляцияда калтыруу" керек экенин айтты.

"Террорчуларга жардам берип, аларды каржылаган өлкөлөр жоопко тартылышы керек", - деди Моди.

Ошондой эле ал аймактагы коопсуздукту камсыз кылууда Ооганстан маселеси өзгөчө мааниге ээ экенин айтты. "Нью-Дели досу Ооганстанга мындан ары да колдоосун көрсөтө берет" деп кошумчалады Индиянын өкмөт башчысы.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон болсо Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) террордук жана экстремисттик бирикмелердин маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кеңири пайдалануусуна бөгөт коюучу иш-аракеттерин күчөтүшү керек деп эсептейт.

"Аймакта туруктуулукту бузуу аракеттерине бирге каршы турушубуз зарыл. Тажикстан маалыматтык чөйрөдөгү жаңы коркунучтарга жана чакырыктарга каршы күрөш боюнча кызматташтыкты активдештирүүгө даяр", - деди ал.

2019-2020-жылдары ШКУдагы төрагалык милдет Орусияда болот.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG