Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

ШКУнун глобалдык саясаттагы салмагы


ШКУнун курамындагы мамлекеттердин туулары.
ШКУнун курамындагы мамлекеттердин туулары.

Бишкекте өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) жогорку деңгээлдеги жыйынына ондон ашык өлкөнүн мамлекет башчыларынын катышары айтылууда.

ШКУнун глобалдык саясаттагы орду кандай? Евразия аймагындагы таасири күчөп жатабы? Кыргызстандын бул уюмдан алары, табары эмне? Жыйында чечиле турган негизги маселелер кайсы?

«Арай көз чарай» талкуусуна коомдук ишмер, дипломат Алмаз Кулматов жана эл аралык маселелер боюнча эксперттер Эдил Осмонбетов катышты.

«Азаттык»: - Алмаз мырза, Шанхай Кызматташтык Уюмунун түзүлгөнүнө 18 жыл болду. Ушул аралыкта уюмдун глобалдык саясаттагы орду, ролу кандай болду?

Алмаз Кулматов.
Алмаз Кулматов.

Алмаз Кулматов: - Албетте, эл аралык уюм үчүн 18 жыл узак убакыт. Ушул убакыттын ичинде ШКУ дүйнөдөгү таасирдүү жана жоопкерчиликтүү бирикме катары өзүн көрсөтө алды десек болот.

Дүйнөнүн башка уюмдары, дөөлөттүү мамлекеттери эсептешкидей деңгээлге жетти. Индия менен Пакистан мамлекеттеринин ШКУга мүчө болушу да көптү айтып турат.

Негизи интеграциялык процесстер, ар кандай бирикмелер бири-бири менен атаандаш болот. ШКУга кирген мамлекеттердин калкынын саны да 3 миллиарддан ашык. Ээлеген аянты да эң чоң. Бул да маанилүү фактор. Дүйнөлүк капиталдын 20 пайыздан ашыгы да ШКУ мамлекеттерине таандык. Ошондуктан ШКУнун дүйнөдөгү таасири жана мааниси чоң болуп жатканы талашсыз.

«Азаттык»: - Эдил мырза, ШКУнун уюштурулушу Евразия континентиндеги, дегеле дүйнө жүзүндөгү саясий тең салмактуулукту кармаш үчүн түзүлгөн деген пикирлер бар. Эгер ал чын болсо анда ошол милдетин аткарып жатабы?

Эдил Осмонбетов: - ШКУ түзүлгөндө беш мамлекет эле мүчө болчу. Башында уюм иштей баштаганда Борбор Азияга байланышкан чек ара, терроризм, экстремизм жана жикчилдик сыяктуу аймактык маселелер каралчу. Алтынчы мүчө болуп Өзбекстан кошулду. Анан дагы көп мамлекеттер «байкоочу, өнөктөш мамлекет бололу» деп келе башташты. Бул жагы Иран, Сирия, Түркия, тигил жагы Бангладеш, бери жагы Беларус, дагы көптөгөн мамлекеттер кызыкчылыктарын билдирип жатышты. Мисалы, Беларус башында 2005-жылы өнөктөш мамлекет катары кирип, он жылдан кийин гана байкоочу-мамлекет статусун алды. Ушунун баары ШКУнун геосаясий айдыңда өсүп баратканынын, салмагы чоңоюп жатканынын белгиси.

ШКУ - көп мамлекеттер үчүн эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрө турган, ага шарт түзө турган жакшы аянтча. Өзгөчө Индия менен Пакистан киргенде ШКУнун салмагы ого бетер көтөрүлдү. ШКУнун саммиттерине акыркы жылдары БУУнун баш катчысы Антониу Гуттерештин, Эл аралык Валюта Фондунун жетекчисинин катышуусу - уюм чоң, абройлуу бирикмеге айланып жатканынын белгиси.

«Азаттык»: - Алмаз мырза, «ШКУ - НАТОго атаандаш аскер блогу эмес» деп келгенибиз менен ага кирген мамлекеттердин ортосунда, айталы Индия менен Орусиянын курал-жарак сатып алуу келишимдери бар, биргелешкен аскердик машыгуулары жүрүп жатат. Ушундан улам ШКУ бара-бара аскердик блокко айланышы мүмкүнбү?

Алмаз Кулматов: - ШКУ жаңыдан түзүлүп жатканда, акыркы 18 жылдык тарыхында андай аскердик максат койгон эмес. НАТО уюуштулганда эле аскердик макасат койгонун баарыбыз билебиз. ШКУнун эң башкы максаты - экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү. Бирок интеграциялык процесстер толук болууга тийиш. Ошондон улам айтсам коргонуу, коопсуздук максатында мамлекеттер ортосунда аскердик багытта кызматташтык болот, андан айланып өтүү мүмкүн эмес.

Мындан сырткары азыркы учурда жалгыз мамлекет кыйгап өтө албай турган терроризм, экстремизм, жикчилдик деген глобалдуу мүшкүлдөр бар. Алар менен күрөшүүдө мамлекеттер ортосунда аскердик-техникалык, атайын кызматтар боюнча кызматташуу өтө зарыл. ШКУ ушул багытка негизги көңүлдү бурууда. Биргелешкен аракеттер болбосо ал мүшкүлдөрдү жеңе албайбыз. Ошондуктан ШКУнун алкагында ага кирген мамлекеттердин эки тараптуу, көп тараптуу кызматташтыгы объективдүү көрүнүш.

«Азаттык»: - Эдил мырза, ШКУга кечээ жакында Индия менен Пакистан чогуу мүчө болуп киришти. Жарым кылымдан бери каршылашып келаткан бул эки мамлекеттин кайрадан бир уюмга киришине эмне себеп болду? Кашмир жаңжалы эми чечилет десек болобу? Анткени «ШКУнун максаты - анын курамындагы мамлекеттердин ортосунда ишеним жараткан достук мамилеге жетүү» деп жазылган.

Эдил Осмонбетов: - ШКУга мүчө болуп кирип жаткан мамлекеттердин ар биринин улуттук кызыкчылыгы бар. Пакистандын уюмга мүчө болушуна Кытайдын салымы болгон. Индиянын ШКУга киришин Орусия колдогон. Ким кандай шартта кирбесин, ШКУнун талаптарын, жоболорун колдошу керек, аткарышы керек. Индия менен Пакистан азырынча ШКУнун уставын аткарып жатышат, бузушкан жок. Индиянын глобалдуу геосаясий кызыкчылыгы бар. Ал Борбор Азия менен кызматташууга умтулат, биз аркылуу Кытайга, Европага чыккысы келет.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

ШКУнун глобалдык саясаттагы орду жана салмагы (аудио)
please wait

No media source currently available

0:00 0:21:47 0:00
Түз линк

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG