Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55

Делинин космостогу дымагы


Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин шаршембидеги билдирүүсүн Амритсар шаарынын тургандары теледен көрүп жатышат, 27-март 2019-жыл.
Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин шаршембидеги билдирүүсүн Амритсар шаарынын тургандары теледен көрүп жатышат, 27-март 2019-жыл.

Индия жандоочту атып түшүрө алган ракетасын ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн жар салды. Премьер-министр Нарендра Моди эми өз өлкөсү жогорку деңгээлдеги космостук технологиясы бар супер державага айланганын айтты. Аны улай коңшу Пакистан космосту жарыша куралдануунун чордонуна айлантпоого чакырды.

Нарендра Моди өз өлкөсү космостогу жасалма жандоочторду бутага алууга жөндөмдүү ракетасын сыноодон өткөргөнүн 27-марттагы телекайрылуусунда жарыялады.

Анын айтымында, өлкөнүн чыгышындагы Одиша аймагынан учурулган ракета Жер бетинен 300 чакырым алыстыктагы төмөнкү орбитада жайгашкан, Индияга таандык жандоочту ийгиликтүү атып түшүрдү.

Өкмөт башчы Моди бул операция болгону үч мүнөткө созулганын айтып, өз өлкөсү космосто үстөмдүк кылган мамлекеттердин катарына кошулганын айтты:

"Бүгүн Индия өзүнүн атын космостогу супер держава же космостук держава катары каттоодон өткөрдү. Ушуга чейин болгону үч өлкөнүн - Америка, Орусия жана Кытайдын гана ушундай кудурети бар эле. Эми Индия мындай мүмкүнчүлүккө ээ болгон төртүнчү мамлекет болуп калды".

Шаршембиде сыналган баллистикалык ракета.
Шаршембиде сыналган баллистикалык ракета.

​Модинин парламенттик шайлоого эки жума калганда айткан, Индияны даңазалаган мындай сөздөрүнөн көп өтпөй анын коңшусу Пакистан атайын билдирүү таратып, космос мейкиндигиндеги жарыша куралданууга каршы экенин жар салды. Бирок расмий билдирүүдө Индиянын аты аталган жок.

"Космос - адамзаттын жалпы мурасы. Ар бир мамлекет бул мейкиндикти милитаризациялоого жол ачкан аракеттен карманышы керек", - деп айтылат Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин 27-марттагы билдирүүсүндө.

Нью-Дели менен Исламабаддын алакасы эки мамлекет 1947-жылы Британиядан эгемендигин жарыялагандан бери карама-каршылык жана аскердик жаңжал менен коштолуп келет. Өзөктүк куралы бар бул эки өлкөнүн ортосунда 72 жылдын ичинде кеминде үч жолу ири куралдуу кармаш чыккан. Алардын экөөнө Кашмир аймагынын макамы боюнча талаш себеп болгон.

Индиянын соңку сыноосун жактырбаганын ишара кылган Исламабаддын билдирүүсүнөн бир аз мурда Кытайдын Тышкы иштер министрлиги да үн катып, расмий Бээжин дүйнөдөгү бардык өлкөлөр "космостогу тынчтыкты сактай алат" деп үмүттөнүп турганын билдирди. Азырынча Индиянын соңку жарыясы боюнча АКШ менен Орусиянын расмий өкүлдөрү комментарий бере элек.

Бирок коңшусунун сынына Индиянын Тышкы иштер министрлиги дароо жооп кайтарып, космостогу жарыша куралданууга аралашууга ниети жоктугун, соңку технологиясы башка өлкөлөргө каршы колдонулбай турганын белгиледи.

Ушундай эле сөздү Индиянын финансы министри Арун Жаитли да шаршемби күнү Делидеги басма сөз жыйынында айтты:

"Биз муну чабуул коюу үчүн иштеп чыккан жокпуз. Биз бул технологияны өзүбүздүн коопсуздугубузду камсыз кылуу үчүн жасадык. Биздин өзөктүк курал боюнча доктринабызда деле: "Биринчи колдонмой жок, болгону өзөктүк курал коркунучун алдын алуучу ишенимдүү фактор", - деп айтылган.

Индиянын CARTOSAT-2 жандоочу космоско учурулган көз ирмем. Андхра Прадеш, 2016-жылдын июнь айы.
Индиянын CARTOSAT-2 жандоочу космоско учурулган көз ирмем. Андхра Прадеш, 2016-жылдын июнь айы.

Кантсе да Нью-Дели бир нече жылдан бери космостук программасына өзгөчө көңүл буруп келет. Азыр Индия өз алдынча жандоочторду жасап, аны космоско учура алат. Бул өлкөнүн жасалма жандоочтору Батыштын технологияларына арзан альтернатива катары каралып келет. Нью-Дели 2014-жылы көп чыгым сарптабай эле Марска чакан зонд жөнөткөн. 2022-жылы космоско астронавттары менен кошо биринчи миссиясын жиберүүнү көздөп турат.

Индиянын соңку жарыясы дүйнө державаларынын космостогу үстөмдүк үчүн тымызын күрөшү тууралуу маселе маал-маалы менен күн тартибине чыгып жаткан учурга туш келди.

Февраль айында АКШнын Коргоо министрлигинин Чалгын агенттиги космос маселесинде Американын потенциалдуу каршылаштары катары Орусия жана Кытайды атап, бул эки өлкө америкалык жандоочторду бутага алууга жөндөмдүү лазерлерди иштеп чыгып жатканын билдирген. Орус тарап да, расмий Бээжин да Американын Чалгын агенттигинин баяндамасындагы мындай дооматтарды четке кагышкан. 19-февралда президент Дональд Трамп АКШнын космостук күчтөрүн түзүү жараянын баштоону буюрган эле.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG