Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

АКШ космос күчтөрүн түзүүгө киришти


АКШ президенти Дональд Трамп "Космостук саясат тууралуу буйрукту" көрсөтүп жатат, Ак үй, Вашингтон, 19-февраль, 2019-жыл.
АКШ президенти Дональд Трамп "Космостук саясат тууралуу буйрукту" көрсөтүп жатат, Ак үй, Вашингтон, 19-февраль, 2019-жыл.

Президент Дональд Трамп Американын космостук күчтөрүн түзүү тууралуу буйрукка кол койду. Армиянын бул бөлүгү атаандаш өлкөлөрдүн космостогу достукка жатпаган болжолдуу аракеттерине каршы турууну максат кылат.

Президент Дональд Трамп 19-февралдагы чечими менен АКШнын космостук күчтөрүн түзүү жараянын баштоону буюрду.

Алгачкы сунушка ылайык, космостон келген коркунучтарга каршы турууну көздөгөн бул күчтөр жөө аскерлер, деңиз флоту жана аба күчтөрү сыяктуу армиянын алтынчы, өзүнчө бөлүгү болот.

- Космос күчтөрү агрессияга каршы туруу жана космостогу кастык аракеттерден элибизди, өнөктөштөрүбүздү коргоо үчүн аскерлердин жаңы муунун түзөт. Аларды машыктырат жана жабдып турат. Бизде ал үчүн даярдалган коргонууга жана чабуул коюуга керектүү курал-жарактар бар, - деп билдирди Трамп.

Космостук күчтөрдү түзүү үчүн Конгресстин макулдугу керек. Пентагондун эки кызматкери тиешелүү мыйзам долбоору Конгресске келерки дүйшөмбүдө киргизилерин маалымат каражаттарына билдиришти. Анда жаңы түзүлүүчү аскерлерге келерки беш жыл ичинде жылына 73 миллион доллар сарпталары белгиленген.

Дональд Трамп шейшембиде атайын буйрукка кол коюп жатып, космос күчтөрүн түзүү чечимин зарылчылык катары мүнөздөдү:

- Бул келечек. Бизге жагабы же жакпайбы, бирок биз бул тарапка баратабыз. Бул космос. Бул биз таштай турган кадам жана биз даяр болушубуз керек. Биздин атаандаштар, алар менен жакшы мамиледе болобузбу же жокпу, айтор космосто жүрүшөт. Алар бул ишти кылып жатышат. Биз да кылып жатабыз. Бул элибиздин коргонуу тармагынын абдан чоң бөлүгү болот.

Жер шарынын бир бөлүгүнүн космостон тартылган сүрөтү.
Жер шарынын бир бөлүгүнүн космостон тартылган сүрөтү.

11-февралда АКШнын Коргоо министрлигинин Чалгын агенттиги космостогу коркунучтар тууралуу баяндамасын жарыялаган. Анда космос маселесинде Американын потенциалдуу каршылаштары катары Орусия жана Кытай аталып, бул эки өлкө АКШнын космостогу үстөмдүгүнө коркунуч жарата турган технологияны жасап жатканы айтылган.

Маселен баяндамада Москва менен Бээжин америкалык спутниктерди бутага алууга жөндөмдүү лазерлерди, аскердик жандоочторду жасап жатканы, космосто чалгын базаларын түзүүнү мелжеп турганы белгиленген.

Мисал катары Орусиянын 2017-жылы космоско инспектор-спутнигин жөнөткөнү жазылган. Орус тарап да, расмий Бээжин да АКШнын Чалгын агенттигинин соңку баяндамасындагы айыптоолорду четке кагышкан.

- Космос бүткүл адамзатка таандык. Бир дагы өлкөнүн, өзгөчө АКШнын жеке менчиги эмес. Биз АКШнын Коргоо министрлигинин чалгын агенттиги Кытай жана Орусия сыяктуу башка өлкөлөрдүн космос саясаты тууралуу туура эмес билдирүү таратканын байкадык. Мындай комментарийлер толугу менен негизсиз. Кытай космосту тынч максатта колдонууну жактап, космос мейкиндигиндеги милитаризация аракеттерине жана жарыша куралданууга каршы болуп келген. Аны алдын алуу үчүн Кытай бир канча жылдан бери тиешелүү эл аралык документтер боюнча Орусия жана башка өлкөлөр менен бирге иш алып барууда, - деп билдирген Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чуньин.

НАСА агенттигинин Хьюстондогу көзөмөл борбору. 15-май, 2018-жыл.
НАСА агенттигинин Хьюстондогу көзөмөл борбору. 15-май, 2018-жыл.

Космостогу аскерлер түзүмүн негиздөө демилгесин АКШ президенти Дональд Трамп 2018-жылы эле көтөргөн.

Анын чечимин колдогондор космостук аскерлердин түзүлүшү Орусия менен Кытайдын космостогу достукка жатпаган болжолдуу аракеттерин алдын алууга жардам берет дешет. Сынчылар болсо мындай аракет космостогу милитаризацияга, жарыша куралданууга жол ачат деп эскертишүүдө.

Трамптын соңку буйругунан кийин мындай камтамачылыгын баш кеңсеси Америкада жайгашкан “Тынчсызданган окумуштуулардын биримдиги” (Union of Concerned Scientists) уюмунун өкүлдөрү билдиришти.

АКШ космостук агенттиги НАСА үчүн жылына 20 миллиард доллардай каражат сарптайт. Кытай өзүнүн космостук мекемесине 11 миллиард доллар, Орусия “Роскосмоско” 3 миллиард доллар бөлөт.

“Тынчсызданган окумуштуулардын биримдигинин” маалыматы боюнча, учурда Жер планетасынын орбитасында 1900дөн ашуун спутник бар. Алардын 43 пайызы Америкага, 14 пайызы Кытайга, 8 пайызга чукулу Орусияга туура келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG