Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:18

АКШ космостук аскерлерин түзөт


АКШнын президенти Дональд Трамп космостук аскерлерди түзүү тууралуу буйрукка кол койгонун көрсөтүп жатат.
АКШнын президенти Дональд Трамп космостук аскерлерди түзүү тууралуу буйрукка кол койгонун көрсөтүп жатат.

АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөнүн жаны куралдуу күчтөрүн түзүү жөнүндө буйрукка кол койду. Ага ылайык космостук аскерлер түзүмү негизделет жана алар өлкөнүн космостогу кызыкчылыгын коргоону максат коет.

Өткөн жумада АКШнын аскердик чалгын агенттиги жарыялаган баяндамада АКШнын потенциалдуу каршылаштары катары Орусия жана Кытай аталган. Баяндамада Москва менен Бээжин АКШ менен космосто күрөшүүгө бир катар чараларды көрүп жатканы жазылып, алар аскердик жандоочторду, энергетикалык куралды жана байкоочу түйүндөрдү түзүп жаткандыгы баяндалат.

Пентагондун эки кызматкери берген интервьюда космостук аскер түзүү боюнча мыйзам долбоору Конгресске келерки дүйшөмбү киргизилерин айткан. Анда жаңы түзүлүүчү аскерлерге келерки беш жылдын ичинде жылына 73 миллион доллар сарпталары белгиленген.

Космостогу аскерлер түзүмүн негиздөө демилгесин Трамп алгачкы ирет 2018-жылдын март айында угузган. (KR)

XS
SM
MD
LG