Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

АКШ космосто үстөмдүк кылууга үмүттөнөт


НАСА агенттигинин Хьюстондогу көзөмөл борбору. 15-май, 2018-жыл.
НАСА агенттигинин Хьюстондогу көзөмөл борбору. 15-май, 2018-жыл.

Кошмо Штаттарда космостук күчтөр түзүлө турган болду. Армияда ушундай жаңы бөлүктү уюштурууга көрсөтмө бергенин президент Дональд Трамп 18-июнда Ак үйдөгү атайын жыйында жарыялады. Трамп ошондой эле АКШнын космостогу үстөмдүгүн сактоого да убада берди.

Кошмо Штаттар эми космос күчтөрүн өнүктүрүүгө олуттуу көңүл бурат. Бул тууралуу Ак үйдө америкалык мурдагы астронавттар, аэрокосмос компанияларынын башчылары, былтыр уюшулган Улуттук космос кеңешинин мүчөлөрү катышкан атайын жыйында жарыяланды:

Биз космосто үстөмдүк кылышыбыз зарыл. Бул өтө маанилүү.

- Жерден тышкары жактагы биздин тагдырыбыз улуттук өзгөчөлүктүн эле эмес, улуттук коопсуздуктун да маселеси. Американы коргоо ишине келгенде космосто болуп тим болуу жетишсиз. Биз космосто үстөмдүк кылышыбыз зарыл. Бул өтө маанилүү. Андыктан Коргоо министрлигине биздин куралдуу күчтөрдүн алтынчы тарамы катары космос күчтөрүн түзүш үчүн зарыл араянды тез баштоону тапшырдым. Бизде аскер-аба күчтөрү бар жана космос күчтөрү курулат. Алар өз-өзүнчө жана бири-бирине барабар болот, - деди Дональд Трамп. АКШ президенти анын администрациясы эми коммерциялык космос тармагын колдоого жана бул чөйрөнү тескөө боюнча эскирген эрежелерди өзгөртүүгө кызуу киришерин да кошумчалады.

АКШнын космос күчтөрү качан уюшулары, курамы кандай болору, чыгымы канча экени азырынча белгисиз.

Бирок Конгресс армияда жаңы түзүмдү уюштурууга уруксат берген мыйзамды кабыл алышы күтүлүүдө. "Космос күчтөрү" деген аскердик түзүм Орусияда 1992-жылдан бери эле бар, 2015-жылдан тартып ал "Аэрокосмос күчтөрү" деп аталып калды.

Кытай да Элдик боштондук армиясынын курамында космостук күчтөрдү уюштурары, ал өзүнө өзөктүк ракеталарды, электрондук маалымат күчтөрүн, киберкоопсуздук боюнча бөлүмдөрдү камтый тургандыгы Батыш гезиттеринде буга чейин эле жазылган.

Мурдагы СССР 1961-жылы космоско адам учургандан кийин, АКШ 1969-жылы адамды Айга кондурган. Бирок 1972-жылдан бери Айга киши бара элек. Айга, Марска жана башка планеталарга жетүү боюнча аракеттерин акыркы жылдары Кытай да күчөттү. Мисалы, Бээжин Айга киши жөнөтүүнү 2030-жылдардан кийинки учурга болжоп жатат.

Трамп президенттикке шайлангандан бери алдыдагы ондогон жылдарда Марс планетасына барууга даярдык көрүү иретинде Айга кайра адам жөнөтүүгө утур-утур убада берип келе жатат:

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

- Биз Кытай, Орусия же башка мамлекеттер алдыга чыгышын каалабайбыз. Лидер биз болобуз. Узак мөөнөтүү иш жүргүзүп, экономикабызды кеңейтебиз жана акыр-аягында Марска барыш үчүн негиз түзөбүз. Мен такай айтып келем, “биздин бай балдар ракеталарды каалайт" деп. Кыймылсыз мүлк үчүн күрөшкөн бай балдардын баары ракета жасаса, биз силерди анчалык айыптабайбыз. Алдыга жылгыла! Эгер силер бизди Марска жеткирсеңер - кубанабыз, өзүңөр болсо азыркыдан да тааныласыңар!

Трамп “бай балдар” деп миллиардерлер, "Space X" компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск менен "Blue Origin" (Блу Оржин) космос компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безосту айтып жатат.

АКШда азыр эле коммерциялык космос сектору кыйла өнүгүү жолунда. Өлкөнүн Космос агенттиги - НАСАнын акыркы жылдардагы саясаты кубаттуу ракеталардын жалгыз өндүрүүчүсү жана учуруучусу катары өкмөттүн ролун басаңдатты.

НАСА космос үчүн жаңы кубаттуулукттарды кеңейтүүүдө "SpaceX" жана "Orbital ATK" өңдүү жеке менчик космос компаниялары менен кызматташууда.

Маселен НАСАнын жүгүн Эл аралык космос станциясына "Space X" компаниясы жеткирип жатат, ал эми "Boeing" компаниясы келерки жылдан тартып Жердин төмөнкү орбитасына астронавттарды такай жөнөтүп турууну көздөйт.

НАСАнын Марс планетасына жөнөткөн жабдуусу. 7-июнь, 2018-жыл.
НАСАнын Марс планетасына жөнөткөн жабдуусу. 7-июнь, 2018-жыл.

НАСА ошондой эле 2012-жылдан тартып өзү космостук кеме учурбай калгандан бери Эл аралык космос станциясына астронавт жана жүк жөнөтүүдө Орусиянын "Союз" кемесин да колдонууда.

Пентагонго космос күчтөрүн түзүүнү тапшыруу менен катар Трамп жеке менчик жандоочторду тескөө боюнча ыйгарым укукту эми Соода министрлигине берген документке да кол койду.

Ал ошону менен бирге космостогу кыймылды башкарууну, орбитаны айланган обьектилерге мониторинг жүргүзүүнү өркүндөтүүнү караган директива да чыгарды.

Ак үйдүн билдиргенине караганда, мындай кадам “бардык өлкөлөрдүн орток кызыкчылыгы үчүн орбитаны айланган сыныктардын коркунучун азайтууну” көздөйт.

АКШнын Коргоо министрлигинин эсебинде, асманда 20 миңдей космос сыныктары бар, ал эми Жерди АКШнын өзүнүн эле иштеп жаткан 800 жандоочусу (спутниги) айланып жүрөт жана алар жыл сайын көбөйүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG