Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

ШКУ саммитинде Иран АКШны айыптады


Хасан Роухани.
Хасан Роухани.

Ирандын президенти Хасан Роухани Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде АКШ бийлигинин Тегеранга карата саясатын сынга алды.

Роухани "акыркы учурда айрым өлкөлөрдүн бир тараптуу кийлигишүүсү дүйнөлүк стабилдүүлүктү, коопсуздукту жана кызыкчылыкты коркунучка кептеп жатканын" билдирди.

Иран лидеринин айтымында, АКШнын акыркы аракеттери Жакынкы Чыгыштагы туруктуулукка олуттуу коркунуч жаратып жатат.

- АКШ бийлиги акыркы эки жылда эл аралык нормаларды бузуп, өзүнүн экономикалык, финансылык жана аскердик мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен агрессивдүү кадамдарды жасоодо, дүйнөгө жана аймакка коркунуч жаратып жатат, - деди Роухани.

Ошондой эле ал Иран МАГАТЭ уюмунун бардык шарттарын аткарганына карабай өзөктүк программадан АКШ бир тараптуу чыгып кеткенин сынга алып, келишимдин башка катышуучуларын анын шарттарын аткарууга чакырды.

2015-жылдагы Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимге Франция, Орусия, Кытай, Германия, АКШ жана Британия кол койгон. Ал келишимге ылайык, Тегеран өзөктүк программасын чектеп, анын ордуна Иранга каршы экономикалык санкциялар алынган. Бирок Трамп 2018-жылы майда келишимден чыгып жатканда анын шарттары Ирандын өзөктүк куралын чектебей турганын билдирген жана Иранды «аймактагы согушкерлерди колдойт» деп айыптаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG