Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Кол тийбестик: мыйзам жана саясат


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Жогорку Кеңеш экс-президент Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу жөнүндө сунушту карап, токтом кабыл алды.

Мурдагы мамлекет башчыны жоопкерчиликке чакыруунун саясий жана укуктук жагдайлары кандай болуп жатат? Депутаттык комиссия жогору жактын тапшырмасын аткардыбы? Дегеле бул окуянын өнүгүшү өлкөнүн саясий абалына кандай таасир этиши мүмкүн? Бүгүнкү «Арай көз чарай» берүүбүздө ушул ж.б. суроолорго жооп табууга аракет кылдык.

Талкууга Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев, Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Байтемир Ибраев жана КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбеков катышты.

«Азаттык»: - Каныбек агай, Жогорку Кеңештин экс-президент Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратып, жоопкерчиликке тартуу боюнча демилгесинин жүрүшүн сиз кандай баалап жатасыз? Бул маселени кароодо конституциялык, укуктук эрежелер канчалык сакталууда? Же саясий жагы басымдуулук кылып жатабы?

Каныбек Осмоналиев.
Каныбек Осмоналиев.

Каныбек Осмоналиев: - Мен болуп жаткан окуяга таң калган жокмун. Анткени 2010-жылы Кыргызстан жаңы Конституция кабыл алып, «парламенттик башкарууга өттүк» деп декларация кылганыбыз менен реалдуу бийлик бир кишинин колунда калды. Абсолюттук бийлик президенттин колунда топтолуп калганын көрүп жатабыз. Жогорку Кеңештин 5-6-чакырылыштарындагы кырдаал абдан окшош, абал өзгөргөн жок. Образдуу айтканда «кимдин колунда бийлик болсо, ошол музыкага буюртма берет, ошол акчасын төлөйт, калганы ошол музыканын алдында бийге түшүп жатышат». Азыр да ошондой процесс уланууда.

Атамбаев мыйзамды бузса жооп бериши керек, бирок аны териштириш үчүн убакыт керек. Бирок мынчалык шашып жатышканына түшүнбөйм.
Каныбек Осмоналиев.

Мен 2011-жылы депутат болуп турганда «эгер КСДПдан спикер келсе бийликти узурпациялайт» деп айткам. Ошондой позициям үчүн КСДПнын депутаттары мени жеп коё жаздашкан. Ошол кездеги КСДПнын бакырчаак депутаттары бүгүн Атамбаевдин артынан кууп жүрүшөт. Мен өзүм Атамбаевди колдогон киши эмесмин, тескерисинче, аны башкаруу мезгилинде андан жабыр тарткам. Бирок калыстык үчүн айтып коюшум керек, эгер ушундай аракеттер улана берсе азыркы Жогорку Кеңеш көп кишинин убалына калат. Азыркы жүрүштөрдү карап отуруп, мыйзамдуулук жагына караганда саясий жагы көбүрөөк болуп жаткандай. Макул, Атамбаев мыйзамды бузса жооп бериши керек, бирок аны териштириш үчүн убакыт керек. Бирок мынчалык шашып жатышканына түшүнбөйм.

«Азаттык»: - Байтемир мырза, бир нече юрист-эксперттер «Атамбаевдин ишин кароодо атайын депутаттык комиссиянын түзүлүшү мыйзамсыз» деп жатышат. Жогорку Кеңеш комиссия түзүүгө укугу жок беле?

Байтемир Ибраев.
Байтемир Ибраев.

Байтемир Ибраев: - Албетте, Жогорку Кеңештин ар кандай маселелер боюнча комиссия түзүүгө ыйгарым укугу бар. Экс-президентке байланыштуу маселени саясатташтырып отурбай мурунтан келаткан мыйзамдуу жол менен эле чечишсе болмок.

Азыр бир нече коррупциялык иштер боюнча кылмыш иштери ачылып, тергелип жатат. «Ошолордун бир тобунда мурдагы президент Атамбаевдин тиешеси бар экен, кийлигишиптир» деп айтылып калып жатат.

Башкы прокуратура баарын топтоп, текшерип, комиссиясы жок эле өз алдынча Жогорку Кеңешке «экс-президентин кол тийбестигин алгыла» деп кайрылса болмок, ага толук укугу бар.
Байтемир Ибраев.

Эгер Атамбаевге байланыштуу эпизоддор, фактылар болсо Башкы прокуратура баарын топтоп, текшерип, комиссиясы жок эле өз алдынча Жогорку Кеңешке «экс-президентин кол тийбестигин алгыла» деп кайрылса болмок, ага толук укугу бар. Мындай тажрыйбалар биздин тарыхта болгон. Мен башкы прокурор болуп турганда 2010-жылы Бакиевден кол тийбестикти алып, «кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат бергиле» деп, ошол кезде Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын алып турган Убактылуу Өкмөткө кайрылып, макулдугун алганбыз, иш козгогонбуз.

«Азаттык»: - Нурбек мырза, сиздер Жогорку Кеңештин Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу аракетин андан өч алыш үчүн уюштурулган акция катары сыпаттадыңыздар. Депутаттык комиссия Атамбаевге алты пункттан турган өтө олуттуу оор кылмыштар боюнча кине коюуда. Алар да курулай доомат дейсизби?

Нурбек Касымбеков.
Нурбек Касымбеков.

Нурбек Касымбеков: - Биз «Жогорку Кеңеш мыйзамдарды бузуу менен иштеп жатат» деп айтып келатабыз. Эмнегедир шашылыш жасалып жатат, саясий максатты көздөп, эртерээк Атамбаевди жазалаш керек болуп жатат. Болгондо да депутаттардын колу менен алар эмгек өргүүсүнө кеткенге чейин бүтүрүш керек болуп турат. Чагылгандай тездик менен аракет кылышууда. Макул, шашып жасашсын. Бирок Конституцияны, мыйзамдарды бузушпасын да! «Адамды жоопкерчиликке тартууда Конституциянын 26-28-беренелери артка иштебейт» деп жазылып турат. Дагы бир маселе. «Токтомдор, мыйзамдар расмий жарыялангандан кийин күчүнө кирет» деп жазылып турат. Жогорку Кеңештин 13-июндагы токтому «Эркин-Тоо» гезитине эмгиче жарыялана элек. Демек, күчү жок. Күчү жок нерсе иштебейт.

Каныбек Осмоналиев: - Биз башында, 2010-жылы эле адашканбыз, бир кишиге жагалдануу уланып келе жатат. Президентке бийликтин баарын өзүбүз бергенбиз. Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаттары, азыр бакылдап жаткандардын көбү, Атамбаевди жолдон адаштырып, «тышкы саясатты президент чечсин» деп атайын мыйзам кабыл алып бергенбиз, Атамбаевди өзүбүз монстр кылып алганбыз. Анан Атамбаев көбөт, эсирет да…

(Талкуунун толук вариынтын ушул жерден угуңуз)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG