Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:19

Парламент Атамбаевди күнөөлүү деп эсептейт (видео, сурамжылоо)


Парламент экс-президентке күнөө коюу боюнча токтомду кабыл алды.

Жогорку Кеӊеште «Кыргыз Республикасынын экс-президенти Алмазбек Атамбаевге каршы аны статусунан ажыратуу жана күнөө коюу жөнүндө» токтом талкууланып, кабыл алынды.

105 депутаттын 100ү «макул» деп, калган бешөө «каршы» добуш беришти.

Атамбаевди жоопко тартыш үчүн аны кол тийбестиктен ажыратуу боюнча атайын түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев «Азаттыкка» мындан аркы процедура тууралуу айтып берди.

"Эми Башкы прокуратура биз көрсөткөн «шектенүүгө негиз бар» деген алты жагдай боюнча иликтеп, чын эле УКМКда, ИИМде, Финчалгында, Финполдо иштер козголуп же иликтөө жүрүп жатабы-жокпу, карап чыгат. Эгер негиздүү деп тапса, Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттери аркылуу сунуш киргизип, «кол тийбестикти алууга негиз бар» деп кайра Жогорку Кеңешке келип, добушка коюлат. Ал эми «негиз жок» десе, биздин комиссиянын иши жокко чыгат".

Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин караган парламент жыйынында ар кандай пикирлер айтылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова парламент трибунасынан башкы прокурорго кайрылып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев боюнча калыс чечим чыгарууга чакырды.

Депутат айым баш прокурор "убагы келгенде жооп берип калышы мүмкүн" экенин эскертти.

"Тарыхты, өлкөнүн келечегин, өзүңүз жана үй-бүлөңүздүн, балдарыңыздын келечегин ойлоп туруп, мыйзамдуу чечим кабыл алышыңыз керек. Эгер андай кылбасаңыз, убагы келет, жооп берип калышыңыз мүмкүн".

Парламент Атамбаевге каршы токтомду колдоду
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:09 0:00

Ал эми депутат Жанарбек Акаев экс-президент Алмазбек Атамбаевден жеке өч алууга жол бербөөгө чакырды. Ошону менен катар ал азыркы президенттин да мыйзамсыз иштерден оолак болушу үчүн парламенттин ролу бар экенин белгиледи.

"Мен Атамбаев күчүндө болуп турганда бардык каталарын бетине айткам. Бирок ал азыр президент эмес, күчүн жоготкон. Баарыңар үчүн жооп бере албайм, бирок азыр жыгылганды баса калып тепкилесем, жеке мен үчүн жигиттикке жатпайт. Атамбаевге байланыштуу жеке өч алуудан, жеке таарынычтардан өйдө болушубуз керек. «Ал мурда антип койду, минтип койду» деген башка маселе, системалык жактан алганда өтө жаман өнөкөт болуп, кийин ар бирибиздин өзүбүздүн башыбызга келбесе экен деген тилек. Азыр ага коюп жаткандай чабуулду бардык органдарга, бардык мыйзамсыз иштерге коюшубуз керек. Ошондо биз эл өкүлчүлүк милдетибизди аткарган болобуз. Мындан ары президентке жардам беребиз, анын саясатын колдойбуз десек, ага жаңы Икрамдарды, жаңы Манас Арабаевдерди, Абдил Сегизбаевдерди жаратпашыбыз керек".

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эч кимди куугунтуктаган эмес деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн 20-июнда парламентте сүйлөп жатып билдирди.

"Мен түшүнүп жатам, кээде ал туура эмес кылчу, кээде артынан камчылачу. Кээ бир түзүмдөрдү камчылабаса, таптакыр иштешпейт. Бирок эч кимди куугунтуктаган эмес. Эгер андай болсо, себеби бар чыгар. Анткени прокуратура, тергөөчүлөр иштеген".

Депутаттык комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев Алмазбек Атамбаевге күнөөнү депутаттар эмес, укук коргоо органдары гана коё аларын жана бул иш канча убакытты талап кылары белгисиз экенин айтты.

"Азыр «скафандрды» чечиш үчүн эки жума керек экен. Ал эми иликтөө ишин укук коргоо органдары жүргүзөт. Алты айбы, бир жылбы же эки жылбы... Биз болгону "саясий космонавтты" жерге түшүрүп, кадимки 6 миллион 400 миң жаран сыяктуу «шектүү болсо чакырууга негиз бар» деп жатабыз. Биз күнөө койгон жокпуз. Күнөөнү укук коргоо органдары гана кое алат".

Атамбаевдин жообу

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 21-июнда Жогорку Кеңештин депутаттарынын айыптоосу боюнча билдирүү таратты. Мурдагы мамлекет башчы анда парламенттин аракетинин артында азыркы президент турат деп сыпаттады.

“Жогорку Кеңештин менин дарегиме айтылган айыптоолору жеткен сандырактык, алардын укуктук негизи жок, ойдон чыгарылган имиштерге гана таянган жана учурдагы президенттин саясий атаандашты четтетүүгө болгон умтулуусунан гана келип чыккан. Сооронбай Жээнбеков менин оозумду жабыш үчүн ойдон чыгарылган айыптоолор боюнча мыйзамсыз соттоодон башка ыкма таппай турат. Бул максатта бир жылдан ашуун эң эле ыплас ыкмалар, жеткен ыплас саясатчылар, ыплас ушактар пайдаланылып жатат. Бийлик тарабынан мени каралоо үчүн пайдаланылып жаткан депутаттардын кебете-кешпирин кыргыз эли көрдү, өз баасын берди. Алардын Жээнбековдордун үй-бүлөсүнө жагалданып, коркоктук менен шаша-буша Конституцияны бузгандары, башка мыйзамдарды тоготпогондору, документтерди жашырышканы, парламенттин трибунасынан уялбай туруп калп айтышканы, чындык мен тарапта экендигин кашкайта далилдеп турат. Булар Атамбаевди кантип өзөртө согуп, өчүбүздү алсак деп турушат, анткени Апрель революциясынан кийин алардын көпчүлүгү жеңилдиктеринен, мыйзамсыз жем жеген акырынан жана уурдаган мүлкүнөн кол жуушкан”, - деп айтылат экс-президенттин билдирүүсүндө.

Алмазбек Атамбаев ага чабуул жасап жаткан депутаттардын өздөрүнүн репутациясы таза эместигин, президентке көрүнүп калуу үчүн жалган айтып жатканын кошумчалаган.

“Мен эч качан жоопкерчиликтен корккон эмесмин жана президенттик кызматтагы ар бир чечимим үчүн жооп берүүгө даярмын. Бирок мага Жээнбековдор тарабынан таңууланып жаткан, күнөөкөрдүн ролуна, калп менен ушактарга эч качан макул болбойм, койго окшоп мойнумду тосуп бербейм. Булар элди көпкө алдай албайт, өзүлөрүнүн ыплас ушактарын да мага оодара албайт. Жээнбековдордун, алардын кошоматчыларынын бирин да эч ким «автомат такап» өкмөттү, парламентти, комитеттерди башкарууга, укуктук-ченемдик актыларга кол койгонго мажбурлабаганын адамдар көрүп, билип турат. Чындык жана мыйзам мен тарапта! Мага намыс – өмүрдөн кымбат!", - дейт Атамбаев.

18-июнда аны Жогорку Кеңештин маанилүү эки комитети удаа карап, колдоп берген. Ага чейин кол тийбестик боюнча депутаттардан түзүлгөн демилгечи топ мурдагы президентке тогуз доомат койгон. Депутаттык комиссия анын алтоосуна "жүйөлүү" деп баа берген.

Мурдагы президенттин дарегине карата "бийликти узурпациялаган, Кой-Таштагы үйдүн жерин мыйзамсыз алган, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, Бишкек ЖЭБине көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон" деген айыптар айтылып жатат.

Атамбаевдин тарапкерлери бул айтылгандарды "негизсиз" деп атап, комиссия мыйзамсыз түзүлгөнүн билдирип келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG