Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:31

Атамбаев «өзү сүрөгөн» бийликке каршы чыкты


Алмазбек Атамбаев, 17-март, 2019-жыл
Алмазбек Атамбаев, 17-март, 2019-жыл

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 17-мартта Аксы окуясын эскерүүдө сүйлөгөн сөзү саясий чөйрөдө анын азыркы бийликке каршы келишкис оппозицияга өтүшү катары сыпатталууда.

Айрым саясатчылар Алмазбек Атамбаев алдыдагы парламенттик шайлоодо оппозициялык альянс түзүүгө багыт алып, азыркы бийликке каршы саясий топторду бириктирүүнү көздөп жатканын айтышты. Дагы башкалары анын бул билдирүүсүн өзү бийликке келишине жардам берген адамга каршы күрөшкүсү келген ыкмасы катары мүнөздөштү.

«Оппозициянын болушу маанилүү»

Саясатчы Равшан Жээнбеков 17-мартта «Медиа Форумдагы» жыйынга катышып, партиянын лидери Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөлүк, кландык башкарууга каршы сүйлөгөн сөзүн кубаттады. Мурда Атамбаевдин бийлигин сындап келген саясатчы аны эми азыркы бийликке каршы оппозициялык альянсты түзүүчү таасирдүү күч катары сыпаттап, тилектештигин билдирди:

«Бийликти коркута турган, бийликке сес көрсөтүп, бийликке тең салмак жарата турган күч оппозиция болуп эсептелет. Мен Атамбаев башында турган социал-демократтардын оппозицияга өтүшүн толугу менен колдойм. Атамбаевге окшогон саясатчынын, аны сатпай жанында турган депутаттардын оппозицияда болгону азыр өлкө үчүн абдан маанилүү. Муну түшүнгөндөр түшүнөт. Мен Атамбаевди саткандарды түшүнө албайм. Себеби мен жети жыл бою бийликте турган президент Атамбаевге оппозицияда болдум. Бүгүн мен оппозиционер Атамбаевге каршы чыкпайм».

Атамбаевдин ызасы, Жээнбековдун убадасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:57 0:00

Экс-президент Алмазбек Атамбаев азыркы бийликти «үй-бүлөлүк, кландык башкарууга ык коюп, коомчулукту бөлүп-жарууга алып баратат» деп айыптап, аны ооздукташ үчүн болгон күч-аракетин жумшаарын айтты.

Алмазбек Атамбаев буга чейин азыркы президентке дос катары кайрылса, азыр эми экс-президент катары эскертерин айтып, бийликте турганда аны тандаганы үчүн тарапташтарынан кечирим сурады:

«Мен өмүр бою үй-бүлөлүк режимдер менен күрөшүп жүрүп, бирок ичин билбей туруп ушундай адамды, ушундай үй-бүлөнү колдоп жүрүп бийликке алып келгеним үчүн кыргыз элинен кечирим сурайм. Мен өз катамды дайыма оңдойм. Баш аман болсо, ушундай чындыкты дайыма айтып турам. Булар «Атамбаевди саясаттан кетирсек же такыр эле жоготсок бардыгы тынчып калат» деп ойлоп жатышат. Андай болбойт. Кыргыз эли башка. Керек болсо Атамбаевди өлтүрүп салсаңар да анын ордуна жүздөгөн Атамбаевдер чыгат».

Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков Аксыдагы эскерүү расмисинде экс-президент Атамбаевге жооп иретинде үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербей турганын эскертти.

Боспиекте Аксы окуясы эскерилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:48 0:00

Сооронбай Жээнбеков өлкө үй-бүлөлүк режимдерди эле эмес, жан сакчылардан, катчылардан жана шопурлардан турган уюшкан кылмыштуу кландык башкарууну да баштан кечиргенин айтты:

«Биздин элибиз эгемендик жылдарында үй-бүлөлүк, кландык башкаруунун ар кандай түрүн баштан кечирди. Мамлекетти уюшкан кылмыштуу мафия башкарган жылдар да болду. Анын далилдерин элибиз угуп, көрүп турат. Азыр эми улам бир жаңы далилдер чыгып жатат. Дагы чыгат. Элибиз «туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок» деген нерсени мен өзүм баш болуп сактап, бийликтин үч бутагы тең көңүлгө түйгөнгө милдеттүүбүз. Мен үй-бүлөлүк-кландык башкарууга эч качан жол бербейм».

Жеке кызыкчылыктын желаргысы

Алмазбек Атамбаевдин Сооронбай Жээнбековду билбей бийликке алып келгенин айтып, «бул жаңылыштыгымды оңдойм» дегени эки ача пикирди жаратты. Анткени экс-президент мында Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сүрөгөнүн моюнга алдыбы, өзү түзгөн саясий режимдин өксүгүн эстедиби же кезинде ага кол куушуруп турган саясий топтордун андан жүз үйрүп кеткенине ызаландыбы - анын эмнени айткысы келгени бүдөмүк бойдон калды. Ошол эле кезде экс-президент Атамбаев мамлекетте чыккынчылык күчөгөнүн бир нече ирет кайталады.

Саясатчы Азимбек Бекназаров муну улуттук мүдөө үчүн эмес, жеке кызыкчылыктын туткунунда калган саясатчынын кекчилдиги катары кабыл алды:

Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

«Анын «мен Сооронбай Жээнбековду мураскерликке туура эмес тандап, жаңылып калыптырмын, аны эми өзүм кайра оңдойм» дегени - эми бул баланын оюну да. Бул саясий катачылык. Муну менен оппозицияга өткөнүн жарыялаганы туура эмес. Бул анын партиянын ичинде жарма таарынычтын айынан оппозицияга өткөнүн көргөзөт. Бирок идеялык жактан жана улуттук деңгээлдеги оппозицияга өткөнүн ырастабайт. Бул жерде кызматка байланыштуу гана тар саясий кызыкчылыктын айынан араздашуунун белгилери бар. Идеялык оппозиция деген такыр башка. Эгерде Атамбаев өзү башкарган 7 жылда туура эмес иштер болгонун мойнуна алып, Кумтөр боюнча туура эмес чечимдер чыкканын, Жерүй туура эмес берилгенин, конституциялык реформа туура эмес жүргөнүн айтып, кетирген кемчиликтеринин баарын эми түшүнгөнүн айтып кечирим сурап, кетирген каталарын оңдойм десе, анда аны туура түшүнөт элем».

Жыгылган сайын «жылмаланган» саясатчы

Анткен менен айрым саясат талдоочулар азыркы бийликке теңтайлаша турган экс-президент Алмазбек Атамбаевден башка күч жок экенин белгилешти.

Саясий серепчи Турат Акимов ошондуктан анын «парламенттик шайлоонун астында оппозицияга өткөнү анын саясий оюндардын чебери экенинен кабар берет» деген оюн ортого салды:

Турат Акимов.
Турат Акимов.

«Атамбаев азырынча көпчүлүк элди артынан ээрчитип кете албайт. Бирок президент Сооронбай Жээнбековго каршы пикирдеги же ага таарынган саясий күчтөрдүн баарынын башын кошуп, алдыдагы парламенттик шайлоого даярданышы мүмкүн. Анан ошол партияларды шайлоодо каржылык жактан колдоп, алар утуп келсе, алар аркылуу парламентте өзүнүн саясий кызыкчылыгын коргоону көздөп жатышы мүмкүн. Атамбаев азыр алсырап турганы менен ал баары бир дасыккан жана такшалган саясатчы. Ал амалкөй жана кош кабат саясий оюндарды жүргүзүүнү мыкты өздөштүргөн. Ошондуктан азыр анын бийлик менен тирешип жатканын анын алдыдагы парламенттик шайлоого карата даярдыгы катары түшүнсөк болот».

Парламенттеги фракция лидери Иса Өмүркулов баштаган КСДПнын саясий кеңеши 3-апрелге партиянын съездин өткөрүүнү дайындаган. Анда партиянын төрагасын жана саясий кеңештин курамын алмаштыруу маселеси күн тартибине коюлган. Ал эми экс-президент Алмазбек Атамбаев баштаган КСДПнын жетекчилиги 6-апрелге курултай чакырып, бийликке талап коюуну көздөйт. Саясат талдоочулар муну партиянын келечегин аныктоочу учур катары мүнөздөшүүдө.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG