Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

«АКА Петролеум», Финпол жетекчиси жана экс-президенттин байланышы


Бакир Таиров.
Бакир Таиров.

“Азаттык” Кыргызстандан чыгарылган 700 миллион долларды алган тараптардын бири "АКА Петролеум" компаниясы менен Финансы полициясынын башчысы Бакир Таировдун туугандарынын байланышы бар экенин тактады.

Мындай учурда коомчулукта "Кызыкчылыктар кагылышы келип чыкпайбы?" деген суроо туулат. Анткени Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы - Финансы полициясы учурда 700 миллион доллардын изин, бир тууган Матраимовдордун мүлкүн иликтеп жатат.

700 млн. доллардын изи, Таировго карай жол

29-майда “Азаттык” “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” аттуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда 2011-2017-жылдары Кыргызстандан кеминде 13 чет мамлекетке банктар аркылуу 700 млн. доллар которулганы айтылган. Мынча каражатты кытайлык Айеркен Саимаити өзүнүн жана Баткендеги өзүнө жарым-жартылай тиешелүү чакан базардын кирешеси катары көрсөткөн.

700 млн. доллардын бир бөлүгү Германиянын Мюнхен шаарында жайгашкан "AKA Петролеум" компаниясына которулган. Бул компания Кыргызстанда “Мегакомду” сатып алууга, “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырууга кызыкдар болгону белгилүү.

Мындан тышкары "АКА Петролеум", Шиңжаң эл аралык “Бизниснур” соода компаниясы жана Чолпон Элмуратова - “Терек-Сай жаштары” жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) негиздөөчүлөрү.

Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:08 0:00

“Терек-Сай жаштары” 2014-жылдын 28-ноябрында Чаткалдагы Кассан сурьма кенин иштетүү укугун аукциондон 4,5 млн. долларга утуп алган. Аталган компанияны Туманбаев Токтосун Мамбетович башкарат.

“Азаттык” аны менен байланышканда “Терек-Сай жаштарынын” активдеринин 9% “Бизниснурдуку”, 21% Элмуратованыкы, калганы "АКА Петролеумдуку" экенин билдирди. Ал ошондой эле Финансы полициясынын жетекчиси Бакир Таировдун карындашына үйлөнгөнүн, күйөө баласы экенин ырастады. Андан тышкары “Терек-Сай жаштарынын” негиздөөчүлөрүнүн бири жана мурдагы директору башкы финполчунун бир тууган иниси Таиров Искендер Дуулатович болгонун, 2016-жылы ал киши автокырсыкта каза тапканда компаниядагы үлүшү аялы Чолпон Элмуратовага өткөнүн ачыкка чыгарды:

"Автоматтык түрдө өтөт экен, нотариус аркылуу. Алты айдын ичинде аялына өтөт экен. Балдары 18ге толо элек, мураскер бир гана аялы болот экен".

“Терек-Сай жаштарындагы” "АКА Петролеум" менен өнөктөштөр туугандары экенин Бакир Таиров да ырастады.

“Андай болсо Финансы полициясы Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн. доллар тууралуу ачык, акыйкат иликтөө жүргүзөбү?” деген суроо туулат.

"Эч кандай кызыкчылыктар кагылышы болбойт. Убакыт көрсөтөт, менде принцип бар. Мыйзам чегинде баарын так аткарып беребиз", - деп Таиров убада берүүдө.

Ошол эле маалда Бакир Таировдун “Азаттыктын” иликтөөсү тууралуу адегенде берген маалыматын белгилей кетели. Ал чыгарылып кеткен 700 млн. доллардын чоо-жайы тууралуу 30-майда парламентте мындай деген.

«Азаттыктан» чыккан материалдар боюнча ыкчам иштерди жүргүзүп, маалымат алып, бүт жактан тактап көрдүк. Азырынча бул каражат «Дордой», «Кара-Суу», «Мадина» базарларында иштеген ишкерлердин импорттук акчасы деген маалымат келип жатат".

Бирок “Азаттыктын” иликтөөсүндөгү айтылган акча Ош шаарындагы банктар аркылуу которулган экен. Андай болсо “Мадина” менен “Дордой” базарындагылар нак акчасын Ошко, Саймаитиге көтөрүп барып которуусун өтүнгөнбү? Мындай болушу мүмкүнбү? Ушул суроолорду 18-июнда кайра Таировго жолдодук.

Маектин толук версиясы ушул жерде.

Бакир Таиров: Матраимов менен байланышым жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:03 0:00

Финансы полициясы Кыргызстандын Бажы кызматынын мурдагы жетекчи орун басары, "Райым миллион" каймана атка конгон Райымбек Матраимов жана анын жакындарынын мүлкүн да жарым жылдан бери текшерип жатат. Азырынча анын аягына чыга элек.

“Азаттыктын” иликтөөсүнөн кийин Кыргызстандан чыгарылган 700 млн. доллар, аны чыгарып кеткен адамдын чет өлкөдөн кайра "Ысмаил Матраимов атындагы фондго" 2,3 миллион доллар которгонун да Финполиция иликтөөдө. Бул үчүн атайын тергөө тобун түзүшкөн. Алардын ишинин жыйынтыгы качан чыгары али белгисиз.

“Терек-Сай жаштары” жана Алмазбек Атамбаев

Жогоруда сөз болгон, башкы финполчу Таировдун күйөө баласы, “Терек-Сай жаштары” компаниясынын директору Токтосун Туманбаев. Анын компаниясы тендердик документтер боюнча “Хуасинь” деген компанияга атаандаш. Тактап айтканда эки тарап тең башка бир Терек-Сай сурьма кенин иштетүү укугун талашып, "Хуасинь" утуп алган. Бирок Токтосун Туманбаев иш жүзүндө "Хуасиндин" мамлекетке төкчү төлөмдөрүн төлөп жүргөн.

Экс-президент Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселесин караштырган депутаттык комиссия Туманбаев менен Атамбаевдин байланышын ушул жерден көрүүдө. Туманбаев өзү андай байланышты четке кагууда:

"Текшерип көрүшсүн. Мага да чалып жатышат. Каякка чакырбагыла, барып жооп берем деп жатам. Ошол убакта Искендер агам (кайнагасы - ред.) өтүнгөндө төлөп койгом. 274 сом төлөгөм. Кийин кайра каттоо учурунда 1,5 млн. сом бонус төлөгөм. Ал жерде лицензия алгандар көп. Бири бири менен тааныш, Чаткалда айыл өкмөт тез-тез чакырып турат. Ошол жерде тааныш болуп, анан чыгат экен да".

Жогоруда сөз болгон "Хуасинь" компаниясына 2016-жылдын 14-январынан бери Субихи Пархати жана дагы бир кытайлык Чжай Хунвей аттуу киши ээлик кылат. Пархати 2017-жылдын 27-октябрында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге тиешелүү илимий өндүрүштүк “Форум” ЖЧКсына да теңшерик негиздөөчү болуп калат. Бирок 2018-жылдын 18-апрелинде “Форум” кайра каттоодон өтүп, эми жападан жалгыз Субихи Пархатиге тиешелүү болуп калды. Депутаттык комиссия Пархати "Форумду" Атамбаевден 54 млн. сомго сатып алганын тактаганын билдирүүдө. Комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев мындайча чечмеледи:

"2017-жыл үчүн Атамбаевдин декларациясында (Субихи) Пархатиден 54 млн. сом өлчөмүндө киреше чагылдырылгандыгы, башкача айтканда Пархати Атамбаевден "Форум" ЖЧКсын сатып алгандыгы көрсөтүлгөн. Бул боюнча өтө талаш тартыш болду. Себеби, декларация маселеси өтө оор кылмышка кирбейт. Бирок биздин юристтер бир нече жолу далилдеп беришти. Түпкүлүгүндө бул чүмбөттөлгөн (афиллированный). Ушул үч-төрт фирманы, АКА Инвест, “Терек-Сай жаштары”, Хуасиндин чүмбөтүн алып салсак чыныгы адамы көрүнөт. Себеби Кыргызстанда 26 жашында Пархати деген адам миллионер болуптур. Биз ал баланы да чакырып көрөлү. Шектенүүгө негиз бар".

Субихи Пархати менен байланышуу аракетибизден майнап чыга элек. Коомдук ишмер Эдил Байсалов өткөн жылкы иликтөөсүндө Субихи Пархати уйгур тектүү карабалталык жигит экенин ырастаган.

"Бул жигит жөнөкөй үй-бүлөдөн чыкса, колунда кандайдыр эбегейсиз байлыгы болбосо, дагы бир жолу, Алмазбек Шаршенович, эмне себептен бул жаш баланы өнөктөш кылып алдыңыз?" – деп суроо узатат Байсалов.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев депутаттык комиссиянын корутундусун “жеткен сандырактык, алардын укуктук негизи жок, ойдон чыгарылган имиштерге гана таянган жана учурдагы президенттин саясий атаандашты четтетүүгө болгон умтулуусунан гана келип чыккан” деп баалады. Ошол эле учурда Атамбаев Субихи Пархати менен байланышы тууралуу пикирин ачык билдирбей келет. Экс-президенттин өзү менен байланышып, маектешүү аракетибизден майнап чыга элек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG