Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

Канайымды калканч кылып жатышабы?


Кыргызстандын биринчи айымы Раиса Атамбаева
Кыргызстандын биринчи айымы Раиса Атамбаева

АКОС аттуу коомдук бирикме президенттин жубайы Раиса Атамбаеванын таасири менен Медициналык академиянын ректору Аширалы Зурдиновго карата козголгон кылмыш иштери жабылып жатканын билдирүүдө.

АКОС коррупцияга каршы коомдук көмөктөшүү бирикмеси "таасирдүү саясий калканчтын жардамы менен Зурдинов жаш курагына байланыштуу окуу жайдын жобосун бузуп, башкаруу мөөнөтүн узартып алууга жетишти" деп сынга алды. Медициналык академиянын ректору Аширалы Зурдинов коюлган дооматты четке кагып, муну өзүнө каршы уюшкан бир ууч топтун жалган жалаасы катары мүнөздөдү.

Ачылып-жабылган кылмыш иштери

Аталган уюмдун маалыматы боюнча, Медициналык академиянын жетекчилигинин ишмердигине карата 2010-жылдан бери бир нече кылмыш иши козголуп, бирок анын бирөөсү дагы сотко жеткен эмес. Академиянын жетекчилигинин каржылык ишмердиги боюнча эсептөө палатасы, каржы полициясы жана прокуратура органдары бир нече курдай атайын текшерүү жүргүзгөн.

АКОС коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары Камил Умаров Медициналык академиянын ректору Зурдиновго каршы козголгон кылмыш иштеринин мазмуну боюнча буларга токтолду:

- Зурдиновго карата абдан көп фактылардын бети ачылган. Мисалга алсак, ар бир калтырылган сабак үчүн студент 57 сомдон төлөмөйүнчө сынактарга киргизилген эмес. Чет элдик студенттер үчүн бул сумма 114 сомду түзгөн. Негизи студенттин сабакка жетишүүсү гана көзөмөлгө алынышы керек эле. Бирок бул маселе расмий негизде коммерциялашып кетип, анын кесепетинен улам студенттер арасында акча төлөсөң сабакка келбей койсо деле болот деген өнөкөт калыптанган. Кезинде прокуратура бул буйруктун мыйзамсыздыгын ачып чыккан. Анан Зурдинов 2009-жылдан баштап Медакадемиянын аймагынан жер тилкелерин кестирип туруп, жеке колго сата баштаган. Жада калса, окуу жайдын спорт аянтчасын жеке менчик футболдук талаа үчүн 49 жылга ижарага берип жиберген. Бирок ушул күнгө чейин мына ошол иштердин бирине дагы чекит коюлган эмес.

Көңүл алуу "ыкмасы"

Медициналык академиянын ректору Зурдиновдун ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча "анын аракетинде кылмыштын курамы табылган эмес" деген негизде жеке өзүнө кылмыш иштери ачылган эмес. Бирок окуу жайдагы мыйзамсыздыктар боюнча фактынын негизинде козголгон кылмыш иштери убактылуу токтотулган же өндүрүштөн кыскарган учурлар болгон. Мунун себебин коомдук активисттер Зурдиновдун Медакадемияда иштеген президенттин жубайы Раиса Атамбаеванын тымызын колдоосу менен байланыштырууда.

АКОСтун төрагасы Кубанычбек Шаршембаев ректор Зурдинов Медициналык академиянын доценти Раиса Атамбаеванын иш бөлмөсүнө чейин жабдып берип, аны саясий калканч кылып алууга жетишкен деп эсептейт:

- Раиса Атамбаева Зурдиновду кылмыш жоопкерчилигинен коргогону ошо да. Ал аны эл алдында ачык колдоп, мактап жатса азыркы ректорго каршы иш козгогонго кайсы прокурордун жүрөгү даайт? Зурдинов Раиса Атамбаева үчүн кафедрада президенттикинен кем эмес атайын иш бөлмө даярдатып, толук жабдып бериптир. Ага президенттин жубайы катары бардык шарттарды түзүп, чоң маяна коюп бергени эмнени түшүндүрөт? Албетте, мындай жагдайда президенттин жубайынын ыраазчылык катары аны мактап койгону эле Зурдиновго каршы кылмыш иштерин басып турат. Ички иштер органдары менен прокуратура буга чейин козгогон иштеринин аягына чыкпай турганынын себеби мына ошондо. Президент саясий жана системалык коррупциянын себептери тууралуу айтты эле. Бул жагдай мына ошого бир мисал. Президент Атамбаев бул тууралуу билбей калышы мүмкүн эмес. Анткени ал боюнча мамлекет башчысына дагы кайрылуу жазганбыз. Бирок ал киши ушуга чейин бир үн катып койгон жок.

Ошол эле кезде Медициналык академиянын ректору Аширалы Зурдинов мындай дооматка макул эмес. Муну саясий чайкоочулук катары баалаган ректор анын окуу жайды башкаруусуна каршы атайын уюшкан топ академияда доцент болуп иштеген президенттин жубайынын атын аралаштыруу менен мындан саясий упай топтоону көздөп жатат деп сынга алды. Президент Атамбаевдин жубайы, медицина илимдеринин кандидаты Раиса Атамбаева 2011-жылдан бери медициналык академиянын гигиеналык дисциплиналар кафедрасынын доценти болуп иштейт.

Медициналык академиянын ректору Аширалы Зурдинов ага карата айтылган маалыматтарды жалган жалаа катары мүнөздөп, президенттин жубайынын колдоосун алуу үчүн кошоматчылыкка барууда деген айыптоону четке какты:

- Жок жерден мына ушинтип жалаа жапкан Кудайдын алдында да, элдин алдында дагы уят. Мени алар калкалап аткан жери жок. Менин коргоочум жана калканчым - бир Кудай. Мен ушул жерде 45 жылдан бери иштеп, кадыр-баркымдын канча экенин айтпасам деле эл билет. Раиса Атамбаева бизде толук ставкада иштебейт. Анын кафедрадагы сабагынын өлчөмү мына ошол кафедранын башчысы тарабынан аныкталат. Ал кафедра мурдагы 6-жатакананын имаратында. Биз президенттин жубайына арнап имарат куруп берген жокпуз. Мына ошол жатаканын биринчи кабатындагы мурда түрк ишкери ижарага алып келген бөлмөлөрдү бошотуп, ремонттоп, жаңы окуу борборун ачканбыз. Раиса Атамбаева ошол бөлмөлөрдүн биринде башка окутуучулардай эле отурат. Ага бир атайын шарт түзүп, мрамордон сарай куруп берген жокпуз. Биринчи айымдын атын аралаштырып, атайын эле шыбай бергендери бери эле дегенде бети жоктук.
Тасмада: Биринчи айым иштеген жер

Президенттин жубайы Раиса Атамбаева иштеген Медициналык академиянын гигиеналык дисциплиналар кафедрасы. АКОС коомдук бирикмеси жарыялаган президенттин жубайы Раиса Атамбаева үчүн даярдалган атайын иш бөлмөсү Медакадемиянын мына ушул имаратынын 1-кабатында жайгашкан. Анын иш бөлмөсүнө кетүүчү коргон имараттын артында болуп, жабык болгондуктан ал жакка каалаган адам эле бара албайт.


Президенттин жубайы иштеген жер
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:25 0:00



Бийлик-укукту узартуу таржымалы

Эмгек кодексине ылайык, жогорку окуу жайынын ректорунун жашы алтымыш беш жаштан жогору болбошу керек. Медициналык академиянын ректору Аширалы Зурдиновдун жашы быйыл аталган чектен ашып кеткендиктен, мыйзам боюнча аны өзүнүн макулдугу менен башка кызматка которуу зарылдыгы чыккан. Бирок академиянын окмуштуулар кеңеши ректор Зурдиновдун окуу жайды башкаруу мөөнөтүн жетимиш жашка чыкканга чейин узартып берүү боюнча өкмөткө атайын өтүнүч келтирген. Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев ал өтүнүчтү жаңы жылдын алдында канааттандырды.

Коррупцияга каршы күрөшүү жана люстрация кыймылынын жетекчиси Таалай Айдаров мында окуу жайдын жобосу одоно бузулду деген пикирде:

- Окуу жайдын жобосунда анын уюштуруучусу катары Cаламаттыкты сактоо министрлиги турат. Демек, укуктук жактан алганда, окуу жайдын ректорунун башкаруу мөөнөтүн узартуу маселесин аталган министрлик карашы керек болчу. Бирок Зурдинов окмуштуулар кеңешин чогултуп, аларды өзүнүн мөөнөтүн узартып берүү боюнча өтүнүч келтирткен. Өкмөт башчысы болсо бул мыйзам бузууга көз жумуп туруп, чечим чыгарды. Демек бул жерде Зурдиновду колдоо боюнча өтө таасирдүү адамдар аралашкан. Болбосо Саламаттыкты сактоо министрлигинин пикирин сурап койбостон туруп, мындай чечим кабыл алууга өкмөт башчысы да барбайт болчу.

Укук коргоо органдары тарабынан Медициналык академияга караштуу жер тилкелери жеке менчикке берилип кеткен фактылар боюнча 2012-жылы эле кылмыш иши козголгон. Окуу жайдын стамотолгия факультетине караштуу Байтик Баатыр - Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер тилкеси 2009-жылы эле май куюучу жай куруу үчүн бөлүнүп кеткен. Ал эми окуу жайдын 7-8-жатаканаларына жакын жер тилкелери жеке менчикке берилип, кийин анда кафе-ресторан курулган.

Медициналык академиянын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаров кезинде окуу жайдын жетекчилигинин бул иштерге тиешеси болгон эмес деп билдирди:

- Аталган жер тилкеси 2009-жылы өкмөттүн токтому менен мэрияга өткөрүлүп берилген. Мерия болсо аукциондун негизинде аны жеке тарапка берген экен. Буга биздин окуу жайдын жетекчилиги менен окмуштуулар кеңеши каршы чыккан. Бирок биздин жамааттын кызыкчылыгын эске алынган эмес. Бул жерди кайра өзүбүзгө алабыз деген демилге менен 2010-жылдан кийин биздин эмгек жамаат убактылуу өкмөткө жана андан кийинки өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевге кайрылганбыз. Анткени ал жер тилкесине клиникалык база курулат деген план бар болчу. Буга ректор Зурдиновдун эч кандай тиешеси жок болчу. Муну тастыктаган документтер бар.

Прокуратуранын жообу

Ошол эле кезде мыйзамга ылайык, мамлекеттик мекемеге караштуу мүлктү же жер тилкесин менчиктештирүү анын макулдугусуз сатылбайт деген эреже бар. Бул иш боюнча 2010-жылдан кийин башкы прокуратура атайын текшерүүлөрдү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы боюнча кийинчерээк жеке колго берилип кеткен жер тилкелерине Медициналык академия жетекчилигинин катышы болгон эмес деген аныктама чыгарылган. Анткени бул боюнча 2009-жылы ошол кездеги өкмөттүн жана Бишкек мэриясынын Медакадемиянын аймагынан атайын жер тилкесин бөлүү боюнча токтому табылган.

Башкы прокуратура
Башкы прокуратура
Бул тууралуу башкы прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмамат уулу мындай дейт:

- Бул маселе текшерилген. Негизи ал жер өкмөттүн жана мэриянын токтому менен берилип кеткени аныкталган. Бул боюнча мурда кылмыш иши козголгон болчу. Бул иште Медициналык академия жетекчилигинин тиешеси жоктугу тастыкталган. Эми бул иш боюнча биз дагы текшерип, аягына чыгарабыз. Ал жерде мыйзам бузуулар болсо сөзсүз чара көрүлөт. Анан бул жерде кылмыш иши атайын жашырылган дегенге негиз жок. Бул эми жөн эле сөз. Муну биз толук текшерип бүткөн соң гана жыйынтык чыгарабыз.

Медицина илимдеринин доктору Аширалы Зурдинов 2009-жылы Медициналык академиянын ректору болуп шайланган. Ал ушул кезге чейин эки жүз элүүдөн ашуун илимий жана илимий-популярдуу эмгектерди жазган. Зурдинов иммунитетти чыңдоочу жана ооруларды басаңдатуучу бештен ашуун илимий-фармацевтикалык ойлоп табуулардын автору.
XS
SM
MD
LG