Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:22

ЖОЖДОРДОН ПАРАКОРЛУКТУ КУУП ЧЫГУУ ОҢОЙ ЭМЕС


Билим берүү министрлиги ЖОЖдордогу билим берүүнүн сапатын, академиялык чынчылдык боюнча ал-абалдарын текшерүү максатында атайын комиссия түзүп, Кыргызстандагы бардык ЖОЖдорду текшерип чыкты. Билим берүү министринин орун басары Ардак Ормонбекова баш болгон комиссия текшерүү учурунда бир топ кемчиликтерди аныктап, айрым студенттер окутуучулары экзамен учурларында акча алышарын ачык айтышкан.

Билим берүү министри атайын комиссия түзүп, былтыркы жылдын 24-декабрынан тарта үстүбүздөгү жылдын 20-январына чейинки аралыкта “Таза сессия, билимди сатып албайсың!” деген акция өткөрүп, ЖОЖдордогу негизги кемчиликтерди аныктаганга аракет кылды. Комиссия мүчөлөрүнүн айтымында, негизги кемчиликтер катары билим берүүнүн сапатын, окуу программаларын түзүүдөгү кемчиликтерди жана паракорчулукту атаса болот. Бирок окутуучуларын жең алдынан акча алып жаткандыктары үчүн айыптаган жашыруун телефон чалуулар болуп жатканы менен алардын бирөөнү дагы далилдөөгө мүмкүн болгон эмес. Билим берүү министринин орун басары Ардак Ормонбекованын айтымында, андай студенттер өз аттарын ачык айткандан чочулап жатышат:

- Бүт республика боюнча 43 ЖОЖ, анын ичинде 13 мамлекеттик эмес окуу жайлар жана орто билим берүүчү кесиптик окуу жайлар да текшерилди. Айта кете турган нерсе ЖОЖдордогу коррупция, сессия учурундагы терс көрүнүштөр тууралуу, тилекке каршы, бизге жашыруун гана арыздар келип түштү. Ал эми өз аты-жөнүн, окуган жерин так көрсөткөн арыздар жокко эсе болуп атат.

Комиссиянын мүчөсү, кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Бакыт Боркоевдин пикиринде, ЖОЖдордогу академиялык чынчылдык маселеси учурда кыйла эле жолго коюлган. Анткени ЖОЖдордун өзүндө дагы академиялык чынчылдык боюнча студенттерден турган топтор иштешет. Комиссияга түшкөн даттануулардын көбү Медициналык академияга, Кыргыз техникалык университетине, Ош мамлекеттик университетине, Кыргыз-өзбек университетине жана Улуттук университетке тиешелүү:

- Академиялык чынчылдык боюнча ар бир окуу жайында студенттерден турган топтор иштешет. Мен бир эле мисал келтирейин. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан бир канча телефон чалуулар болду. Ал студент курсун айтканы менен аты-жөнүн айткан жок. Биз дароо комиссияны жөнөткөнүбүз менен факты далилденген жок. Балким ага чейин болгондур. Ошол себептүү тоголок арыздарды далилдөө кыйын.

Ал эми Мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиевдин пикиринде, ЖОЖдордогу паракорчулуктун токтобой жатышына ата-энелер өздөрү дагы себепкер болуп жатышат:

- Бүгүн ата-эненин жоопкерчилиги болмоюнча бир жыйынтыкка келүү кыйын болуп атат. Баласын окуудан чыгарып жиберсе сабакка келбей койгону үчүн, “акыркы уюмду сатайын, баламды кайра ал” деп жатышат. Анан арыз жазып атышат, “уюмду сойдуртуп алып кетти, баламды чыгарып жиберди” деп.

Негизинен бир топ студенттер окуу жайындагы паракорчулук менен ар качан бетме-бет келип жүрүшкөнү ал тууралуу ачык айтууну, айтса да аты-жөнүн баса белгилөөнү каалашпайт. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин студенти Манастын айтымында, окуу жайлардагы паракорлук өзүнчө эле бир системага келип калган жана аны далилдөө оңойго турбайт:

- Мисалы, сессия башталганда кээ бир сабактардан биздин группа старостага акча чогултуп беребиз. Ал барып мугалимге акча берет дагы баа койдуруп келет.

XS
SM
MD
LG