Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:16

TI: Жемкордук ооздукталган жок


Эл аралык Transparency International уюму дүйнөгү коррупциянын деңгээли боюнча баяндамасын жарыялады. Ага ылайык, Кыргызстан 177 өлкөнүн ичинен 150-орунду ээледи.

Transparency International уюмунун баяндамасында, Кыргызстан 177 өлкөнүн ичинен 150-орунду ээлеп, коррупция тамырын жайды делген өлкөлөрдүн катарынан орун алды. Былтыр 154-орунду ээлеген эле. Бирок уюм өкүлдөрүнүн айтымында, бул өлкөдө абал жакшырганын көрсөтпөйт.

Аталган уюмдун Кыргызстандагы борборунун жетекчиси Адылбек Шаршенбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, мындай жыйынтык коррупциянын деңгээлин аныктоодогу ыкманын өзгөрүшүнөн келип чыккан:

- Коррупцияга көз караш индекси деген изилдөө эксперттерди жана ишкерлерди сурамжылоого негизделип даярдалган. Жыйынтыкка ылайык, Кыргызстанда коррупциянын деңгээли азайбаганы белгилүү болду. Быйыл 150-орунга чыктык. Бирок топтогон баллынын саны боюнча 24 балл алып, былтыркы эле орунда калдык. Бул коррупциянын деңгээли боюнча өзгөрүү жок дегенди билдирет.

Шаршенбаев кошумчалагандай, Кыргызстанда коррупциянын жайылышына ыңгайлуу шарт дагы эле бар болуп жатканы кооптондурууда. Ал эми бийликтин аракети болсо коррупциянын түпкү себеби эмес, анын кесепети менен күрөшүүгө гана багытталып жатат.

Анткен менен бийлик өкүлдөрү коррупцияга каршы күрөштүн акыбети кайта баштады деп билдиришүүдө. УКМКга караштуу Коррупцияга каршы кызматтын жетекчиси Бектен Сыдыгалиев өткөн айдагы Коргоо кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып, аткарылган иштин жыйынтыгын санап берген эле:

- Акыркы эки жылдагы көрүлгөн чаралар өлкөдөгү стратегиялык маанилүү тармактарда коррупцияны кыскартуу боюнча оң жыйынтыктарды бере баштады. Ал эми быйылкы 9 айдын ичинде Коррупцияга каршы кызмат тарабынан 56 иш сотко өткөрүлдү. Кылмыш жоопкерчилигине 93 жооптуу кызмат адамы тартылып, анын он экиси соттолду. Коррупцияга каршы кызмат корррупциялык кылмыштардын айынан мамлекеттик бюджетке 1 миллиард 107 миллион сом зыян келтирилгенин аныктап, анын 702 млн. сому кайтарылган. Бул жалпы чыгымдын 63,4 пайызын түзөт.

Акматбек Келдибековду колдогондордун митинги, 2-декабрь, 2013-жыл
Акматбек Келдибековду колдогондордун митинги, 2-декабрь, 2013-жыл
Ошол эле учурда кыргыз бийлиги ноябрдагы Коргоо кеңешинде коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабын жарыялады. Анда президент Алмазбек Атамбаев негизги сокку саясий коррупцияга каршы урулушу керек деп билдирүүдө. Мындан көп узабай Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Акматбек Келдибеков камакка алынса, Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловго кылмыш иши козголду.

Алмазбек Атамбаев болсо алдыдагы 4 жылда коррупционерлердин сазайын берем деп убада кылды:

- Ачык айтайын, мени 1 миллионго жакын эл президент кылып шайлаган. Дагы 4 жылым калды. Ушул убакыт ичинде коррупциянын сазайын берем. Мени коркутуу мүмкүн эмес, мен Кудайдан гана корком.

Ошентсе да, расмий бийликтин мындай билдирүүлөрүнө карабай, Transparency International уюмунун коррупция менен күрөштөн майнап жок деген баасы канчалык жөндүү деген суроо талкууланууда.

Жогорку Кеңештин депутаты Жоомарт Сапарбаевдин пикиринде, учурда Кыргызстанда коррупционерлерди жазалоо жараяны гана жүрүп, жемкордукту алдын алуу иштери жүргүзүлбөгөндүктөн эл аралык уюм дал ушундай жыйынтык чыгарды:

- Акыркы 20 жыл ичинде качан ушунча министр, депутаттар камалды эле? Учурда коррупцияга каршы күрөш же коррупционерлерди жазалоо жараяны жүрүп жатат. Бирок коррупцияга каршы күрөш жазалоо менен эле чектелбей, комплекстүү түрдө коррупцияга каршы стандарттарды киргизүү болуп саналат. Эми президент мунун баарын экинчи этапта ишке ашырабыз деп билдирип жатат.

Азамат Акелеев
Азамат Акелеев
Ал эми көз карандысыз эксперт Азамат Акелеев бийликтин жогорку катмарында коррупцияга каршы күрөш жөнүндө сөз болгону менен төмөнкү катмарлар мурдагы эле жемкордук схемасы менен иштеп жатканын белгилейт:

- Коррупцияга каршы күрөш калың элдин катмарына сезилген деле жок. Ишкелер, катардагы жарандар мурда учураган маселелер, схемалар ошол бойдон эле калууда. Маселен, тартип коргоо органдары, көзөмөл жүргүзчү органдар мурдагы ыкма менен өз чөнтөгүн толтуруп жатышат. Ал эми Transparency International уюму дал ушул ишкер чөйрөсүндө сурамжылоо жүргүзүп, баяндаманы даярдаган. Ошондуктан дал ушундай жыйынтык келип чыкты.

Transparency International уюмунун рейтингинде биринчи орунда Дания жана Жаңы Зеландия турат. Мурдагы советтик өлкөлөрдөн көп жылдардан бери Эстония алдыңкы сапты бербей келет. Быйыл Балтика боюндагы бул өлкө 28-орунду ээледи. Ал эми Борбор Азия өлкөлөрдөн Казакстан 140-орунду ээлесе, Тажикстан 154-орунга чыгып, Түркмөнстан менен Өзбекстан 168-орунда жайгашкан.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG