Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:20

Сот Алмазбек Атамбаевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты


Курсан Асанов жана Алмазбек Атамбаев. Атамбаевди кармоо операциясында тартылган тасмадан алынган.
Курсан Асанов жана Алмазбек Атамбаев. Атамбаевди кармоо операциясында тартылган тасмадан алынган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Сот 20-августтун кечинде Атамбаевди 7-8-августтагы кармоо маалындагы мыйзам бузуу боюнча адвокат Сергей Слесаревдин арызын карап, ушундай чечим чыгарды. Бул тууралуу «Азаттыкка» жактоочу өзү кабарлады:

- Сот муну кармоо эмес, мажбурлап жеткирүү деп эсептейт. Эгер андай болсо кармап келүү ишин аткарган жооптууларды чакырууну өтүндүк. Сот биздин өтүнүчтү канааттандырган жок. Биз соттун токтомуна каршы жогорку инстанцияга даттанабыз.

Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камоо жөнүндө чечим кабыл алган. 16-августта Бишкек шаардык сот бул чечимди күчүндө калтырган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 7-8-августта Кой-Таштагы үйүнөн кармоо операциясында жүздөн ашуун адам жабыркаганы, бир офицер каза тапканы расмий айтылган.

Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG