Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Кой-Таштагы операциянын мыйзамдуулугун сот чечет


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 7-8-августтагы кармоо маалындагы мыйзам бузуулар боюнча адвокаттын арызын кароону Биринчи май райондук соту 19-августка которду.

Ушул эле күнү Атамбаевди 26-августка чейин камакта калтыруу боюнча Биринчи май райондук сотунун мурдагы чечимин Бишкек шаардык соту карап, күчүндө калтырды.

Мурдагы президенттин бөгөт чарасын Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында уюштурулган көчмө жыйында карады. Сот жараянына эки адвокаттан башкасы киргизилген жок.

Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев соттун көчмө жыйыны бүткөндөн кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, жараяндын УКМКнын имаратында өтүп жатканын «одоно мыйзам бузуу» катары баалады. Ал «соттор мурдагы президентке карата кылмыш иштери боюнча ачыктык принцибин бузуп жатат» деп белгиледи. Жоошев Атамбаев соттон эч кандай сөз сүйлөбөгөнүн айтты.

«Алмаз Шаршенович өзүнүн укуктары жана мыйзамдын нормалары бузулганына байланыштуу башынан өз укугунан пайдаланып, бир да суроого жооп бербейм деген коргонуу линиясын биздин кеңеш менен тандаган. Биз ушуну туура көргөнбүз. Азыр ошол линияны карманып, сөз сүйлөгөн жок».

Ал эми Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы коопсуздук себептеринен улам бөгөт чарасын кароо УКМКнын имаратында өткөнүн билдирди. Атамбаевдин бөгөт чарасы каралып жаткан учурда анын отуздай тарапташы мурдагы президенттин бошотулушун талап кылып турушту. Алардын катарында Атамбаевдин аялы Раиса, уулдары Сейтек, Кадыр Атамбаевдер, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаева жүрүштү.

Атамбаевдин кичүү уулу Кадыр Атамбаев соттон алар күткөндөй чечим чыгарына башынан эле үмүт кылбаганын айтып, "мунун баары бийликтин буйругу менен болуп жатат" деп билдирди.

«Бул күтүлгөндөй эле болду. Бул иште мүмкүн болгон ачык-айкындуулукту алып, төрт дубалдын ичинде өздөрүнө керектүү болгон чечим чыгарышат. Бөгөт чарасында жана мындан кийинки соттор деле ушундай болот. Биз Бишкек шаардык сотуна барып, киргизбесе да алып баратканын көрүп калсак деп келгенбиз».

Алгач мурдагы президенттин аялы Раиса Атамбаева журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартып жаткан. Бирок сот жараянына кирбей калгандан кийин Атамбаева өзүнө да кылмыш иши козголгонун билдирип, мурдагы президенттин үй-бүлөсүнө куугунтук жүрүп жатканын айтты. Ал журналисттер аркылуу өлкө башчысына кайрылды.

«22 жыл бою биз менен, Алмаз Шаршенович менен бирге жүрдү. Өзү жана үй-бүлөсү менен биздин үйгө келип жүргөн. Жылуу сөздөрдү, достук, берилгендик жөнүндө айтып келген. Эми мен түшүндүм, мунун баары тебеленди. Азыр ал биздин үй-бүлөгө, элге, мурдагы санаалаштарына жасап жаткан мамилесине ойлонсун. Ал өз элинин алдында кандай көрүнүп жатат?».

Азырынча президент Сооронбай Жээнбековдун аппараты мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын сын-пикирине жооп бере элек. Ал эми Жогорку соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмонов көчмө сот отурумунун УКМКнын имаратында өтүшү мыйзамга шайкеш келет деп билдирди:

«Мыйзам боюнча биринчи кезекте айыпталып жаткан адамдын тек жайын, айыптын оордугун, коомго, башка адамдарга, коомдук түзүлүш менен стабилдүүлүккө коркунуч келтиреби, жокпу ошонун баары эске алынып, анан бөгөт чарасы кабыл алынат. Соттун иштин жагдайына, коомдогу резонанска жараша көчмө жыйын өткөрүп, башка жерде кароого укугу бар. Сот өзү барып, камак жайында да карай алат».

«Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов Атамбаевдин жакындары аны коргоп чыкканы мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин белгилейт. Бирок Молдокматов Атамбаевдин саясий куугунтук эмес, күнөөсү бар үчүн темир тор артында отурат деп эсептейт.

«Атамбаевдин куугунтук болуп жатат дегенине кошулбайм. Ушундайды Жапаров жана Текебаев башынан өткөрдү. Атамбаев өзү башында туруп түзгөн сот системасынын үзүрүн көрүп жатат. Экинчиден, ал жөн жерден камалган жок. Аны элдин баары билет».

16-августта Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге козголгон кылмыш иштерин тергөөнүн алкагында анын мүлкү, баалуу кагаздары, акциялары, Кыргызстандын банктарындагы эсептери камакка коюлганын билдирди.

Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде бөгөт чарасын аныктап, 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарган. Алмазбек Атамбаев бир топ оор жана өзгөчө оор кылмыштарга шектелип жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG