Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:37

ИИМ Атамбаев боюнча Бекназаровду чакырды


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Милиция саясатчы Азимбек Бекназаровдун мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен акыркы жолу качан жолукканына кызыкты.

Ички иштер министрлиги саясатчынын айтканын бышыктап, бирок кеңири маалымат берген жок. Ыңкылаптардын башында тургандардын бири катары белгилүү болгон саясатчынын жана адвокаттын суракка чакырылышы ар кандай жоромолдорго жем таштады.

Азимбек Бекназаров 20-августта Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгында күбө катары эки саат сурак берип чыкты. Ал тергөөчүлөр мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланышкан суроолорду бергенин «Азаттыкка» айтты:

«Алар мага «Качан акыркы жолу жолуктуңуз эле? Качан көрдүңүз эле?» – деген суроолорду беришти. «Күбө катары» деп чакырышты. Мен окуяга катышпасам, көрбөсөм, эмнеге күбө болом?»

Ички иштер министрлиги Бекназаровду суракка Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоо операциясына байланыштуу чакырганын бышыктап, анын жүйөсү тууралуу толук маалымат берген жок. Муну министрликтин басма сөз өкүлү Эрнис Осмонбаев мындайча негиздеди:

«Тергөө сырын ачыкка чыгарбоо тууралуу документке кол коюлган. Ошол себептен улам сурактын чоо-жайын ачык айтканга болбойт».

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Бекназаров буга чейин Кой-Таштагы окуяларда Атамбаевдин жанында жүргөн саясатчы катары тергөөгө бир нече ирет чакырылган Равшан Жээнбековдун адвокаты экендиги кабарланган. Жээнбеков Бекназаровдун суракка алынышын тергөөдөгү кадыресе көрүнүш деп эсептеди:

«Бекназаров - көп саясий жараяндарды түшүнгөн адам. Элдин нааразылыгын билген жакшы адис. Балким ошол жагынан пикирин билүү максатында же кайсы бир маалыматты такташ үчүн суракка чакырган болушу мүмкүн».

Анткен менен Бекназаровдун чакырылышын саясатка байлаган пикирлер да айтылууда. Коомдук ишмер, парламенттин мурдагы депутаты Камила Талиева түз тиешеси жок эле минтип чакыра берүү куугунтук катары бааланып калышы мүмкүн деген көз карашы менен бөлүштү:

Камила Талиева.
Камила Талиева.

«Эгер ал кишини ооздуктоо же кысым көрсөтүү үчүн суракка чакырган болсо, бул туура эмес. Мындай жагдайда авторитардык режимдин элементтери байкалып жатат».

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитеттин мүчөсү Мирлан Бакиров кылмыш иштерин ашкере саясатташтыра берүүнү негизсиз деп эсептеди:

Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

«Биз укуктук мамлекетте жашагандан кийин, ким суракка чакырылабы, же башка тергөө амалдары болобу, баары мыйзам чегинде жүрөт. Жагдайды катаал режим же укук бузуу катары баалоодон алысмын».

Азимбек Бекназаров кыргыз саясатына Аксы окуясынын башкы каарманы, март жана апрель окуяларынын күжүрмөн катышуучусу, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Алмазбек Атамбаевдин жана Сооронбай Жээнбековдун президенттик саясатын сындап келаткан саясатчылардын бири катары белгилүү. Бекназаров мурдараак «Азаттыкка» комментарий бергенде Алмазбек Атамбаевдин үй камагына чыгарылышы, тергөө менен кызматташышы керек экенин жана бийлик сот адилеттигин камсыз кылып бериши зарыл болорун айткан.

7-8-августагы Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) офицери Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, Ички иштер министрлигинин Чүй облустук башкармасынын жетекчиси Самат Курманкулов баштаган күч түзүмдөрүнүн жана карапайым элдин 130дан ашык өкүлү жарат алышкан. Операцияда камалган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жоон топ кылмыштарга байланыштуу шек саналып жатат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG