Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:47

Кой-Таш боюнча комиссия күмөн жаратты


Кой-Таш. 8-август, 2019-жыл.
Кой-Таш. 8-август, 2019-жыл.

7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтеш үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссия ушул жумада ишин баштайт. Комиссиянын биринчи жыйыны өтө элек жатып, курамы сынга кабылды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары ага бир беткей бийликти жактаган адамдар киргенин айтып, комиссиянын калыс иштешинен күмөн санап жатышат. Ал эми аталган комиссиянын жетекчилери бардыгы ачык-айкын болорун билдиришүүдө.

Кой-Таш окуясын иликтей турган мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Комиссияга Жогорку Кеңештин жети депутаты: Бактыбек Райымкулов, Алмазбек Баатырбеков, Жаныбек Бакчиев, Абдыбек Дүйшалиев, Талант Мамытов, Бакирдин Субанбеков, Тынчтык Шайназаров кирген.

Андан тышкары Коопсуздук кеңешинин, бир катар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бар. Ошондой эле «Антитеррор-Альфа» коомдук бирикмесинин төрагасы Артур Медетбеков, коомдук ишмерлер Исмаил Исаков, Кубатбек Кожоналиев, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун жана эксперт Алишер Мамасалиев мүчө болгон.

Жарандык активист Рита Карасартова комиссия мындай курам менен калыс иш алып бара албай тургандыгын айтып чыкты. Маселен, ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иште комиссиянын мүчөсү Турсунбек Акундун аты аталганына көңүл бурду:

Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

«Комиссиянын иши таптакыр адилеттүү болбойт. Эгерде Кой-Ташта эмне болгонун чын эле элге ачык көргөзгүбүз келсе, комиссияга жарандык активисттер, укук коргоочулар кириши керек болчу. Турсунбек Акун укук коргоочу болгону менен анын кызыкчылыгы бар. Анткени Батукаевдин чыгып кетишине салым кошкон. Бул комиссия «мына, комиссия түзүлдү, ушундай иштер болуптур» деген эле чечимдерди чыгарыш үчүн түзүлдү».

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге дал ушул Батукаевдин ишине байланыштуу «Кылмышка кошо аралашуу» жана «Коррупция» беренелери боюнча айып коюлууда.

Аталган ишти тергөөнүн жүрүшүндө Турсунбек Акун да Ички иштер министрлигине (ИИМ) күбө катары сурак берип чыккан. Бул ишке байланыштуу ал «ар-намысыма шек келтирди» деп мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сотко берип, кийин арызын кайтарып алган.

Турсунбек Акун Кой-Таштагы окуяларды иликтей турган комиссияга мүчө болуу жөнүндө сунуш өкмөттөн түшкөнүн айтып, комиссияда анын өз кызыкчылыктары болушу мүмкүн экенин четке какты:

Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

«Комиссияга мени киргизгиле деп эч кимден суранган жокмун. Калыс, акыйкат жасап аткан иштерим үчүн мени кошолу деп чечишсе керек. Кой-Таш окуясына бир жактуу баа бербей, эки тараптуу караш керек. Ошондуктан «жарандык коомдон калыс, бийликтин камчысын чаппаган адамдар да болсун» дешти да. Мен комиссияда төраганын же анын орун басарынын камчысын чаппайм. Бул жерде жалаң эле Батукаевдин иши эмес, Кой-Таш окуясы, Бишкек ЖЭБиндеги иштер бар. Аларды караш үчүн адам укуктарын, укуктук негиздерди түшүнгөн адам керек. Батукаевдин ишинде күбө катары эле өтүп жатам. Мен ушул үчүн эле эч жакка кирбей калышым керекпи?»

Кой-Таш окуясына байланыштуу бир топ талаштуу жагдайлар бар. Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары «күч органдарынын кызматкерлери жөнөкөй жарандарды ур-токмокко алып, согуштук куралдарды колдонду» десе, күч органдары желим октор гана пайдаланылганын билдирип жатышат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, комиссия 7-8-августта Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды объективдүү жана ар тараптуу иликтөө максатында түзүлдү. Мындан тышкары ал окуяларды Ички иштер министрлиги (ИИМ), Аскер прокуратурасы да иликтеп жатат.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева комиссияга Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары киргизилбегенин айтып, анын калыс иш алып барышынан күмөн санады. Анын «Азаттыкка» берген комментарийине караганда комиссияга мүчө болуу тууралуу өкмөттөн эч кандай сунуш түшкөн эмес.

Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

«Бул комиссия кандай чечим чыгарарын биз алдын-ала эле билип турабыз, - деди ал. - Себеби комиссияга саясий буйрукту аткара турган адамдар кирди. Ошондуктан биз комиссиянын калыс иштей турганына ишенбейбиз. Алар күч түзүмдөрүнүн иш-аракетин «туура болгон» деп баа беришет. Бирок алардан канча деген жарандар жабыр тартты? Тартип сактоо органдары Арашандын, Кой-Таштын жашоочуларын коркутуп, алар медициналык жардам алуудан да качып жүрүшөт. Бул комиссия күч түзүмдөрүнүн аракетине да баа бериши керек».

Комиссияга Жогорку Кеңештин депутаттарынын мүчө болушу да талкууга түштү. Айрымдар «парламент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестиктен ажыратканын эске алганда депутаттар ага кирбеши керек болчу» деген пикирде турушат. Ал эми комиссиянын төрагасынын орун басары, депутат Бактыбек Райымкулов алар калыс иштей турганына ишендирүүгө аракет кылды:

«Окуя кандай болсо ошондой эле иликтенип, объективдүү иш алып барабыз. Эч кимдин кызыкчылыгы жок. Мен өзүм да калыстыкты жакшы көрөм».

Комиссиянын төрагасы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков алар ушул жумада ишин башташарын, комиссиянын мүчөлөрү макулдашуу менен тандалганын айтты. Кой-Таш окуясын иликтеп чыгыш үчүн бир ай убакыт берилген. Анын жыйынтыгы Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт.

7-8 августта Кой-Ташта болгон окуяларды Акыйкатчы институтунун аппараты да иликтеп жатат. Акыйкатчы Токон Мамытовдун маалыматына ылайык, 7-8 август күндөрү институттун кызматкерлери окуя болгон Кой-Таш айылына барып, абалга мониторинг кылышкан.

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

«Биз расмий маалыматтарды чогултуп, талдап даярдап койгонбуз, - деди ал. - Бирок күч түзүмдөрүнөн алардын иш-аракети боюнча толук маалымат келбей жатат. Күч түзүмдөрү бизге жооп берсе, мурда даярдап койгон материалдарга кошуп тиешелүү мамлекеттик органдарга, парламентке, президентке, өкмөткө жөнөтөбүз».

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, 100гө жакын адам ооруканага кайрылган. Окуяларда оор жаракат алган Чүй ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов эмгиче эсине келе элек.

Бул окуялар боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев камакка алынган. Мындан сырткары Атамбаевдин бир нече тарапкери ИИМге күбө катары сурак берүүдө.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG