Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:34

Кой-Таш: полковниктин өлүмүнө шектүү кармалды


Үсөнбек Ниязбеков.
Үсөнбек Ниязбеков.

Кой-Таштагы окуяда курман болгон атайын кызматтын «Альфа» түзүмүндөгү жоокердин өлүмүнө шектүү киши кармалганы кабарланды.

Азырынча күч түзүмдөрү шектүү адам тууралуу толук маалымат бере элек. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо аракетинде каза болгон Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбековду өлтүрдү деген шек мен кармалган К.Р. 29 жашта. Ал 7-8-августтагы окуялардын жигердүү катышуучусу болгон.

Окуялардын жүрүшүндө алынган курал-жарактардын бардыгына трассологиялык жана баллистикалык экспертизалардын жыйынтыгы чыга элек. Андыктан жоокер кандай курал менен кандай жагдайда атылганы белгисиз.

Жабырлануучу тарап катары маркум Ниязбековдун жакындарынын адвокаты Кайрат Загибаев шектүүнүн кармалганы боюнча кабары бар экенин билдирди:

«Азыр кармалды. Ал эми аты-жөнүн айтууга эрте. Азыр балдар бардыгын тактап бүткөн соң расмий маалымат берилет го».

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары күч түзүмдөрүндөгү өз булактарына таянып, Ниязбеков өзүнүн куралы менен атылганын жазып чыгышкан. Ички иштер министрлиги бул маалыматты төгүнгө чыгарды. Ал эми Интернетте шектүүнүн ыкчам видеосу делген тасмада жүзү жабылган адам Нарындын Лахол айылында 1990-жылы туулганын жана Нарын шаарында техникумда окуп, 2008-жылы Улуттук гвардияда кызмат өтөгөнүн айтып берген.

Интернеттеги видеодон алынган сүрөт.
Интернеттеги видеодон алынган сүрөт.

​ИИМ видеодогу адам Ниязбековдун өлүмүнө шектүү экенин тастыктай да, төгүндөй да элек.

Шектүү жарандын тек-жайын такташ үчүн Нарындын Лахол айылындагы айрым тургундары менен байланыштык.

Учурда жергиликтүүлөрдүн арасында мурда айылда жашап кеткен кишинин баласы адам өлүмү үчүн шектүү болуп жатканы боюнча айың кептер желдей тарап жатыптыр. Телефон аркылуу байланышкан жергиликтүү кеңештин атын атагысы келбеген депутаты шектүүнүн үй-бүлөсү 2005-2006-жылдары Нарын шаарына көчүп кеткенин айтып берди. Жергиликтүү депутат Интернетте тараган видеодо шектүү катары сөз болгон адамдын жүзү жашырылганы менен болжолдоп таанып жатканын белгилеп, ага мындайча мүнөздөмө берди:

«Кийин бир-эки жолу Нарындан көрүп калдым. Ошондо деле биздин айылдын балдарын сыйлап, «бир айылдыкпыз» деп калчу. Бир мүнөздүү болчу. «Бирөөнү сабап, милицияга түшүптүр» дегенин уккан эмеспиз».

Жергиликтүү тургун бул адамдын аты-жөнүн толук айтып берди. Бирок расмий тастыкталбагандыктан «Азаттык» бул маалыматты ачык жарыялабайт. Анын Кой-Ташка кантип барып калганы жана буга чейин эмне менен алектенип жүргөнү белгисиз.

Ал эми «7-август күнү Кой-Таштагы окуяларда атайын кызматтын жоокерлерин Атамбаевдин тарапташтарынын курчоосунан алып чыгууга көмөктөштүм» деген «Альфа» түзүмүнүн ардагери Мирлан Желденбаев Ниязбеков үйдүн экинчи кабатында курман болгону боюнча кабары бар экенин айтты:

Мирлан Желденбаев.
Мирлан Желденбаев.

«Кандай учурда, кантип ок тийгенин билбейм. Болгону экинчи кабатта ок атылып, каза болгон».

Кармалган шектүү боюнча Кой-Таштагы 7-августта окуя болгон жерде жүргөн Атамбаевдин тарапташтары комментарий бере элек. УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев 13-августта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, Ниязбековду өлтүрүш үчүн түз эле жүрөккө атышканын айткан. 7-август түнү жоокер ооруканага түшкөн учурда дарыгерлер ок анын чопкутун тешип кеткенин билдиришкен.

Күч түзүмдөрүнүн ишке ашпай калган операциясынан кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатып ал жерде курал өзүндө гана болгонун жана ок атканын кыйыткан.

«Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча 7-августта болгон биринчи операция учурунда ок тийип каза болгон. Анын сөөгү 9-августта Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.

Полковник Ниязбековдун тажыясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:50 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG