Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Саясий «селфиден» бир шилтем


Алмазбек Атамбаев жана Курсан Асанов. 8-август, 2019-жыл.
Алмазбек Атамбаев жана Курсан Асанов. 8-август, 2019-жыл.

Интернет мейкининде Кой-Таштагы окуялардын мыйзамдык жана адамдык өңүтү жөнүндө талаш-тартыш эмгиче токтой элек. Анын негизги каармандарынын айрымдарына кылмыш иштери козголо баштады. Эмесе артка кылчайып, аларга талдоо жүргүзүп, сабак алууга аракет кылып көрөлү.

Кой-Таштагы тополоңдон кийин Алмазбек Атамбаев колго түшүп берерде, жанындагы куралчан жигиттердин кол тийбестигине кепилдик сурады. Курсан Асанов «эч ким тийбейт, генералдык сөзүмдү берем, баары мыйзам чегинде болот» деп аны ишендирди. Муну атайын тартылган тасмадан элдин баары укту, көрдү. Бирок «ал балдар кармалып жатат, генерал сөзүнө турбады» дегендер бар. Эми ушул жагдайды логикалык өңүттөн талдап көрөлү да, бийликтин укуктук маданияты жана саясий жоопкерчилиги жѳнүндѳ сөз кылалы.

Эл көзүнө кандай көрүнүш керек?

Ички иштер министрлиги куралга каршы куралды, күчкө каршы күчтү эле эмес, карөзгөйлүккө каршы дипломатиянын элементтерин да колдонуп, Кой-Таштагы туңгуюк кырдаалды жөнгө салууга жетишти.

Бирок кимдир-бирөөлөрдү мыйзамдуу жоопкерчиликтен куткарып калууга министрдин орун басары эле эмес, мамлекет башчы да укуксуз. Мыйзам боюнча ушундай экендигин К. Асанов сопсонун билет. Эгер, айрымдар ойлогондой, К. Асанов «генералдык сөзүнө туруп», Кой-Таштагы куралдуу кагылышка түздѳн-түз катышкан жигиттерди суракка баргызбай качырып жиберсе, мындай кадамы үчүн өзү жоопко тартылмак. «Эч ким тийбейт» дегенде ал кармоо учурунда бул жигиттердин уруп-сабалбай турганын айткан болушу ыктымал. (Ошол эпизоддо: «Уруп-сабашпайбы?» - деген суроо да берилгендигин эске алалы).

«…Баары мыйзам чегинде каралат». Жооптун бул бөлүгүнө эч ким кине коё албаса керек. Демек, кан төгүү, атышуу жүргѳн жерде болгондордун кимиси канчалык күнөөлүү же күнөөсүз экендигин сот аныкташы керек. Эгер мыйзам сыйлагандарга өзүнөн-өзү түшүнүктүү болуп турган ушул чындыкты генерал чечмелеп айтууга аракеттенсе, мисалы, «силерди эч ким уруп-сабабайт, бирок сөзсүз түрдө тергөөгө барасыӊар, күнөөңөр далилденсе жоопко тартыласыңар» десе, анда А. Атамбаевдин сыйкыр кебине дайым арбалып келген жаштардын көзү ачылып, ошол жерден ок атып кириши да мүмкүн эле. Андыктан туңгуюкка кептелген саясатчынын «автопортрет» тартуусуна К. Асанов тоскоолдук кылбады. Б.а. «өзү колго түшсө да, жанындагы чоролорун куткарып калууга жетишкен баатырдын» жасалма бейнесин бузуп салган жок.

Эч ким мыйзамдан жогору турбашы керек экенин, кылмышка шектүү жаран сөзсүз түрдѳ тергелип, эгер күнөөсү аныкталса, жазаланууга тийиш экенин А. Атамбаев деле түшүнөт. Бирок ал ушул ѳтүнүчү орундалышы мүмкүн эмес экенин билсе да, эл көзүнө ашкере күйүмдүү болуп көрүнгүсү келди окшойт. (Ошол эпизодду ал ѳзү айтып, камерага атайын тарттыргандыгын эске алалы).

Кепилдикти кантип бекемдейбиз?

Мамлекеттеги мыйзамдуулуктун башкы кепили (гаранты) болуп президент саналат эмеспи. Атамбаев бийлик жүргүзгѳн алты жыл ичинде өзүнүн ушул башкы вазийпасын аткара алдыбы?

Жок. Тескерисинче, өзүнүн саясий оппоненттерин мыйзамсыз түрдө соттогон судьяларды жана мамлекетке эбегейсиз зыян келтирген коррупциячыларды калкалап келгени баарыбызга белгилүү. Андай жосундарды тыюунун ордуна: «Мен турганда силерге эч ким эч нерсе дей албайт!» - деп, кол алдындагыларды ынсапсыздыкка дайым көкүтүп турганы айтылып келет. Маселен, анын илгерки залим падышалардыкындай чексиз бийлигине ашыкча ишенбесе, Абдил Сегизбаев «Белизгейт» менен алектенбейт эле. Сапар Исаков Тарых музейиндеги чалмакейлерге жол бермек эмес. Өмүрбек Текебаевге коюлган айып карандай жалаа экендиги бардык жагынан тастыкталып турганына карабай, судья Эрнис Айбек уулу карөзгөй өкүм чыгармак эмес.

Ырас, Алмазбек Атамбаев эл көзүнчө: «Мыйзам баарыбызга бирдей, аны бузгандар жазасыз калбайт», - деп күпүлдөп калчу. Бирок дал ушул мыйзамдуулукту камсыз кылуу жагынан ал иш жүзүндө терс өрнөк көрсөтүп келди.

Керегем, сага айтам…

Бул макаладагы ойлор «жыгылганды уруу» максатында эмес, «жыккандарга» кулак кагыш кылуу үчүн айтылды. Анткени Атамбаев камалса да, ал чегине жеткире көрсөткөн саясий жоопкерсиздик, бийликтен кыянат пайдалануу «өрнөгү», «салты» жоюла элек. Кеп бир гана президентте эмес, бүтүндөй бийлик вертикалы ушундай «иштеп» келгенинде. Азыр деле жагдай өзгөрө элек экени баарыбызга белгилүү. «Телефон укугу», жек-жааттык, жоро-жолдоштук, достук мамилелер, жеке кызыкчылыктар мыйзамдан жогору коюлуп калган учурлар кадам сайын кездешет.

Эгер президент Сооронбай Жээнбеков буга чейинки жегичтер «көчүн» эмес, нарк-насилди барктаган, Сөз кунун Өмүр менен баалаган эзелки Кыргыз Көчүн улантам десе, утурумдук пайдага азгырылбай, улуттун келечектүү зор мүдөөсүн көздөсө, анда алдыдагы төрт жылда башкаруу тутумун оптималдаштыруу, бири-бирин кайталаган же биринин иш-аракетине экинчиси тоскоолдук гана кылган мите түзүмдѳрдү жоюшу зарыл. Ыйгарым укуктар менен милдеттерди теңдештирүү, нукура сѳз эркиндигин камсыздоо сыяктуу зарыл иштер менен катар, балким, булардан да мурун сот реформасын жүргүзүп, мыйзам үстөмдүгүн толук орнотууга бар күчүн жумшоого тийиш. Паракорлугу, адилетсиздиги менен таанылган судьялар тегиз кетирилип, таза деп тандап алынгандары үй-бүлө бакканга толук жеткидей маяна алып, ѳз алдынчалыгы менен коопсуздугу камсыздалып, мыйзамга гана баш ийип иштеши керек. Адилетсиз, мыйзамсыз чыгарган чечимдери үчүн судьялар катардагы жарандарга салыштырмалуу бир нече эсе катаал жазаланууга тийиш.

Ошондо азыр атайылап козутулуп (балким, тымызын каржыланып, максаттуу түрдѳ пландалып) жаткан түндүк-түштүк «чатагы», кландардын астыртан да, ачык-айкын да тирешүүсү, инвесторлор менен болгон мамилелердин туюкка кептелүү ыктымалдыгы, тышкы карыздарга байланышкан опуртал жагдай… – ушул жана башка баардык орчундуу маселелер ырааттуу жөнгө салынат. Анткени жеке адамдын эмес, мыйзамдын кепилдиги ишенимди бекемдесе калыстык орнойт да, башкаруу тутумуна чыныгы намыстуу, кесипкөй адистер келет.

Адилеттик бар жерде биримдик, ынтымак болот, ынтымак ырыска жол ачат.

Жаман айтпай жакшы жок. Эгер азыркы президент объективдүү шартталган чындыкты, мыйзам ченемдүүлүктү эске албаса, кошаматчылар тартып жаткан идеалдуу «портретине» ишенип, алдана берсе, Атамбаевден да жаман тагдырга туш болот. Ѳзү эле сынбастан, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн да түбүнѳ жетет…

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Жолдош Турдубаев

    "Азаттыктын" блогери. Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулган. 1990-жылы Орусиянын Самара шаарындагы Пединституттун орус тили жана адабияты факультетин артыкчылыктуу диплом менен аяктаган. Адабиятчы, публицист, журналисттер арасында өткөрүлгөн республикалык конкурстарда бир нече ирет баш байгелерди жеңип алган, 2007-жылы Voice of Freedom Central Asia долбоорунун алкагындагы адам укуктары боюнча макалалардын Борбордук Азия журналисттеринин арасында жарыяланган конкурстун экинчи байгесине ээ болгон.

XS
SM
MD
LG