Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:41

Курсан Асановго козголгон иштин чоо-жайы


Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

Курсан Асанов буга чейин козголгон иш боюнча далил буюмдарды жана документтерди тергөөдөн жашырууга аракет кылган деп шек саналууда.

Башкы прокуратура ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду. Кызматтан алынган генерал мындай дооматты четке кагып, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштегенин айтып чыкты.

«Милициянын кызыкчылыгын саткан» деп бир күн мурда кызматтан алынган ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго козголгон кылмыш ишин Аскер прокуратурасы иликтеп жатат. Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренесинин негизинде («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») ачылган иш Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, милициянын генералы суракка чакырылды.

Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Наргиза Куватованын айтымында, Асанов буга чейинки иш боюнча далил буюмдарды жана документтерди тергөөдөн жашырууга аракет кылган.

Наргиза Куватова.
Наргиза Куватова.

«Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын Курсан Асановдун мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөсүнүн корутундусу бизге келип түшкөн. Курсан Асанов 7-8-августтардагы өз аракеттери менен министрдин талаптарын жана көрсөтмөлөрүн аткарбай, министр менен макулдашпастан, укугу жок туруп өз алдынча чечим чыгарган. ИИМдин өздүк курамын коркунучта жана башкаруусуз калтырган. Мындан тышкары Жазык-процессуалдык кодекстин талаптары сакталбай, иш боюнча мааниси бар далил буюмдарды жана башка документтерди тергөө органдарынан жашыруу аракети болгон», - деди Башкы прокуратуранын өкүлү.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Курсан Асановду Кой-Таш окуясында «милициянын кызыкчылыгын саткан» деп кызматтан алганы тууралуу маалымат коомчулукка 13-августта жарыяланган. Генерал Асанов ошол эле күнү билдирүү таратып: «Мен өзүмдүн кызматтык милдетимди аткардым деп эсептейм. Жеке кызыкчылыкты мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койгон жокмун», - деп айткан.

Алмазбек Атамбаевди кармаган учурдагы видео
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:52 0:00

Мунун алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаев күч түзүмдөрүнүн айрым кызматкерлери Атамбаевге жана анын тарапташтарына ыкчам маалыматтарды жеткирип, бул үчүн акча алып турганын айткан. Айрым маалымат каражаттары бул Асанов болушу ыктымал экенин жазып чыгышкан. Мындан көп өтпөй Алмазбек Атамбаевди кармап кетип баратканда жансакчысы көтөрө чыккан кызыл баштык тартылган, анын ичинде акча жана баалуу буюмдар болушу ыктымал экендиги айтылган тасма Интернетке тарады.

Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева «Курсан Асанов Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына маалымат берип турган» деген сөздөрдү четке какты. Ал мурдагы президенттин Кой-Таштагы үйүнөн чыккан баштык тууралуу комментарий берип, анда Атамбаевге тиешелүү мүлктүн документтери болгонун, ал жактоочусу Сергей Слесаревге өткөрүлүп берилгенин кошумчалады. Муну адвокат өзү да «Азаттыкка» ырастады:

Сергей Слесарев.
Сергей Слесарев.

«Ооба, документтерди мага беришти. Бирок алар козголгон кылмыш иштерине эмес, Алмазбек Атамбаевдин өзүнө, үй-мүлкүнө, бизнесине тиешелүү, курулушка уруксат берген документтери. Булар Атамбаевдин укугу менен кызыкчылыгын коргой турган документтер. Эгер тергөө органдарына керек болсо алар мамлекеттик органдардан ала алышат, бул кыйын эмес».

Ал ортодо Аскер прокуратурасы Кундуз Жолдубаеванын үйүндө тинтүү жүргүзүп жатканы белгилүү болду. Ал өзү тинтүү Курсан Асановго козголгон кылмыш ишине байланыштуу болуп жатканын билдирүүдө.

Курсан Асановдун кызматтан алынышы боюнча коомчулуктун пикири бир кылка эмес. Айрымдары бул жагдай күч түзүмдөрүндөгү интриганы, эрегишүүнү, мамлекеттик кызыкчылыктан жеке кызыкчылыктарды жогору койгон көрүнүштөрдү ачыкка чыгарып койгонун айтып жатышат. Экинчиден бул окуя дегеле күч түзүмдөрү мамлекеттик деңгээлде саясат жүргүзүп жатканынан күмөн туудурган пикирлерге жем таштады.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков муну азыр кайсы кызмат болбосун кадрлар сыналбай алынып жатканынын кесепети деп эсептейт. Ошону менен катар ал бул иште коомчулук билбеген жагдайлар да болушу мүмкүн экенин эске салды:

Туратбек Мадылбеков.
Туратбек Мадылбеков.

«Премьер-министрдин буйругунун негизинде Асановду кызматтан алган жүйөлөрү мени таң калтырып жатат. Демек, ага негиздер болсо керек, биз, сиз билбеген көп жагдайлар болушу мүмкүн. Болбосо «башка ишке өткөнүнө байланыштуу» деп эле алып коюшат эле да. Курсан Асановдон мындайды күткөн эмесмин. Негизинен ал илгертен Атамбаев менен өтө жакшы мамиледе экенин билчүмүн. Ошон үчүн министрдин орун басары болуп 8 жылдан ашуун иштеди да. Кызматта атаандашуу болот, бирок мындай чыкпашы керек эле. Министр сүйлөшүп жатса Асановдун бара калганы этикага да жатпайт, аскердик тартип деген да бар. Эгер бул жерде интрига болсо анда ал өздүк курамга да таасирин тийгизет. Интрига бар жерде өсүп-өнүгүү болбойт».

Мадылбеков күч түзүмдөрүнүн ортосунда мыйзамда белгиленбеген ич ара келишимдер да бар экенин белгилеп, ошолорду чогуу аткарганда гана иш алдыга жылат деген оюн билдирди.

Ал эми кылмыш дүйнөсү тууралуу жазып жүргөн журналист Семетей Талас уулу муну «генералдардын кармашы» катары мүнөздөдү:

Семетей Талас уулу.
Семетей Талас уулу.

«Асанов министр болуп калууга шарты бар болчу. Ошол убакта эле генералдардын укмуш кармашы болуп жатат. Эл азыр эч кимге ишене албайт, Кыргызстанда адилеттүүлүк жок. Кимге ишенерибизди да билбейбиз. Чындыгында маалыматтык боштуктун ичинде жашап жатабыз».

«Адилет» укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова Кыргызстанда болуп жаткан соңку окуялар бардык органдардагы, өзгөчө күч түзүмдөрүндөгү кризисти ачыкка чыгарып жатат деп эсептейт. Анын пикиринде чачылган элди бириктирген жетекчи да, лидер да жок болуп жатат.

Чолпон Жакупова.
Чолпон Жакупова.

«Милициянын кызыкчылыгын саткан деген негизде кызматтан албайт, - деди укук коргоочу. - Андай мыйзам жок. Тергөө бүткөнгө чейин бардык эле күч түзүмдөрү мыйзам боюнча абдан так маалымат бериши керек. Балким дагы башка ыкчам маалыматтар бар. Ушундай кыска убакыттын ичинде, эки күндө баарын аныктап койду деп ойлобойм. Бизде азыр күч түзүмдөрүндө эле эмес, бардык мамлекеттик органдарда ушундай болуп жатат. Акыркы окуяларга байланыштуу бизди эл аралык маалымат каражаттары, саясатчылар эмне деп гана талкуулап жатышат? Баарынан да «альфачылардын» абалы өкүнүчтүү. «Операцияда сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, барымтада калгандарды бошоткон жалгыз адам маалыматтарды берип турган» деп чыгып атат. Азыр генералдар ушундай деңгээлге жетсе, бул мамлекеттин көрүнүшү».

Курсан Асановдун аты 2010-жылдагы Кыргызстандын түштүгүндөгү июнь окуяларынан соң коомчулукка белгилүү болгон. Бирок ушул күнгө чейин анын июнь окуясындагы ишин эки башка талдап, баалап келатышат. Асанов 2011-жылдан бери ички иштер министринин орун басары болуп иштеп келген. Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясына катышкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG