Линктер

ишемби, 21-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 00:32

Феликс Кулов: «Кой-Таштагы операция жакшы ойлонулган эмес»


«Ар-Намыс» партиясынын лидери Феликс Кулов.

7-8-августтагы Кой-Таштагы күч кызматтарынын аракети жөнүндө талаш дагы эле токтой элек.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун кызматтан алынышы менен УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаевдин билдирүүсүнөн кийин талаш кайра күчөдү.

Атамбаевдин тарапкерлеринен башка дагы кимдер атайын кызматтын жоокеринин курман болушу үчүн жоопкерчилик тартышы керек? Эмне үчүн ИИМ ишке ашырчу операцияга «Альфаны» тартышкан? Чын эле күч түзүмдөрү кризистеби?

«Азаттыктын» суроолоруна «Ар-Намыс» партиясынын башчысы, учурунда атайын кызмат менен ИИМди жетектеген Феликс Кулов жооп берди.

«Азаттык»: - Кой-Таштагы кийинки окуяларда ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов кызматтан алынды. Атайын кызматтын жоокери окко учту. Атайын кызматтын жетекчиси эмоциялуу сөздөрдү айты. Ушунда улам тартип коргоо, коопсуздук кызматтары кризисте деп айтсак болобу?

Ф. Кулов: - Мен кризис деп айтпас элем, айрым кемчиликтер десек туура болот го. Алгач саман-топонун ажыратып алалы.

УКМКнын жоокерлери алынган буйрук, алар үчүн атайын иштелип чыккан план боюнча аракет кылышат. План боюнча гана иштешет. Алардын бирөөнүн курман болуп, башкалары барымтага түшүп калышы – атайын кызматтын күнөөсүбү?

Менин оюмча, атайын кызматтын жигиттери планда көрсөтүлбөгөн кысталыш жагдайга жараша так, кылдат аракет кылышты.

Менин оюмча, атайын кызматтын жигиттери планда көрсөтүлбөгөн кысталыш жагдайга жараша так, кылдат аракет кылышты. Эгер алар коопсуздук кызматынын атайын жоокерлери жасачу иштерди чындап аткарганда ал жерде көптөгөн курмандыктар болмок. Эмне үчүн? Анткени бул жоокерлер эч качан туткунга түшүп беришпейт.

Атайын бөлүк башка максаттарга даярдалган. Алардын алдында тынч адамдар эмес, чыныгы душман болгондо алар колго түшүп бермек эмес, тапшырылган ишти аягына чыгарышмак. Атайын кызматтын жоокерлерине эч кандай кине коюлбашы керек.

Ал эми «атайын операция» дегенди иштеп чыккан жетекчилер жоопкерчиликке тартылышы керек. Ал тартипке чакыруубу же башка жазабы аны тийиштүү инстанциялар аныкташы зарыл.

«Азаттык»: - А бирок УКМКнын жетекчиси кызматтан кетүү тууралуу арыз бергенин, аны президент кабыл албай койгонун билдирди. Президент арызга кол койбой, «бул жоопкерчиликтен качуунун эң оңой жолу» деп айтыптыр.

Ф. Кулов: - Ким кандай жоопкерчилик тартаарын жогорку бийликте отургандар аныкташсын. Бул операциянын укуктук жана саясий өңүттөрү жакшылап ойлонулбаганын эч тайсалдабай ачык айтыш керек. Сөз күбөнү күч менен алып келүү милдетин ишке ашыруу жөнүндө болуп жатат. Ал кантип ишке ашырылат? Тергөөчү күбөнү алып келүү тууралуу токтом жазып, аны тийиштүү кызматка тапшырат. Ал кылмыш иликтөөчү кызматкер, ыкчам кызматкер, участкалык милиция кызматкери болушу мүмкүн. Алар тергөөчүнүн токтомун алып күбөгө келишет да минтип айтышат: «Мына токтом, сизди биз азыр тергөөчүгө алып барабыз» дейт.

Иш жүзүндө кандай болду? Опумбаев айтып отурат, «тергөөчү күбөнү күч менен алып келүүнү УКМКга тапшырды» деп. Муну мен дегеле элестете албайм. Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү кантип башка күч түзүмүнүн атайын кызматына тергөө тапшырмасын аткарууну милдеттендире алат? Ойго келбеген, мүмкүн эмес нерсе, эмне деп айтса да жараша берет.

«Азаттык»: - УКМКнын атайын бөлүгү сиз Кыргызстандын Коопсуздук министрлигин жетектеп турганда түзүлгөн. Анда ал түзүм башкача аталчу. Атайын түзүм кандай максатта түзүлгөнүнө токтоло кетсеңиз.

Ф. Кулов: - Эгемендикке жетишип, өз алдыбызча болгондо өзүнчө бир түзүмдөрдү ачуу зарылдыгы келип чыкты. Мен атын айтпай эле коёюн, мурда ар кыл түзүмдөр ал кездеги борбор Москвада көп болчу. Анын баарын айтып отурбайын. Бизде деле айрым түзүмдөр бар болчу, бирок ал жетишсиз эле. Атайын түзүм азганакай кызматкерлерден турган «Альфа» тобу болчу, жаңылбасам 8 кызматкерден турган топ, алардын максаты таптакыр башка эле. Алар кээде кайсы бир кылмышка шектүү адамдарды кармоого ыкчам кызматкерлерге жардам беришчү - ушул эле.

Мени кызматка дайындагандан кийин баарын иликтеп көрүп, бир топ маселелерди чечүү зарыл экенин билдик. Мисалы, чакан тышкы чалгын бөлүмү бар эле, биз аны Тышкы чалгын боюнча биринчи башкармалык деп түзгөнбүз. Коопсуздук кызматын жетектеген кезде жаңы түзүмдөрдү уюштуруу зарылдыгы чыкты. Террорчулукка каршы «Калкан» («Щит») борборун түзгөнбүз. Мени болсо отургузушуп, аны «Альфа» деп атап коюшту, бул эми маанилүү деле эмес. А бирок анын негизги милдети калды - террорчулукка каршы күрөш. Алар курчушту, жаштарды Орусияга, АКШга, Европа өлкөлөрүнө, Түркияга окууга жөнөткөм. Алар мыкты даярдыктан өтүшкөн. Террорчуларды кармоо, жок кылуу боюнча милдеттерди аткарышат.

(Маектин кыскартылган тексти. Толугу менен бул жерде).

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (15)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG