Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:54

Жаштарды сүрмө топко сүмбөлөгөн саясат


Кой-Ташка жакын жердеги нааразылык акциясы. 8-август, 2019-жыл.
Кой-Ташка жакын жердеги нааразылык акциясы. 8-август, 2019-жыл.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурундагы аракеттерде жана андан кийинки Бишкек шаарынын борбордук аянтына чейин жеткен көчө жүрүштөрүндө мыйзам бузду деп кармалгандардын басымдуу бөлүгү жаштар болгону, арасында өспүрүмдөр да экендиги кабарланууда.

ИИМ кармаган адамдардын төртөөнүн бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту 10-августта карап, аларды эки айга камады. Эгер алардын күнөөлүү экени аныкталса 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылаары айтылууда. Калгандары тууралуу так маалымат бериле элек. Эл аралык ЮНИСЕФ уюму саясатка жаштарды аралаштыруудан оолак болууга чакырды.

Маалыматтарга караганда кармалгандардын иштери Ички иштер министрлигинин Чүй облустук, Бишкек шаардык башкармалыктарынын райондук бөлүмдөрүндө каралып жатат. Биринчи май райондук сотундагы жараяндарга катышып жаткан адвокат Эмилбек Муратов мындайча маалымат берди:

«Мен бул жерде мамлекеттик кепилдик берилген адвокат катары катыштым. Аларга «автоунааны талкалады, башкы стратегиялык имараттын жанында жүргөн, айрымдары милиция кызматкерлерине кол көтөрүп, куралын тартып алууга аракет кылган» деген айыптар коюлууда. Коюлуп жаткан күнөө кылмыштын оор категориясына кирет. Ошон үчүн мындай учурда камакка алуу колдонулат. Экинчиден тергөө тарабынан да кармалгандардын аты-жөнүн такташ кыйын. Жашаган жеринен такташ керек. Кармалгандардын айрымдарынын паспорттору да жок. Балдар коюлган айыптарды мойнуна алышкан жок. Эгер алардын күнөөлүү экени аныкталса 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат».

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Улан Жумаков мурдараак «Азаттыкка» баш калаанын төрт райондук милиция бөлүмдөрү башаламандык уюштурган, талап-тоноо уюштурууга аракеттенген деген шек менен 40 кишини камакка алганын билдирген:

«Кармалган балдардын арасында жашы жете электер жана мурда кармалып көзөмөлдө тургандар да бар. Жалпысынан 40 бала. Азыр алардын аты-жөнү такталып жатат».​

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Гуля Алманбетова «Азаттыкка» 8-август күнү Көк-Жардагы кагылышууда 29 автобус талкаланганын маалымдады:

Гуля Алманбетова.
Гуля Алманбетова.

«Жаш балдар, жигиттер Ала-Тоо аянтындагы 84 темир коргонду, жаңы таштанды контейнерлерди сындырып кетишти. Күндүзү жол тосуп, Көк-Жарда милиция кызматкерлерин ташып бараткан автобустарга «Молотов коктейлин» жасап ыргытышты. Таштарды чогултуп алып ыргытышты. Автобустардын дөңгөлөктөрү жарылып, терезелери, күзгүлөрү, ичиндеги отургучтары, айдоочу отурган бөлүктүн системалары да талкаланыптыр. Жалпысынан 100 миң сомдон ашык каражат чыгым болду. Муну биз шаарды өнүктүрүүгө жумшасак болмок».

9-августта Маалымат технологиялары жана байланыш комитети калаанын үч көчөсүнүн кесилишиндеги видеобайкоо камералары талкаланганын билдирди. Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөндүн ээси жаалданган топтордун мындай кадамын жапайычылык катары баалады.

«8 камера турган, бирөө калыптыр. Бул да сынып иштебей калган окшойт. Мунун баары элдин коопсуздуу үчүн коюлган да. Кыргызстан үчүн, эл үчүн канча деген миң сомдорго коюлду эле», – деди Бишкек шаарынын тургуну Адилет Саматов.

Мындай мыйзамсыз аракеттер үчүн айыпталып жаткандардын дээрлик басымдуу бөлүгү жаштар экендиги айтылууда. Бишкек шаардык, Чүй облустук ички иштер башкармалыктары тараткан маалыматтарга караганда, 9-августка караган түнү Атамбаевдин тарапкери деген 500-600дөй жаалданган киши Кой-Таш айылынан Бишкекке жөө келген. Алар жолдо автожолдорду тосуп, коопсуздук камераларын сындырып, жай тургундарды коркутуп-үркүткөн.

Кой-Таш операциясы: сүрөттө калган ирмемдер

Беш-Күңгөй айылындагы милиция бөлүмү да Атамбаевдин жаалданган тарапкерлери тарабынан өрттөлгөнү айтылууда. Милиция ошол себептен аларга карата көздөн жаш агызчу газ каражаттарын, кулак тундуруучу жардыргычтарды колдонгон. Мындай ыкма түнкүсүн борбордук Ала-Тоо аянтында топтолгондорду таратыш үчүн да колдонулган.

7-апрель жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги талкаланган видеобайкоо камерсы. 9-август, 2019-жыл.
7-апрель жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги талкаланган видеобайкоо камерсы. 9-август, 2019-жыл.

Кой-Таш аймагында ызы-чуу башталган 8-августта күндүз эле Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн боюндагы айрым соода борборлору жабылып, соодагерлер товарларын чыгарып кетишкени маалым болгон.

Өзүн Абдыразак деп тааныштырган соодагер түнү бою дүкөнүн кайтырып чыкканын айтты:

«Жалпы эле жеке ишкерлерге зыян болду. Коркуп түнү менен укташкан жок. Баарыбыз бул жакта түнү менен эле кайтарып жүрдүк. Чагым болду окшойт. Жаштарга айтат элем, чагым болсо да мындайга барбаш керек. Митинг болсо да мыйзам чегинде болушу керек».

Анткен менен азырынча соодагерлердин товарлары, жеке менчик жайлар талкаланганы тууралуу маалымат жок.

Абдрахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде 8-августтүн түнүндө башаламандыкка шектүү катары кармалган Азамат атуу жигиттин атын атагысы келбеген достору буларды айтышты:

«Жумуштан кеч чыгат, кечки саат 11:00, 12:00лер чамасында чыгып, токтоткон машинесине баратканда эле башкаларга кошулуп кармалып калыптыр. Машинеси ошол бойдон турат. Биз анын ачкычын да ала албай жатабыз. Кандай айып коюлганын да билбейбиз. Бизде так маалымат жок».

Жаштарды саясий максатка колдонуу туура эмес

Ал эми дагы бир шаар тургуну 21 жаштагы Бексултан Данилбек уулу жаштар саясаттын колунда оюнчук болуп жатканына кейиди:

«Мен саясатты жакшы түшүнбөйм. Аны түшүнгөн адамдар алектенип жатат. Мага окшошкон жаштар түшүнүп-түшүнбөй эле көчөгө чыгып, алардын колунда куурчак болууда. Жөнөкөй жарандар, айрыкча жаштар өзүбүздүн оюбуз болушу керек».

Адистер мындай жаалданган топторго оргу-баргы адамдар тартыларын айтышууда. Психолог Акчач Жолдошева алардын өзгөчөлүгүн чечмеледи:

«Айрым кишилер, айрыкча жаш балдар өзүнүн сезимин жакшы башкара албайт. Алар ызы-чуу чыккан жерге кызыгып барышат. Ал эми сүрмө топтун өзүнүн адамдын агрессиясын күчөткөн жугуштуу касиети бар. Мындай окуяларды көргөн чоңдордун, жаш жигиттердин, балдардын баарында агрессивдүү мүнөз калыптанып калат. Ошол агрессиясын башкара албаган адамдарды топторго тартышат. Анткени алар ызы-чуу чыгарып, башкалардын көңүлүн өзүнө буруп, башкара да алат. Мындай топторго атайын агрессиясы күчтүү адамдар тандалып алынып, пайдаланылат. Жаштар ошого алдырып коюшат».

Ал арада ЮНИСЕФ Кыргызстандагы кырдаал боюнча көз карашын билдирип, акыркы окуяларда бир катар адамдар, анын ичинен жаш балдар жабыркап, зордук-зомбулукка кабылганына тынчсызданып жатканын маалымдады. Уюм балдарды жана өспүрүмдөрдү саясий максаттарда колдонууну токтонууну талап кылды.

ЮНИСЕФ кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантып, Кыргызстандагы бардык балдардын укуктарын коргош үчүн өкмөттү, жарандык коомду жана башка өнөктөштөрдү колдой тургандыгын билдирди.

8-9-августта массалык акцияларга тиешеси бар деп ИИМ кармаган шектүүлөрдүн ичинен Биринчи май райондук соту төрт кишини эки айга камады. Аларга ээнбаштык жана бирөөнүн мүлкүнө кол салуу боюнча айып коюлууда. Камалгандардын катарында КСДПнын мүчөлөрү Фарид Ниязов, Алга Кылычов, Амантур Жамгырчиев, Кыяз Смайлов бар. Буга чейин сот УКМКнын камагында отурган Алмазбек Атамбаевди 26-августка чейин камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарган. Камалгандардын тарапкерлери коюлган айыптарды мыйзамсыз деп жатышат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурундагы кагылышууда кырктан ашык киши жабыркаган. Күч түзүмдөрүнүн бир офицери курман болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG