Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:12

«Баштыкгейт» Асановдун жардамчысын каматты


Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

«Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда мыйзам бузду» деп иштен бошотулган, ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун айланасындагы окуялар өнүгүүдө.

Курсан Асановдун жардамчысы Дамирбек Пайзылда уулу 24-августта кармалды. Аскер прокуратурасы аны Асанов менен бирге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыптап жатат. Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Наргиза Куватова Пайзылда уулуна козголгон кылмыш ишинин чоо-жайын «Азаттыкка» айтып берди:

Наргиза Куватова.
Наргиза Куватова.

«Аскер прокуратурасы ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асановдун мыйзамсыз аракеттери боюнча жазык ишин тергеп жатат. Ошол иштин алкагында Атамбаевдин тарапташтарына мыйзамсыз өткөрүлүп берилген буюмдар, документтер боюнча шектүү катары Пайзылда уулу Дамирбек кармалды».

25-октябрда болсо Дамирбек Пайзылда уулунун бөгөт чарасын Биринчи май райондук соту карап, 23-октябрга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо жөнүндө чечим чыгарды.

Башкы прокуратура Асановдун жардамчысы Атамбаевге таандык кандай буюмдарды жана эмне болгон документтерди анын тарапташтарына өткөрүп бергенин тактай элек.

Дамирбек Пайзылда уулу - ИИМдин атайын багыттагы полкунун кызматкери. Ал Асановдун айдоочусу жана жансакчысы катары иштеп келген. 8-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда Кой-Таш айылына Асановду коштоп барган.

Буга чейин Интернетке жайылтылган айрым маалыматтарда Курсан Асанов Атамбаевге таандык деген баштыкты дал ушул Пайзылда уулуна бергени айтылган эле. Бирок Асанов жана Атамбаевдин тарапташтары мындай маалыматтарды четке кагышкан болчу.

Айрым адвокаттар Дамирбек Пайзылда уулу суракка чакырылып, кармалган соң ага басым жасалганын айтып чыгышты. Бул жөнүндө Асанов да 26-августта үн катты. Ал адвокаты Таалайгүл Токтакунова аркылуу тараткан билдирүүсүндө Пайзылда уулунан өзүнө каршы көрсөтмө алуу аракети болуп жатканын билдирген.

Таалайгүл Токтакунова.
Таалайгүл Токтакунова.

«Курсан Асанов жардамчысынын кармалышын аябай өкүнүү менен кабыл алды, - деди Токтакунова. - Ал 7-8-августта катардагы жөнөкөй кызматкерлер жарадар болгонуна карабай акырына чейин туруп, өз милдеттерин жогорку деңгээлде аткарганын айтып жатат. «Дамирдин духу күчтүү, аны сындырып, ага каршы жасалма көрсөтмө алууга аракет кылып жатышса, мындай аракеттер ишке ашпай турганына көзүм жетет» деди».

Курсан Асанов 13-августта кызматтан алынган эле. Ага Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын саткан жана ишенимден кеткени аныкталды» деп чыгарган чечими себеп болгон.

Ошондон кийин Аскер прокуратурасы Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен кылмыш ишин козгоп, үйүн тинтүүгө алган.

Бул ишти Курсан Асановдун адвокаты Икрамидин Айткулов ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин жеке кызыкчылыгы менен байланыштырган болчу. Министр менен анын орун басарынын атаандаштыгы жөнүндө сөздөр абдан көп талкуу жараткан. Көп өтпөй адвокат Айткуловдун өзүнө карата да алдамчылыкка байланыштуу иш козголгон.

Асановдун айланасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышынан тартып азыркыга чейинки дал ушундай чиеленишкен окуялар ага карата басымбы же артынын көп сөз ээрчиген генералдын мыйзамсыз иштерин аныктоо максатыбы?

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековдун айтымында, акыркы кырдаал Ички иштер министрлигиндеги маселелердин баарын ачыкка чыгарды.

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

«Асановго жана аны жансакчысына карата аракеттер - жеке кектөө менен чектөөнүн, Ички иштер министрлигиндеги ирип-чирип бүткөн интриганын финалы. Мындай тирешүү жөнүндө мурда эле айтылып келген. Бул министрликти жетектеген үч генералдын ортосундагы тиреш акыр-аягы ушуну көрсөтүп жатат. Азыр эми токтоно албай калып бири-бирине кылмыш ишин козгоого өтүштү».

Ал эми саясат талдоочу Орозбек Молдалиев бул кырдаалды саясатташтырбай мыйзамдуу жол менен иликтеш керек деген пикирде.

«Бул жерде керкисинде да, кемигинде да бар дей турган учур, - деди ал. - Дал ушундай операция жүрүп жаткан учурда буйрукка баш ийбей, «өз алдынча аракет кылам» дегени туура эмес болгон. Андан соң сырдуу баштык боюнча маалымат чыгып атат. Ал эми болгонбу же болгон эмеспи, териштирилет. Бирок дал ушундай, көп адамдарды тобокелге салган операция жүрүп жатканда мындай иштердин болушу абдан туура эмес. Эми бул көрүнүш териштирилиш керек».

53 жаштагы Курсан Асанов акыркы сегиз жылда ички иштер министринин орун басары болуп эмгектенип келген. Ага карата коомчулукта Ош окуясынын учурунда жакшы баа берилсе, ошол эле учурда кызмат абалынан пайдаланып мыйзамсыз иштер менен алектенген деген маалыматтар да ачык булактарда жайылтылып келет. Асанов алардын баарын четке каккан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG