Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Чек ара маселеси жана эл аралык уюмдар


Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрү. 17-сентябрь, 2019-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрү. 17-сентябрь, 2019-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы атышуу эксперттер арасында да кызуу талкууга жем таштады. Алар акыркы окуя эл аралык уюмдардын кийлигишүүсүн шарттап жатат деп эсептешүүдө. Жергиликтүү адистер эки өлкө ортосундагы чек ара талашка үчүнчү тараптын кийлигишүүсүнөн майнап чыкпайт деген көз карашта.

Кыргызстан менен Тажикстан Жамааттык Коопсуздук боюнча Келишим Уюмунун (ЖККУ) жана Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) мүчөлөрү болуп эсептелет. Ушундан улам айрым чет өлкөлүк маалымат каражаттары бул чатактагы Орусиянын ролу тууралуу кеп салып, ал тургай айрымдары ЖККУнун натыйжалуулугунан бир катар адистер күмөн санап жатышканын жарыялашты.

Орусиядагы «КоммерсантЪ» гезити «Миномёттордун дипломатиясы» деген макала жарыялап, анда Орусия бул чатакта өз ара аракеттенүүнүн альтернативалуу форматтарын издеп жатканын жазып чыкты.

Азырынча сөз болуп жаткан уюмдардын өкүлдөрү да, алардын расмий органдары да кыргыз-тажик чек арасындагы чатак боюнча үн ката элек. Аларга Кыргызстан же Тажикстан бул боюнча кайрылганы тууралуу да маалымат жок.

Эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусунда чек араны тактоо иштерин тездетүү макулдашылганы айтылганы менен, анын чоо-жайы ушул күнгө чейин белгисиз. Буга чейин президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмондун жолугушуусу да басма сөздө эки өлкөнүн чек ара маселесин чечүүгө арналганы айтылган менен, анда тараптар кандай чечимге келишкени ачык айтылган эмес.

Ушундан улам айрым саясат талдоочулар тараптарды тынчтыкка чакыруу боюнча алар кирген эл аралык уюмдар өз ролун көрсөтө алмак деген ойдо. Борбор Азиядагы саясий маселелерди талдап жүргөн Аркадий Дубнов ушундай оюн ортого салды:

Аркадий Дубнов.
Аркадий Дубнов.

«Бул татаал маселе. Чындыгында эки өлкө тең Орусия жетекчилик кылган ЖККУга мүчө. Эки өлкөдө тең Орусиянын аскер базасы жайгашкан. Кыргызстандын жана Тажикстандын көптөгөн жашоочулары орус аскерлери эки өлкөнүн коопсуздугуна кийлигишүүсү керек деп ойлошот. Бул туура эмес көз караш. Анткени ЖККУнун уюмга мүчө болгон өлкөлөр ортосундагы жаңжалга кийлигишүү мандаты жок. Уюмдун милдети - сырткы коркунучтардан коргоо. Бирок экинчи жагынан караганда, тараптар менимче согуш болуп кетүү коркунучу бар азыркы кырдаалда, БУУ сыяктуу тынчтыкка мажбурлай турган кандайдыр саясий чечимдерди кабыл алууга мажбурлап жатышат. Ошондуктан ЖККУнун чукул жыйынын чакыруу боюнча маселе көтөрүү зарылдыгы турат деп эсептейм. Ошол жерде эки өлкөнүн башчылары саясий чечимдерди ишке ашыра албай турган болсо, анда аны ишке ашырыш үчүн кандайдыр бир чечимдерди кабыл алууга аргасыз болот. Анткени ЖККУ аскердик-саясий блок болгондуктан бул окуя Бишкек менен Дүйшөмбүгө эле эмес, биринчи кезекте Орусияга көлөкө түшүрөт. Анын үстүнө Орусия - дүйнөдөгү лидер өлкөлөрдүн бири, коопсуздук гаранты катары көрүнүүгө аракет кылып келатат. Анын ичинде ошол өлкөдө жашаган орус тилдүү жарандар үчүн. Алардын айрымдары Орусиянын жарандары».

Ушундан улам бул уюмдардын өз мүчөлөрүнүн ортосундагы чыр-чатактарды жайгаруу жаатындагы натыйжалуулугуна байланыштуу бир катар суроолор келип чыкты. ЖККУ менен ШКУнун бул багыттагы башка уюмдардан айырмасы кандай?

ЖККУ жаңыдан түзүлгөндө бир катар адистер аны Түндүк Атлантикалык Келишим Уюмуна (НАТО) альтернатива катары баалашкан. Бирок НАТОго мүчө болгусу келген мамлекет коңшулары менен чек ара жагынан көйгөйү жок болгон шартта гана кабыл алынат. Мындан тышкары, НАТО дегеле өзүнө кирген мамлекеттердин ортосундагы карама-каршылыктарды жөнгө салмайынча мүчөлүк маселесин чечүүгө шашылбайт. Акыркы мисалдарды алсак, Түндүк Македониянын аталышындагы талашты жөнгө салууга Афины менен Скопьенин дал ушул уюмдагы мүчөлүгүнө жолтоо болчу жагдайларды жоюу зарылдыгы себеп болгону айтылган.

НАТОнун уставынын 5-беренесине ылайык уюмдун катышуучуларынын бирине кол салуу алардын баарына кол салуу катары бааланат. ЖККУнун 4-беренеси да ушуга үндөш. Бирок НАТОдон айырмаланып, ЖККУга кабыл алына турган мамлекеттерге карата коңшулары менен жер талашы болбосун деген талап башынан бери эле коюлган эмес. Жалаң мурдагы советтик республикалардан турган бул уюмдун мүчөлөрүнүн ортосундагы чек ара маселелери негизинен Борбор Азия аймагына тиешелүү. Атап айтканда, Кыргызстан бул уюмда мурда мүчө болгон Өзбекстан менен да, азыркы мүчөсү Тажикстан менен да чек ара маселеси чечиле элек.

Чек ара иштери боюнча тажрыйбалуу адис Саламат Аламановдун айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы чек ара талашына үчүнчү тарап өз алдынча кийлигише албайт. Ал чек арадагы маселени чечүүнүн эки жолун айтты:

Саламат Аламанов.
Саламат Аламанов.

«Чек арага байланыштуу чатакка барган эки мамлекет макул болбосо бул маселеге үчүнчү тараптар кийлигише албайт. Үчүнчү тарапты талкууга катыштырыш үчүн сөзсүз эки өлкө макулдугун бериши керек. Дүйнөлүк практикада да эки тараптын биргелешкен келишими жок башка өлкөлөр ал маселеге кийлигише албайт. Ал эми чек ара маселесин чечүүнүн эки эле жолу бар. Алар: жерлерди баалап туруп айырбаштап алмашуу же макулдашууга жетише албай жаткан жерлерди бөлүшүү. Талаштуу чек ара маселелерин чечүүдө жыйынтык берген ушул эки эле жолу бар».

ЖККУ буга чейин 2010-жылы да Кыргызстанда болгон улут аралык чатакты жөнгө салууга түздөн-түз кийлигишүүдөн баш тартып, окуядан өзүн оолак кармаганы белгилүү.

Шанхай Кызматташтык Уюму да башында чек арадагы ишеним чараларын максатында түзүлгөнү айтылганы менен, ушул күнгө чейин бул өңдүү чыр-чатактарга кийлигишкени байкала элек. Буга чейин аталган уюмдун мүчөсү болгон Индия менен Пакистандын чек ара чатагы сырткы кийлигишүүсү жок эле өнүгүп келатат.

Эске сала кетсек, 16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда атышуу болуп, эки өлкөнүн төрт аскери курман болду.

Кыргыз тарап чырга 14-сентябрда Тажикстандын жарандары Лейлек районунун Максат айылы менен чектешкен Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогуна, тактала элек аймакта курулуш ишин баштаганы себеп болгонун билдирген.

Тажикстан болсо кыргыз тараптын аракеттерине нааразылыгын билдирип, «такталбаган чек ара тилкесинде объектилерди сала баштады» деп айыптап жатат.

17-сентябрда кыргыз-тажик өкмөт башчылары жолугушуп, чек араны тактоо иштерин күчөтүү жана топтолгон маселелерди жоюу боюнча сүйлөштү.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG