Линктер

дүйшөмбү, 14-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 14:30

Чек арадагы чыр эски жараны козгоду


Баткен, Максат айылы. 17-сентябрь, 2019-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан кийин кыргыз президенти чукул кеңешме өткөрүп, премьер-министр баш болгон кызмат адамдары Баткенге барышты.

Андан бир күн мурда эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери телефондон кырдаал тууралуу сүйлөшкөн. Ал эми чек арага жакын жашагандар бийликтин окуяга кеч реакция кылганын сынга алышууда. Айрымдары «Буга чейин кыргыз жана тажик президенттери эмнени талкуулашкан?» деген суроону кабыргасынан коюшту.

Чек ара сызыгы керекпи?

Кыргыз-тажик чек арасында болгон кандуу окуядан кийин кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков 17-сентябрда жумушчу кеңешме өткөрдү. Ага бир катар жооптуу кызмат адамдары катышты.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Сооронбай Жээнбеков кырдаалды жөнгө салуу эл аралык укуктун алкагында жана тажик президенти Эмомали Рахмон менен мурда жетишилген келишимдин негизинде жүргүзүлүшү керек экенин белгилеген.

17-сентябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна барды. Ал Лейлек районундагы Максат айылынын жашоочулары менен жолуккан учурда чек ара маселеси чечиле турганын, сүйлөшүү процесстери улантыларын кошумчалады:

«Жакында Кыргызстандын президенти Тажикстандын президенти менен жолугуп, «тынч, тез арада маселени чечели» деди. Азыр чек ара маселеси боюнча адистердин бардыгын күчтөп жатабыз, билген адистерди ишке коюп жатабыз. Өзгөчө Баткенде, түштүк жергесинде жашаган биздин жерлерибизди, элдин жашап жүргөн шартын билген адамдардын бардыгын коюп жатабыз. Губернаторду баш кылып, Жеңиш Разаков менен маселелерди чечүүгө келдик. Сүйлөшүү процесстерин күчөтөбүз. Тез аранын ичинде, өзгөчө шахмат сымал жашаган жерлерди кандай чечебиз деген маселени коёбуз».

Абылгазиев Максаттын тургундарына жолукту
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:33 0:00

Эскерте кетсек, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон ушул жылы июль айында жолугуп, чек ара боюнча бир пикирге келгени кабарланган.

Бирок бул сүйлөшүүдөн эки ай өтпөй кан төгүлгөнү коомчулукта күмөн саноону күчөттү.

Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов эки өлкөнүн президенттери жакында гана жолукканына карабай чек арада чыр чыкканын сынга алды. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы атышууга себеп болгон жагдай терең иликтенип, күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек экенин билдирди.

«Эки өлкөнүн президенттери эң жогорку деңгээлде жолукканда «эми ушуну менен чек ара маселеси чечилет» деген үмүт пайда болгон. «Чек ара эки тараптын тең кызыкчылыгын коргоо менен, укуктук талаада чечилет» дегенде баарыбыз сүйүнгөнбүз. Ошого карабай учурдагы окуялар болуп жатат. Болгондо да оор куралдар колдонулуп, өлүмгө чейин алып келди. Бул эмне деген көрүнүш? Эки президенттин сөзүнүн да мааниси жокпу?», - деди Айжигитов.​

Ал эми саясат таануучу Эмилбек Жороев эки президенттин буга чейинки жолугушуусу оң чечилгенде, кырдаал мынчалык курчумак эмес деген оюн айтты:

Эмилбек Жороев.
Эмилбек Жороев.

«Коомчулукта «эки президенттин сүйлөшкөнүн, кол алышканын жергиликтүү бийлик, жашоочулар урматтабайт турбайбы» деген ой пайда болушу мүмкүн. Бирок биз чыныгы сүйлөшүү кандай болгонун билбейбиз. Ворух менен Исфарада, Чолпон-Атада сыйда, супсак сүйлөшүү өткөндөй элес калтырган. «Так, конкреттүү бир чечимге келдик, мындай варианттарга токтолдук» деп айтышкан эмес. Ушундан улам жолугушууда маселе чечилбей калганбы, балким калың элден жашырган пикир келишпестик да болгон окшойт деген ой келет. Болбосо, тажик тараптын борбордук бийликтин макулдугун албай туруп мындай иш-аракеттерге барышы мүмкүн эмес».

Жороевдин пикиринде, чек ара маселеси курч жерде бийлик өзгөчө кыраакылык менен иш алып барып, кырдаалды жайгарууга ыкчам аракет кылышы керек.

«Баткен облусунда чек ара жаңжалдары бат-бат болуп турган көрүнүшкө айланып калды, - деди ал. - Соңку кырдаалда Бишкектеги бийликтин аракет кылбаганы чеки иш болду. Тажик тарап жергиликтүү бийлик менен байланышка чыкпай жатканын ЖМКдан окуп жаттык. Албетте, бул маселени чечүү оңой болбосо керек. Бирок ошондой учурда эрте кыймылдап, эрте чечкенде окуя мынчалык курчумак эместир. Кандай болгон күндө да чечкиндүү кадамга барбаганы бийлик үчүн кечиримсиз иш».

Чек арадагы соңку кырдаал
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:47 0:00
Түз линк


Эмилбек Жороев чек ара маселесин атышып чечкен доор өткөнүн, эки тарапка тең диалогдун башка формасын издөө зарылдыгын белгиледи.

Ал эми Баткен облусунун мурдагы жетекчиси Султанбай Айжигитов чек араны делимтация жана демаркациялоо иштери узакка созуларын, андыктан убактылуу «чек ара сызыгы» деген түшүнүктү киргизе туруу зарыл экенин белгиледи:

Султанбай Айжигитов.
Султанбай Айжигитов.

«Бардык жаңжал чек ара сызыгы жоктугунан болуп жатат. Тажикстан менен 45% чек ара сызыгы жок. Анын айынан маселе укуктук талаада эмес, түшүнүксүз эле кырдаалда талкууланып жатат. Линия жок болгондон кийин ким эмнени бузганы, кантип бузганы белгисиз бойдон кала берет. 1992-жылдагы Алматы, Минск макулдашуусу боюнча союздук республикалар чек ара сызыгын моюнга алышкан. Ошол келишимдин негизинде тажик тарап менен сүйлөшүп, убактылуу чек ара сызыгы деген түшүнүктү киргизип коюш керек. Ошол жерге чек ара белгилерин коюп, эң татаал жерлерине зым тартуу зарыл. Андан кийин делимитация жана демаркация маселесин 20-30 жылдап чече берсин. Өзбекстан убагында чек араны ошентип тосуп койгон. Азыр тынч, сүйлөшүү жолу менен чечип жатышат».

Чек арадагы кырдаал

17-сентябрда Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Сухроб Олимзода Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Ага тышкы иштер министринин биринчи орун басары Уран Ниязалиев нота тапшырды.

Лейлек районундагы Максат айылында чыр чыкканы 14-сентябрда белгилүү болгон. Анда тажик тарап чек арага жакын такталбаган төрт тилкеге курулуш ишин баштоого аракет кылганы айтылган. Кыргыз тарап бул 2014-жылкы эки тараптуу макулдашууга каршы келери жана курулуштар мыйзамсыз жүрүп жатканын эскертип, тажик тарапка расмий билдирүү берген.

Ошол эле кезде Тажикстан кыргыз тарап Исфара менен Ворух анклавын байланыштырган жолго көзөмөл өткөрмө бекетин курганы жатканын жүйө келтирди. Алардын айтымында, кыргыз тарап курулуш иштерин баштоо үчүн төрт вагон да орноткон.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон. Кыргызстандын чек ара кызматы жаңжалда тажик тарап биринчи болуп ок атып, минометтон аткылаганын билдирген.

Маалыматка ылайык, тажик тарап Лейлек районундагы Максат айылындагы чек ара бекетин, андан соң Сай айылындагы бекетти аткылаган.

Атышуудан кыргызстандык бир чек арачы курман болуп, 13 адам жарадар болгон.

17-сентябрда Баткендеги Максат айылынын атышуудан жараат алган алты тургуну, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрт кызматкери Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна жеткирилди. Дагы үч чек арачы абалы оор болгондуктан Лейлектин аймактык ооруканасында калтырылды.

Чек арада жабыркагандар Бишкекке жеткирилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:22 0:00

Ал эми Тажикстандын чек ара күчтөрү 16-сентябрда чек арадагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун ырастады. «Азаттыктын» тажик кызматы бул маалыматты 17-сентябрда Согди облусунун акиминин басма сөз катчысы Музаффар Юнусов ырастаганын жазды.

Юнусов телефондон маалымат берип, каза болгондордун бирөө полковник, экөө катардагы жоокер экенин айткан. Алар: Овчи-Калача өткөрмө жайынын жетекчиси Рустам Убайдуллоев (35 жаш), Рамазон Исломов (21 жаш) жана Гиёсиддин Суванов (19 жаш).

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (125)

XS
SM
MD
LG