Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Жээнбеков: Чек ара маселеси эки элдин кызыкчылыгын эске алуу менен жүргүзүлөт


Сооронбай Жээнбеков менен Эмамоли Рахмондун сүйлөшүүлөрү 27-июлда Чолпон-Ата шаарында уланды.
Сооронбай Жээнбеков менен Эмамоли Рахмондун сүйлөшүүлөрү 27-июлда Чолпон-Ата шаарында уланды.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөшүүсү бүгүн, 27-июлда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында уланды.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Жээнбеков Рахмондун Кыргызстанга келиши өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдештирүүгө кошумча түрткү болуп жатканын билдирген.

"Биз кыргыз-тажик чек арасын делимитиациялоо процессин тездетүү боюнча бир пикирде экенибизди көрсөттүк. Чек ара боюнча ишти “жөнөкөйдөн татаалга карай”, өз ара урматтоо принциптерин карманып, бири-бирибиздин кызыкчылыктарды эске алуу менен жүргүзүүнү макулдаштык”, - деди Жээнбеков.

Мамлекет башчынын белгилешинче, регионалдык жана эл аралык көйгөйлөр, анын ичинде Кыргызстан менен Тажикстан маанилүү роль ойногон региондогу суу-энергетикалык маселелер боюнча пикир алмашуу болгон. Жолугушууда Жээнбеков Кыргызстан сууну пайдалануу проблемасына глобалдык деңгээлде дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча Тажикстандын саясатын жогору баалай турганын жана колдой турганын айткан.

Тажик лидери болсо бул жолугушуу конструктивдүү диалогду улантууга жакшы мүмкүнчүлүк бергенин айтты.

"Биз Кыргызстан менен болгон тыгыз өз ара аракеттенүүнүн туруктуу өнүгүшүнө кызыкдарбыз, биздин өлкөлөр ортосундагы ынак кошуналык мамилелерди ырааттуу бекемдөөгө чоң маани беребиз. Тажикстан мындан ары карай Кыргызстан менен саясий диалогду бекемдөөгө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди тереңдетүүгө даяр экенин дагы бир жолу ырастайт”, - деди Эмомали Рахмон.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 26-июлда Кыргызстанга иш сапары менен келген.

Ушул эле күнү Сооронбай Жээнбеков Тажикстандын Исфара шаарына кыска мөөнөттүү иш сапары менен барган. Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы кесилишкен тилкеде Кыргызстандын жана Тажикстандын айылдык кеңештеринин коомчулугунун жана аксакалдарынын өкүлдөрү менен жолугуп, андан соң сүйлөшүүлөр Исфара шаарында уланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG